
“Орозо тутуу фарз кылынды”
Улуу аалым, муфассир Ато Абу Роштанын “Ат-тайсир фи усулит тафсир” китебиндеги “Бакара” сурасынын тафсиринен
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا كُتِبَ عَلَيْكُمُ الصِّيَامُ كَمَا كُتِبَ عَلَى الَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ ﴿١٨٣﴾
أَيَّامًا مَعْدُودَاتٍ ۚ فَمَنْ كَانَ مِنْكُمْ مَرِيضًا أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِنْ أَيَّامٍ أُخَرَ ۚ
وَعَلَى الَّذِينَ يُطِيقُونَهُ فِدْيَةٌ طَعَامُ مِسْكِينٍ ۖ
فَمَنْ تَطَوَّعَ خَيْرًا فَهُوَ خَيْرٌ لَهُ ۚ
وَأَنْ تَصُومُوا خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ ﴿١٨٤﴾
شَهْرُ رَمَضَانَ الَّذِي أُنْزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ هُدًى لِلنَّاسِ وَبَيِّنَاتٍ مِنَ الْهُدَىٰ وَالْفُرْقَانِ ۚ
فَمَنْ شَهِدَ مِنْكُمُ الشَّهْرَ فَلْيَصُمْهُ ۖ
وَمَنْ كَانَ مَرِيضًا أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِنْ أَيَّامٍ أُخَرَ ۗ
يُرِيدُ اللَّهُ بِكُمُ الْيُسْرَ وَلَا يُرِيدُ بِكُمُ الْعُسْرَ
وَلِتُكْمِلُوا الْعِدَّةَ وَلِتُكَبِّرُوا اللَّهَ عَلَىٰ مَا هَدَاكُمْ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ ﴿١٨٥﴾
– «Эй ыйман келтиргендер, силерден мурунку өткөндөргө фарз кылынганы сыяктуу, силерге да таква болушуңар үчүн саналуу күндөрдө орозо кармоо фарз кылынды. Эми, силерден кимдир бирөө ооруп калса же сапарда болсо, анда (орозо кармай албаган күндөрүнүн) санагын башка күндөрдө кармайт. (Карылык же алсыздыгы себептүү) орозо кармоодон кыйналган кишилер бир бей-бечаранын бир күндүк тамагынын өлчөмүндө фидя берүүлөрү керек. Анан, ким өз ыхтыяры менен ашыкча жакшылык кылса (зарыл болгонунан артыгыраак садака кылса), өзүнө эле жакшы. Эгер билсеңер, орозо кармаганыңар өзүңөр үчүн жакшыраак. (Ал саналуу күндөр) Рамазан айы, бул айда адамдар үчүн Туура жол болуп жана хидаят менен фуркандын ачык-айкын аяттары болуп Куръан түшүрүлгөн. Демек, силерден ким бул айга күбө болсо, орозо кармасын. Ал эми кимдир бирөө ооруп калса же сафарда болсо, анда (орозо кармай албаган күндөрүнүн) санагын башка күндөрдө кармайт. Аллах силерге жеңилдикти каалайт, силерге оор болушун каалабайт. Бул санакты толтурушуңар жана хидаят кылганы себептүү Аллахты улуулашыңар үчүн жана шүгүр кылууңар үчүн» [Бакара 183-185].
Аллах Таала бул аяттарда ушуларды баян кылган:
Аллах Таала орозону бизден мурунку үммөттөргө фарз кылгандай, Ислам үммөтүнө да фарз кылды.
كُتِبَ عَلَيْكُمُ الصِّيَامُ كَمَا كُتِبَ عَلَى الَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ
– «Силерден мурунку өткөндөргө фарз кылынганы сыяктуу силерге да орозо кармоо фарз кылынды».
Орозонун фарздыгына далилдер:
а) كُتِبَ عَلَيْكُمُ الصِّيَامُ силерге орозо кармоо фарз кылынды». Бул сөз буйрук манисин билдирет т.а. “орозо кармагыла”.
б) Оорулуу же мусафыр орозо кармай албай калганда анын казасын кармашы – бул талаптын катъийлигине карина. Эгер талаб катъий болбогондо, анын казасын аткаруу шарт болбойт эле.
وَمَنْ كَانَ مَرِيضًا أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِنْ أَيَّامٍ أُخَرَ
– «Эми силерден кимдир бирөө ооруп калса же сафарда болсо, анда (орозо тута албаган күндөрүнүн) санагын башка күндөрдө кармайт). Катъий талаб фарз болот.
