Роя гезити

Халифалык кулашынын 105 жылдыгында чечкиндүүлүк кайрадан жаңырып, үмүт улам артып баратат

Халифалык кулашынын 105 жылдыгында чечкиндүүлүк кайрадан жаңырып, үмүт улам артып баратат

Дүйнөлүк жаңылыктарды, анын ичинде Ислам өлкөлөрүнө тиешелүүлөрүн күзөткөн адам, сөзсүз түрдө келе турган чоң өзгөрүүлөрдү ашкерелеген олуттуу бурулуштарга күбө болуп жатканын көрөт. Мурдагыдай тынчтык же жарым-жартылай тынч абал мындан ары жок, тескерисинче, бул жаңылыктардын ыргагында дүйнө дээрлик кайнап жатат. Айрыкча Ислам үммөтүнө жана анын колонизаторлук менен болгон күрөшүнө байланыштуу жагдайлар муну даана көрсөтүп турат. Батыштын жана куфурдун Исламга жана мусулмандарга каршы чабуулдары барган сайын ырайымсыз болуп, өзүнүн эң жийиркеничтүү жүзүн Газа секторуна каршы согушта көрсөттү. Колонизаторлор тишин көрсөтүп, үммөттүн каршысына бир муштум болуп тизилгенине карабастан, үммөт аларды алсыратып, кыялдарын ураткан туруктуулук көрсөтүп тайманбастык менен каршы турду.

Америка мурдагыдай ойлоно албай калгандыгы көңүл бурууга арзый турган абал. Жаңы администрациясы дүйнөнүн “полициясы” же “жетекчиси” болуп аракет кылуунун маңызсыз экенин көргөндөн кийин, “Алгач Америка” жана “Американы кайра улуу кылалы!” деген ураандардын алдында ичкери чегинип, күчтүү адамдын логикасы менен мүмкүн болгон нерсенин баарын алууга умтулган өз кызыкчылыктарын гана көздөй баштады. Бул абал мурдагы президенти Жо Байденди: “АКШ эл аралык аренада жетекчилик ролун улантууга тийиш, бул ролдун алсырашынан кандай кесепеттер чыгарын эскертем жана Вашингтон дүйнөлүк жетекчилик позициясынан баш тартса, боштукту ким толтура алат?” — деп чакырык таштоого чейин жеткирди.

Жаңы администрациянын чөйрөсүндө Исламдан коркуу жана үрөй учурган сезим үстөмдүк кылып калды. Муну АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун Fox News телеканалына берген маегиндеги сөздөрүнөн да байкоого болот: “Дүйнө жүзүндөгү бардык радикал Ислам кыймылдары жалпысынан Батышты, өзгөчө Америка Кошмо Штаттарын, жер жүзүндөгү эң чоң жамандык катары көрүшөт”, — деди. Ошондой эле: “Радикал Ислам Ирак же Сириядагы бир аймакты көзөмөлдөө менен эле токтоп калбайт. Радикал Исламдын максаты дүйнөнүн чакан бир бөлүгүн ээлеп, кичинекей Халифалыгын орнотуу гана эмес экенин ачык далилдеди. Алар жайылууга умтулат. Бул кыймыл табияты боюнча революциялык, ал дагы көбүрөөк аймактарды жана элдерди башкарууну максат кылат”, — деп кошумчалады.

Ушул эле тынчсыздануу яхудий түзүмүнүн премьер-министри Нетаньяхуга да тынчтык бербей келет. Ал жакында мындай деп билдирди: “Мен, Жакынкы Чыгыштын жүзүн өзгөртөбүз деп көп жолу айткам жана биз муну чындап эле ишке ашырып жатабыз. Өкмөтүмдүн чечимдери жана туруктуулугунун аркасында Газа, Ливан, Сирия жана башка жерлерде «жамандык огун» талкаладык. Биз душманыбызды жакшы билебиз жана бул жерде же Ливанда Халифалык мамлекетинин болушуна жол бербейбиз, (израилдин) сакталып калышын камсыз кылуу үчүн иштеп жатабыз”.

