Комментарий
Trending

Дагы бир текебер технологиялык ири компания ар-намысыбызды шылдыңдап жатат

Дагы бир текебер технологиялык ири компания ар-намысыбызды шылдыңдап жатат

Жаңылык:

Түштүк-Чыгыш Азиядагы үч өлкө — Индонезия, Малайзия жана Филиппин — “Grok AI” колдонмосуна чектөөлөрдү киргизишти. Буга анын макулдуксуз сексуалдык мазмундагы контентти чыгаруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн деген кооптонуулар себеп болду. Индонезия аталган колдонмого карата убактылуу тыюу дагы эле күчүндө экенин жарыялады. Ошондой эле маселенин маңызын тактоо жана аны чечүү үчүн X компаниясынын жетекчилиги менен байланышканын билдирди.

Америкалык платформа жана анын негиздөөчүсү Илон Маск азыр терс реакцияларга туш болууда. Бул өнүгүү маанилүү бурулушту көрсөтөт: Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү жасалма интеллектти кабыл алууда артта калган абалдан чыгып, жасалма интеллекттин коопсуздугу, кибер зыяндар жана платформаларды башкаруу сыяктуу татаал тармактарда алдын ала жөнгө салуучу субъекттерге айланууда.

X платформасында жасалма интеллект аркылуу жылаңачтоо көрүнүшү 2026-жылдын январь айынын башынан бери олуттуу тынчсызданууну жаратып келет. Жабырлануучулар — аялдар да, эркектер да — Grok аркылуу манипуляцияланган сүрөттөрүн аныкташкан. Анда сууга түшүү кийимдери, ооз байлагычтар же ич кийимдер санариптик жол менен алынып, адамдар жылаңач көрсөтүлгөн.

Комментарий:

X платформасы Түштүк-Чыгыш Азияда кеңири колдонуучу базага ээ. Бул аймакта Индонезия алдыда турат жана активдүү колдонуучулардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунду ээлейт. 2025-жылдын аягына карата колдонуучуларынын саны 22,9–25,2 миллионго жеткен. Ошого карабастан, Илон Масктын кайдыгер көрүнгөн жообу Батыш цивилизациясынын алсыз жагын ачып берет. Технологиялык чеберчилигине карабастан, ал көп учурда аялдын кадыр-баркын жана коомдогу ролун кемсинтет. Илон Маск, айланасындагы бардык талаш-тартыштарга карабастан, дүйнө алдында анын аялдын кадыр-баркынан көрө акчаны жана ырахатты артык көрүшү анык болду.

Бул бүдөмүк ахлакый өлчөм Ислам өлкөлөрүнө, айрыкча технологиянын ичинде өсүп чыккан жаштарга терең таасир тийгизүүдө. Алар санариптик чөйрөдө, а түгүл мектептерде да зомбулукту бекемдеген шарттарда өз ар-намысына жана психикалык саламаттыгына туруктуу коркунучтарга туш болушууда. Балдар эң алсыз катмар болуп саналат, анткени алар бул уулуу чөйрөдө жабырлануучу болуп чоңоюшууда.

Кошумча катары, технологиялык ири компаниялар жайылтып жаткан жыныстык «эркиндик» баалуулуктары Батыштан мусулман жаштарына киргизилүүдө. Технология камсыз кылган эркин жана оңой бөлүшүү маданияты жеке эркиндикти даңазалаган либералдык баалуулуктар менен айкалышып, коомдук жашоодо жеке иш-аракеттерди ачык бөлүшүүгө жол ачты. Натыйжада жеке жана коомдук жашоонун ортосундагы чек аралар бүдөмүк болуп калды.

Индонезияда акыркы он жыл ичинде коомдук жашоону жыныстык өңүттө кабыл алдыруу тенденциясы кыйла күчөдү. Бул көрүнүш акыркы беш жылда аялдарга каршы зомбулуктун кескин өсүшү менен айкындалып, мусулман калкы басымдуу шаарларда интернеттин кеңири колдонулушу жана санариптик мейкиндиктин тез кеңейиши менен тыгыз байланыштуу. «Акылдуу шаарлар», «акылдуу айылдар» сыяктуу долбоорлор жана башка инфраструктуралык демилгелер жеке мейкиндиктердин жоголушуна жана коомдук мейкиндиктердин бузулушуна алып келди.

Аялды жыныстык объект катары кабыл алуу, буга чейин эле коомдук жайларда кеңири тараган болсо, санариптик мейкиндикте андан да курчуду. Бул багыт эркиндик жана ырахат баалуулуктарын кабыл алган, аялды жыныстык ырахаттын куралы катары көргөн Батыш хазаратына мүнөздүү классикалык маселе.

Исламда санариптик мейкиндиктер адамдын акылын жана ар-намысын, айрыкча коркунучка көбүрөөк дуушар болгон аялдардын кадыр-баркын коргошу керек. Санариптик технологияны өнүктүрүү Ислам шариатына ылайык жүргүзүлүп, анын улуу максаттарына т.а. динди, жанды, акылды, текти жана адамдын кадыр-баркын сактоого таянышы зарыл.

Ислам жашоонун толук системасы катары, Аллахтан корккон халифанын жетекчилиги менен ишке ашышы керек. Бул система аялдын ар-намысы жана мусулман коому үчүн бекем калкан болуп, Илон Маск сыяктуу текебер технологиялык ишмерлерди тыймак. Аллах Тааланын сөзүн эсиңерге салабыз:

﴿إِنَّ الَّذِيْنَ يُحِبُّوْنَ أَنْ تَشِيْعَ الْفَاحِشَةُ فِي الَّذِيْنَ آمَنُوْا لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيْمٌ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ وَاللّٰهُ يَعْلَمُ وَاَنْتُمْ لَا تَعْلَمُوْنَ﴾

“Албетте ыйман келтирген кишилер ортосунда бузуктуктар жайылышын эңсей турган адамдар үчүн дүйнөдө да, Акыретте да жан чыдагыс азап бар. Алла билет, силер билбейсиңер”. (Нур: 19).

Вика Кумара

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button