Асыл хадис

Козголоңчулар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Козголоңчулар

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Муслим өзүнүн Сахихинде мындай деп риваят кылган:

حَدَّثَنَا مُحَمَّدُ بْنُ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ نُمَيْرٍ وَعَبْدُ اللَّهِ بْنُ سَعِيدٍ الْأَشَجُّ جَمِيعًا عَنْ وَكِيعٍ قَالَ الْأَشَجُّ حَدَّثَنَا وَكِيعٌ حَدَّثَنَا الْأَعْمَشُ عَنْ خَيْثَمَةَ عَنْ سُوَيْدِ بْنِ غَفَلَةَ قَالَ قَالَ عَلِيٌّ إِذَا حَدَّثْتُكُمْ عَنْ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَلَأَنْ أَخِرَّ مِنْ السَّمَاءِ أَحَبُّ إِلَيَّ مِنْ أَنْ أَقُولَ عَلَيْهِ مَا لَمْ يَقُلْ وَإِذَا حَدَّثْتُكُمْ فِيمَا بَيْنِي وَبَيْنَكُمْ فَإِنَّ الْحَرْبَ خَدْعَةٌ سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ سَيَخْرُجُ فِي آخِرِ الزَّمَانِ قَوْمٌ أَحْدَاثُ الْأَسْنَانِ سُفَهَاءُ الْأَحْلَامِ يَقُولُونَ مِنْ خَيْرِ قَوْلِ الْبَرِيَّةِ يَقْرَءُونَ الْقُرْآنَ لَا يُجَاوِزُ حَنَاجِرَهُمْ يَمْرُقُونَ مِنْ الدِّينِ كَمَا يَمْرُقُ السَّهْمُ مِنْ الرَّمِيَّةِ فَإِذَا لَقِيتُمُوهُمْ فَاقْتُلُوهُمْ فَإِنَّ فِي قَتْلِهِمْ أَجْرًا لِمَنْ قَتَلَهُمْ عِنْدَ اللَّهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ

Мухаммад ибн Абдулла ибн Нумайр Сувайд ибн Гафлахтан риваят кылды. ал айтты, Али мындай деген: “Эгер мен силерге Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) айтканын айтып берсем, анда ал айтпаган нерсени ага таандык кылгандан көрө, асмандын мага кулап түшкөнү артык. Эгер мен силерге ортобуздагы маселелерди айтып берсем, анда согуш – бул алдоо экенин билгиле. Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай деп айтканын уктум: “Акыр заманда жаш жана акылы кем бир коом пайда болот. Алар эң жакшы сөздөрдү айтып, Куранды окушат, бирок  алардын окуган курандары алкымдарынан нары өтпөйт. Жаанын  жебеси жаадан бир заматта атылып чыгып кеткендей, алар да бир заматта динден  чыгып кетишет.  Эгер силер аларга жолуксаңар, аларды өлтүргүлө, анткени ким аларды өлтүрсө, Кыямат күнү Аллахтын алдында сооп бар”.

Муслимдин шархы Ан Нававиде мындай деп айтылат:

” وَإِذَا حَدَّثْتُكُمْ فِيمَا بَيْنِي وَبَيْنَكُمْ فَإِنَّ الْحَرْبَ خُدْعَةٌ” “Эгер мен силерге  ортобуздагы нерсе жөнүндө айтсам, анда согуш – бул алдоо”.

Анын маанисин Казы айтты: Согушта эки анжы ойлорду жана кыйытып айтууларды колдонууга болот. Демек, ал хадисти ушундай чечмелеген.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун):

أَحْدَاث الْأَسْنَان ، سُفَهَاء الْأَحْلَام يَقُولُونَ مِنْ خَيْر قَوْل الْبَرِيَّة “Алар жаш жана кем акылдар, бардык жакшы сөздөрдүн эң жакшысын айтышат”, – деди. Мунун мааниси, үстүртөн сүйлөшөт дегени.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун), мындай деген:

 فَإِذَا لَقِيتُمُوهُمْ فَاقْتُلُوهُمْ فَإِنَّ فِي قَتْلِهِمْ أَجْرًا “Эгер аларга жолуксаңар, өлтүргүлө, анткени аларды өлтүрүүдө Аллахтын алдында сооп бар”.

Бул харижиттер жана козголоңчулар менен күрөшүүнүн ваажибдиги жөнүндө ачык билдирүү.  Казы мындай деди: Аалымдар харижиттер жана аларга окшогондор бидъат жана козголоңчул адамдар,  имамга каршы чыгып, жамааттын пикирине каршы чыгып, катарларды бөлүп-жарышканда, аларга эскертүү берип, кайтууга мүмкүнчүлүк  берилгенден кийин аларга каршы согушуу  важиб экенине бир пикирге келишкен.