в) فَمَنْ شَهِدَ مِنْكُمُ الشَّهْرَ فَلْيَصُمْهُ Демек, силерден ким бул айга күбө болсо, орозо кармасын». Бул жерде айды көргөн адам т.а. муким киши орозо кармоого буйрулуп жатат. Андан кийинки Аллах Тааланын:
فَمَنْ كَانَ مِنْكُمْ مَرِيضًا أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِنْ أَيَّامٍ أُخَرَ
– «Ал эми кимдир бирөө ооруп калса же сапарда болсо, анда (орозо кармай албаган күндөрүнүн) санагын башка күндөрдө кармайт», – деген сөзү бул буйруктун катъийлигине далил. Анткени, оорулуу же мусафыр адам орозо кармай албай калса, анын казасын кармашы керек болуп жатат. Бул нерсе талаптын катъийлигине, арийне, бул иштин фарздыгына карина.
г) Жогоруда айтылгандар Куръанда келген далилдер. Эми, суннаттан далил келтиребиз. Умар G риваят кылган хадисте Жибриил \ Пайгамбардан A Ислам жөнүндө сураганда ал киши мындай жооп берген:
«شَهَادَةُ أَنْ لاَ إِلَهَ إِلاَّ اللهُ وَأَنَّ مُحَمَّدًا رَسُولُ اللهِ، وَإِقَامُ الصَّلاَةِ الْمَكْتُوبَةِ، وَإِتَاءُ الزَّكَاةِ، وَصَوْمُ رَمَضَانَ، وَحَجُّ الْبَيْتِ مَنْ اِسْتَطَاعَ إِلَيْهِ سَبِيلاً»
«Аллахтан башка илах жок жана Мухаммад Аллахтын расулу деп күбөлүк берүү, фарз кылынган намазды аткаруу, зекетти берүү, рамазан орозосун кармоо, жолго кудуреттүү болгон киши Байтты (Каъбаны) хаж кылуусу». Суроо Ислам жөнүндө эле, Ислам болсо бардык адамдарга фарз. Аллах Таала айтат:
إِنَّ الدِّينَ عِندَ اللَّهِ الْإِسْلَامُ
– «Албетте Аллах алдында кабыл боло турган дин Ислам дини гана» [3:19]
وَمَنْ يَبْتَغِ غَيْرَ الْإِسْلَامِ دِينًا فَلَنْ يُقْبَلَ مِنْهُ وَهُوَ فِي الْآخِرَةِ مِنَ الْخَاسِرِينَ
– «Кимде-ким Исламдан башка динди кааласа, анда (анын «дини» Аллахтын алдында) эч качан кабыл алынбайт жана ал Акыретте зыян көрүүчүлөрдөн» [3:85].
Пайгамбардын A Ислам жөнүндө берилген суроого карата айткан жообунда орозонун камтылышы орозонун фарздыгына, фарз болгондо да улуу фарз экенине далалат кылат.
Мындай риваят бар:
«بُنِىَ الْإِسْلاَمُ عَلَى خَمْسٍ: شَهَادَةُ أَنْ لاَ إِلَهَ إِلاَّ اللهُ وَأَنَّ مُحَمَّدًا رَسُولُ اللهِ، وَإِقَامُ الصَّلاَةِ، وَإِتَاءُ الزَّكَاةِ، وَصَوْمُ رَمَضَانَ، وَحَجُّ الْبَيْتِ مَنْ اِسْتَطَاعَ إِلَيْهِ سَبِيلاً»
«Ислам беш нерсенин үстүнө курулган: Аллахтан башка кудай жок жана Мухаммад Аллахтын пайгамбары деп күбөлүк берүү, намазды аткаруу, зекет берүү, рамазан орозосун кармоо, жолго кудуреттүү болгон киши Байтты (Каъбаны) хаж кылышы». Имаратты кармап турган иштерге буйруу катъийликти билдирет. Ислам ушул беш нерсенин үстүнө курулган соң, демек, алар Исламдын рукн-устундары болуп эсептелет. Арийне, орозо амалы фарз болот.
Аллах Таала орозонун хикматы катары такваны белгиледи.
لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ
«таква кишилер болушуңар үчүн». Таква – бул Аллахтан коркуу, ал Затка итаат кылуу, ал Зат менен жолугуша турган күн үчүн даярдык көрүү. Сахабалардын бири таквага мындай түшүндүрмө берген: «Жалилден (Аллахтан) коркуу, танзилге (Куръанга) амал кылуу жана явмур-рохил үчүн (бул дүйнөдан кете турган күн үчүн) даярдык көрүү».
Ошондуктан, орозо кармаган адам ушул хикматты ишке ашырууга ынтызар болсун. Анткени, Аллах Таала орозону фарз кылып, бул амал үчүн такваны хикмат кылып белгиледи.
