
УКМК адамдарды кыйноо менен алектенгендерди кармады
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкектеги “Путь в жизнь” реабилитациялык борборунун мыйзамсыз ишине байланыштуу бир нече жаранды кармап, камакка алды.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр адам өмүрүнө жана ден соолугуна каршы кылмыштардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттердин алкагында кармалган. Аталган реабилитациялык борбор жеке медициналык-психиатриялык мекеме катары аракечтик, баңгизатка жана башка зыяндуу заттарга көз каранды болгон бейтаптарды реабилитациялоого адистешкен жеке медициналык-психиатриялык мекеме катары иштеп келген.
Реабилитациялык борбордун кызматкерлери борбордун жетекчилигинин көрсөтмөлөрү менен жасалма психиатриялык процедураларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Бейтаптардын психологиялык абалы өтө оор кезде аларды тынчтандыруу үчүн адамгерчиликсиз ыкмаларды колдонуп, атайын даярдалган буту-колду таңуучу керебет, союл ж.б. кыйноочу аспаптардын түрлөрү, электр шокер, оозун жабуучу каражаттар жана башка буюмдар менен физикалык күч колдонуп, бейтаптарга орду толгус физикалык жана психологиялык зомбулук кылып келишкен. Жазанын кошумча чаралары катары баш ийбеген бейтаптарды караңгылатылган терезелер, тосмолору бар “изолятордук” бөлмөлөргө жайгаштырып, тышкы дүйнө менен байланышын чектешкен. Ал эми бейтаптардын жакындары борбордогу дарылоо ыкмалары тууралуу маалыматы болгон эмес.
Аталган кылмыш иштин бетин ачуу үчүн тартылган видеолор социалдык тармактарга таркатылып, коомчулукта кызуу талкууланууда. Шексиз түрдө адамдын жанына, ден-соолугуна зыян жеткиргендер жазаланууга тийиш.
Ошол эле учурда эске алышыбыз зарыл болгон маселе бар. Бул аталган кылмыш ишин ачып жаткан УКМК мекемесинде дааватчы мусулмандарга карата туруктуу түрдө жасалып келген кыйноолор. Анткени, УКМК кызматкерлеринин кылмыштары реабилитациялоо борборундагы кыйноолордон ашса-ашат, кем калышпайт. Маселен, “Freedom for Eurasia” уюму УКМК имаратында кыйноого алынган жарандар электр тогу менен урган шаймандар; пластикалык таяктар; муунтуу үчүн колдонулган желим пакеттер; жарым-жартылай сууга чөктүрүү үчүн колдонулган чоң суу идиштери аркылуу кыйноого алынышканын жазып чыкты.
Муну дааватчы бурадарлардын жакындары да тастыктап, токко тарттыруу, ур-токмокко алуу туруктуу түрдө колдонулуп келгенин айтып беришкен. Көпчүлүгүн катуу психологиялык басым алдында жасалма «күнөөлөрү» үчүн видео түрүндө «кечирим суроого» мажбурлашкан.
Даават жүгүн көтөргөн мусулмандарга карата мындай зулумдуктар Роббим Аллах дегени үчүн, Исламды үйрөнүп, башкаларга үйрөткөнү үчүн гана жасалууда.
Ушул орунда суроо туулат, жарандарды кыйноого алган борборлорду аныктоого жетишкен УКМК кызматкерлери өз мекемесиндеги кыйноолорду аныктай албайбы? Же имараттагы мусулмандардын токко тартылуудан улам кыйкырган үндөрү угулбай жатабы? Же болбосо, бул зулумдуктар ушул эле кызматкерлер тарабынан жасалгандыктан, көз жумулабы? Же зулумдук дааватчыларга жана Исламга карата жасалганы үчүн үн катпайсыңарбы?
Эгер бул кыйноолор реабилитациялоо борборундай эле жетекчилердин көрсөтмөсү менен болуп жатса билип койгула! Бийлик да башка дүйнө маталары сыяктуу эле “бүгүн бар да, эртең жок”. Аллах Таала айтат:
﴿وَتِلۡكَ ٱلۡأَيَّامُ نُدَاوِلُهَا بَيۡنَ ٱلنَّاسِ﴾
«Бул күндөрдү адамдар арасында айландырып турабыз» [3:140].
Ал эми, зулумдук жана коркутуу саясаты дааватчылардын Исламды жашоого кайтаруу эркин сындыра албайт. Алардын жүрөгүндөгү козголгон жалынын эч качан өчүрө албайт.
Аллах Таала залимдерди зулумдуктан кескин кайтарып, алардын акыбети оор болорун эскертүүдө:
﴿ولاَ تَحْسَبَنَّ اللَّهَ غَافِلاً عَمَّا يَعْمَلُ الظَّالِمُونَ إِنَّمَا يُؤَخِّرُهُمْ لِيَوْمٍ تَشْخَصُ فِيهِ الأَبْصَار﴾
«Сен «Аллах залим кимселердин кылып жаткан иштеринен кабарсыз» деп ойлобо! Аллах аларды(н жазаларын) көздөр (коркунучтан) катып кала турган (коркунучтуу кыямат) күнүнө гана калтырууда» [14:42].
Мумтаз Маверанахрий