قَالَ اللَّه تَعَالَى : { فَقَاتِلُوا الَّتِي تَبْغِي حَتَّى تَفِيءَ إِلَى أَمْرِ اللَّهِ }

Аллах Таала айтты: чектен чыккан адамга каршы Аллахтын буйругуна кайтып келгенге чейин согушкула.

Бирок алардын жарадарларына жардам берилет, жеңилгендери куугунтукталбайт, туткундары өлтүрүлбөйт, мүлкү тартып алынбайт. Алар бийликке каршы чыгып, согушка көтөрүлмөйүнчө, аларга каршы согушулбайт, тескерисинче, аларга эскертүү берилип, өздөрүнүн адашкандыктарынан жана жалгандыктарынан тообо кылуулары талап кылынат. Мунун баары алардын  бидаттары өздөрүн каапырлыкка алып барбаса гана тиешелүү болот. Ал эми  алардын бидааттары өздөрүн каапырлыкка алып барса, анда муртад  өкүмдөрү аларга тиешелүү болот. Ал эми каапыр болбогон козголоңчуларга келсек, алар мурас калтыра алышат жана  мурас  ала алышат, согуш учурунда алардын каны да, согушта жок кылынган мал мүлкү да бекер кылынат.

Урматтуу бир туугандар!

Козголоң, башкача айтканда, мамлекетке каршы козголоң, мамлекет чечкиндүү түрдө каршы күрөшүүгө тийиш болгон кыйратуучу аракеттердин бири жана ал эки түрдүү болот:

  1. Жеке адамдардын мүлкүнө, коомдук же мамлекеттик мүлккө кол салуу менен бирге иш таштоо сыяктуу кыйратуу жана саботаж иштерин жүргүзүү, же өлкөдөгү маанилүү борборлорду басып алуу. Бул адамдардын кыйратуучу ишмердүүлүгүн токтотуу үчүн Ички коопсуздук кызматынын ичиндеги полиция ишке тартылат. Эгерде полиция алардын аракеттерин токтото албаса, анда халифтен мамлекетке каршы чыккан бул козголоңчулар тарабынан жүргүзүлгөн кыйратууларды жана саботаждарды токтотуу үчүн ага аскердик күчтөрдү тартуу талап кылынат.
  2. Курал күчү менен мамлекетке каршы козголоң чыгаруу:

Анткени, бул козголоңчулар курал алып, бир жерге боборлошкондуктан, полиция ички коопсуздук аппараты жалгыз өзү калыбына келтире албаган жана алардын козголоңун жана көтөрүлүшүн жок кыла албаган күчтү түзүшөт. Бул учурда,  халифтен козголоңчуларга каршы туруу үчүн зарылчылыкка жараша аскердик күчтөрдү же армиядан күчтөрдү  тартуу талап кылынат. Бул козголоңчуларга каршы  күрөшүүдөн мурун төмөнкүлөрдү эске алуу керек:

Согуш башталардан мурун бул козголоңчулардын ниеттерин аныктоо үчүн алар менен кат алышуу жана алардан баш ийүүнү, коомчулукка кошулууну жана курал-жарактарын таштоолору талап кылынат. Эгер алар жооп кайтарып, тообо кылып, кайтып, Ислам шариятынын өкүмдөрүнө баш ийишсе, анда бул аларга  жетиштүү болот алар өз жайына ташталат.

Бирок эгер алар мунун баарына баш ийбей каршы чыгууну улантып, согушууну талап кылышса, анда аларга каршы согушулат… бирок аларга каршы согуш баш ийүүгө кайтып, каршы чыгууну токтотуп, куралдарын таштаганга чейин болот, аларды биротоло жок кылуу жана кыйратуу эмес, тартиптипке салып койуу согушу болот. Али ибн Абу Талиб (Аллах андан ыраазы болсун) харижиттер менен ушундай кылган.

Алгач ал аларды куралдарын таштоого чакырат, эгер алар козголоң чыгаруудан баш тартышса, алар менен согушуу токтотулат. Бирок эгер алар козголоң чыгара беришсе, алар кайрадан баш ийип, козголоң чыгарууну жана курал көтөрүүнү токтотконго чейин,  аларды тартипке келтирип койуу үчүн согушулат.

Ооба, урматтуу бир туугандарым: Ислам эч качан баш ийүү байланышын бузгандарга, мамлекетти бөлүп-жарууга аракет кылгандарга же үммөт уулдарынын ортосунда келишпестик жараткандарга жумшак мамиле кылган эмес. Милиция өлкөдө туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууда ар дайым сергек болуп, үммөттүн жана мамлекеттин биримдигине коркунуч келтирген ар кандай нерсеге каршы турууга ар дайым даяр турган  апарат болгон.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 17-шаьбан.

2026-ж, 5-февраль.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button