Киши өзүнүн орозосуна назар салсын. Ко-ош, ал Аллах жана Анын пайгамбарына итаат кылууну, ал Зат менен жолуга турган күнгө даярдыгын бекемдедиби, жокпу? Эгер бекемдеген болсо, демек, ал жакшы орозо болуптур. Ал үчүн ааламдар Роббиси тарабынан улуу сооптор берилет. Пайгамбар A хадис кудсийде айткан:
«كُلُّ عَمَلِ اِبْنِ آدَمَ لَهُ إِلاَّ الصَّوْمُ فَإِنَّهُ لِى وَأَنَا أَجْزِى بِهِ»
«Адам баласынын орозосунан башка ар кандай иши өзү үчүн. Орозосу болсо Мен үчүн жана анын сыйлыгын Өзүм берем».
«لِلصَّائِمِ فَرِحَتَانِ: فَرِحَةُ عِنْدَ فِطْرِهِ، وَأُخْرَى عِنْدَ لِقَائِهِ رَبِّهِ»
«Орозо кармаган адам үчүн эки кубаныч бар: ифтар убагындагы кубаныч жана Роббиси менен жолугушкан убактагы кубаныч». Бирок, эгер орозонун хикматы ишке ашпай жаткан болсо – мал жана перзенттер пайда бербей турган, Аллахка чынчыл жүрөк менен баруудан башка нерсе пайда бербей турган – күн келишинен мурун бул илдетти жойсун.
أَيَّامًا مَعْدُودَاتٍ саналуу күндөрдө». Арабдар “аз” дегенди саналуу деп айтышат
Ушуга ылайык:
أَيَّامًا مَعْدُودَاتٍ
«саналуу күндөрдө» сөзү аз маанисин билдирет. Ал рамазан айы болуп, жыйырма тогуз же отуз күн болот. (Хадисте айтылат):
«اَلشَّهْرُ تِسْعَةٌ وَعِشْرُونَ أَوْ ثَلاَثُونَ يَوْمًا»
«Ай жыйырма тогуз же отуз күн».
Аллах Таала орозонун фарздыгын баян кылгандан кийин, ооруп калгандар же сафарда болгондор орозо кармашы да, кармабашы да мүмкүндүгүн, эгер орозону кармашпаса, кийин казасын кармашын айтып жатат. Бул сөз айыгып кетишине үмүт бар болгон ооруу жөнүндө. Анткени, ушундай оорулуу гана кийин сакайып кеткен соң, орозонун казасын кармай алат. Эгер, адам сафарда болгондо орозону кармабаса, кийинчерээк сафардан кайткандан кийин казасын кармайт.
Ооруу жөнүндө айтпасак да түшүнүктүү. Анткени, ал баарына белгилүү нерсе. Сафар жөнүндө айтпасак болбойт. Бул жерде кеп намаз каср болуп окула турган шаръий сафар жөнүндө болуп жатат. Ибн Аббастан намазды каср кылып окула турган сафар жөнүндө сурашканда, ал: «Асфандан Таифке чейин же Жиддадан Таифке чейин», – деп жооп берген.
Башка хужжаттарда мындай сафар:
«ثَلاَثَةُ فَرَاسِخَ وَالْفَرْسَخُ أَرْبَعَةُ بُرُدٍ»
«үч фарсах. Бир фарсах төрт буруд болот». Азыркы күндө бул чен болжол менен 90 километрди түзөт.
وَعَلَى الَّذِينَ يُطِيقُونَهُ فِدْيَةٌ طَعَامُ مِسْكِينٍ
«Орозо кармоодон кыйналган кишилер бир бей-бечаранын бир күндүк тамагынын өлчөмүндө фидя берүүлөрү керек». Аллах Таала орозонун мусулмандарга фарздыгын жана ал:
أَيَّامًا مَعْدُودَاتٍ
«Саналуу күндөрдө» рамазан айы экенин баян кылгандан кийин орозо кармай албагандардын убактылуу жана туруктуу сыфаттарын айтып жатат:
а)
فَمَنْ كَانَ مِنْكُمْ مَرِيضًا أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِنْ أَيَّامٍ أُخَرَ
«Эми, силерден кимдир бирөө ооруп калса же сафарда болсо, анда (орозо тута албаган күндөрүнүн) санагын башка күндөрдө кармайт». Т.а. убактылуу кармай албагандар.
б) وَعَلَى الَّذِينَ يُطِيقُونَهُ فِدْيَةٌ طَعَامُ مِسْكِينٍ
– «Орозо кармоодон кыйналган кишилер бир бей-бечаранын бир күндүк тамагынын өлчөмүндө кайыр-садага берүүлөрү керек». Бул туруктуу кармай албагандар тууралуу.
Кыйналып калуунун эки түрдүү мааниси бар: биринчиси, күч жана кудуреттүү болуп орозо кармоо, экинчиси, күч-аракет жумшап орозо кармоо.