Андыктан, яхудий түзүмү эки жылдан ашуун убакыттан бери Газа секторуна жана Батыш жээгине каршы ырайымсыз согушун жүргүзүп, ага бардык колонизатор жана куфр мамлекеттери кошулуп турган учурда, анын жамандыгы Йеменге, Сирияга, Ливанга, Иракка жана Иранга чейин жетип, ал бүткүл аймак боюнча аба үстөмдүгүнө ээ экенин, эң заманбап учактарга жана коргонуу программаларына ээ экенин мактанып айтып жатат. Ошондой эле Американын президенти Трамп да көзгө көрүнбөс учак жана ири бомба таштоочу учак менен мактанууда. Муну менен катар Европадагы мамлекеттердин башкаруучулары жана жетекчилери мусулмандарга каршы согуштан жана яхудий түзүмүн зулумдуктун жана кылмыштуулуктун бардык каражаттары менен камсыздоодон бир да көз ирмем тартынбады. Ошондой эле Россия менен Кытай Борбор Азияда, Крымда жана Чыгыш Түркстанда мусулмандардын канына батырууда. Ушундай зулумдукка, кылмыштуулукка жана текебердикке карабастан, алар өздөрү жакында сөзсүз ойгоно турган Исламдын кудуретинен коркуп турушат. Ошондуктан алар, мисалы, Шам аймагында жаңы сириялык өкмөт менен кызматташып, анын ойгонуп кетишине жол бербөө үчүн убакыт менен жарышып жатышат. Анткени үммөт дээрлик көзөмөлдөн чыгып кетчүдөй, ысык табактын үстүндө тургандай абалга келип калды.

Дал ушундай мусулман өлкөлөрүн каптаган коюу караңгылык артында зор үмүт жана жакынкы жеңилдик жашырылып турат. Бул Аллах Тааланын төмөнкү сөзүнүн ишке ашуусу үчүн:

﴿قَالَ مُوسَى لِقَوْمِهِ اسْتَعِينُوا بِاللّهِ وَاصْبِرُواْ إِنَّ الأَرْضَ لِلّهِ يُورِثُهَا مَن يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ وَالْعَاقِبَةُ لِلْمُتَّقِينَ﴾

«Муса коомуна (мындай) деди: «Алладан жардам сурап, сабыр кылгыла! Бул жер, албетте, Аллага ​Таандык. Аны өзү каалаган пенделерге мурас кылып берет. Акыбет-натыйжа болсо такыбаалардыкы (Алладан корккондордуку) болот». (Аъраф: 128).

Мусулмандар азырынча аларды көлөкөсүнө алып, чачыраган абалын жыйнаган Халифалыксыз, аны менен корголгон жана артында туруп согуш кылынган, аларга мээрим кылган имамсыз жашап келишсе да, алардын жашоого болгон өжөрлүгү жана Исламды бекем кармануусу үстөм келди. Муну Батыш жана колонизаторлор ачык сезишти. Анткени момундардын баштарына түшкөн сыноолор аларды улам бышырып, алсыратпаган, тескерисинче, күчүн жана бекемдигин арттырган соккуларга айланды. Мунун натыйжасында Аллах Тааланын төмөнкү сөзү ишке ашууда:

﴿وَلِيُمَحِّصَ اللّهُ الَّذِينَ آمَنُواْ وَيَمْحَقَ الْكَافِرِينَ﴾

«Ошондой эле Алла ыйман келтирген заттарды (күнөөлөрүнөн) арылтуу жана каапырларды кыйратуу үчүн (бул күндөрдү адамдардын арасында айландырып турат)». (Али Имран: 141).

Ошентип, Халифалык мамлекети кыйратылышынын 105 жылдыгы бизге үммөттүн жана даъватчылардын арасында исламий жашоону кайрадан баштоого болгон чечкиндүүлүк жаңырган, ошол эле учурда системалар кулап, элдин жана коомчулуктун көзүнөн абийирлери түшүп, Батыштын өзү менен өзү алек болуп, Чыгыш мамлекеттери менен болгон тирешүүсүнүн фонунда үмүт тереңдеп, өсүп жаткан шартка дал келүүдө.

Биз Аллахтын нусраты жакын жана ал сөзсүз келишине Аллахтын уруксаты менен терең ишенебиз. Аллах Таала айтты:

﴿أَمْ حَسِبْتُمْ أَن تَدْخُلُواْ الْجَنَّةَ وَلَمَّا يَأْتِكُم مَّثَلُ الَّذِينَ خَلَوْاْ مِن قَبْلِكُم مَّسَّتْهُمُ الْبَأْسَاء وَالضَّرَّاء وَزُلْزِلُواْ حَتَّى يَقُولَ الرَّسُولُ وَالَّذِينَ آمَنُواْ مَعَهُ مَتَى نَصْرُ اللّهِ أَلا إِنَّ نَصْرَ اللّهِ قَرِيبٌ﴾

«(Эй, момундар!) силерден мурунку өткөн заттардын өрнөгү силерге келбей туруп Бейишке кирүүнү ойлодуңарбы? Аларга балээ жана кайгы касыреттер катар-катар келе бергендиктен ыргылжың болуп калышты. Ал тургай, пайгамбар жана ыймандуу кишилер: «Акыры Алланын жардамы качан келет» – дей башташты. (Ошондо аларга) мындай жооп болду: “Билип койгула, албетте Алланын жардамы жакын». (Бакара: 214).

Роя гезити

Салахуддин Азаза

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн жетекчиси

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button