Эгер, биринчи маанини алсак, аяттын мааниси мындай болот: “Бардык мусулмандар рамазан айында орозо кармашсын, эгер ооруп калса же сафарда болушса, орозо кармашы да, кармабастан башка күндөрдө казасын кармап бериши да мүмкүн, андан кийин орозо кармоого кудуреттүү болгондор ар бир кармабаган күндөрү үчүн фидя беришсин”. Көрүнүп тургандай, мындай маани менен хытаб туура болбой калат. Аятта оболу орозо кармоого буйрулуп, кийин орозо кармабай фидя берүүгө буйрулуп калат. Демек, «يُطِيقُونَهُ» деген сөзгө “кудуреттүү болуп орозо кармашса” деген маанини алсак, хытаб туура болбой калат. Күчү жетиши жана кудуреттүү болуу бирдей маанидеги сөздөр. Аллах Таала айтат:
لَا يُكَلِّفُ اللَّهُ نَفْسًا إِلَّا وُسْعَهَا
«Аллах эч бир жанды чамасы жетпеген нерсеге буйрубайт» [2:286].
Хадисте келет:
«فَإِذَا أَمَرْتُكُمْ بِشَيْءٍ فَأْتُوا مِنْهُ مَا اسْتَطَعْتُمْ»
«Силерди кайсы бир ишке буюрган болсом, аны күчүңөр жеткенче аткаргыла».
Экинчи маанини алсак т.а. күч-аракет жумшап орозо кармоо маанисин алсак, хытаб туура болот. Анда анын мааниси мындай болот: “Эй момундар, кудуреттүү болсоңор, рамазан айында орозо кармагыла, эгер ооруп калып же сафарда болсоңор, орозо кармабастан казасын кийинчерээк кармап берсеңер болот, эгер орозо кармоого кудуретиңер жетпесе, орозо кармоо силерди өлүмгө алып барса, мисалы, карыган абышка, кемпир же сакайышына үмүт жок оорулуу болсоңор, орозо кармабастан фидя бергиле”.
Мына ушундайда хытаб туура болот: кудуреттүү болгондор орозо кармасын, сафарда же ооруп калса, кааласа кармасын, каалабаса кармабасын, шифаа табышына үмүт кылынбаган оорулуу жана жашы өтүп калган карыялар орозо кармабастан фидя беришсин.
Ошондуктан, “Исламдын башында кудуреттүү болгон адам да орозо кармоодо, кармабоодо ыхтыярдуу болгон, кааласа кармаган, каалабаса кармабастан фидя берген, андан соң бул өкүм кийинки
فَمَنْ شَهِدَ مِنْكُمُ الشَّهْرَ فَلْيَصُمْهُ
«Демек, силерден ким бул айга күбө болсо, орозо кармасын» аяты менен насх (бекер) кылынган” дегендердин сөзү жана таянган риваяттары заиф. Анткени, насх шарттары толук табылганда гана бир хужжат экинчи хужжатты насх кылат. Насхтын шарттарынын бири – эки хужжаттын жамдалышы (ылайык келүүсү) мүмкүн болбой калышы. Биерде бул эки хужжатты жамдоо мүмкүн. Ошого ылайык, биз жогоруда айтып өткөн сөз күчтүү болот. Т.а. орозонун фарз кылынганы насх кылынган эмес, ал башынан эле мухкам хужжат болгон, орозо кудуреттүү болгон мукимдерге фарз болгон, оорулуу жана сафардагылар болсо орозо кармашы да, кармабашы да мүмкүн болгон, сакаюуга үмүтү жок оорулуулар, картайып калган карыялар кармабастан фидя бериши керек болгон. Бул мубарак аят ушундай маанини түшүндүрөт.
Ибн Аббастан риваят кылынган хадис да ушул маанини баса белгилейт. Бухарий, Абу Давуд жана башкалар риваят кылышат: «Ибн Аббас айтты, бул аят насх кылынбаган. Бул жерде орозо кармай албаган карыя жана кемпир назарга алынып жатат. Алар ар бир күндүн акысына бир мискинди тамактандырышат».
وَعَلَى الَّذِينَ يُطِيقُونَهُ فِدْيَةٌ طَعَامُ مِسْكِينٍ
орозо кармоодон кыйналган кишилер бир бей-бечаранын бир күндүк тамагынын өлчөмүндө фидя берүүлөрү керек», деген сөздөн кийин
فَمَنْ تَطَوَّعَ خَيْرًا فَهُوَ خَيْرٌ لَهُ
– «Анан, ким өз ыхтыяры менен ашыкча жакшылык кылса (зарыл болгонунан артыгыраак садака кылса), өзүнө эле жакшы», деген сөз айтылып жатат. Т.а. кимде-ким талаб кылынган фидядан көбүрөөк фидя берсе, өзү үчүн жакшыраак болот, Аллахка дагы да жакыныраак болот.
Күнүмдүк фидянын көлөмү – бир мискиндин тамактанышына жеткен каражат. Анткени «فِدْيَةٌ طَعَامُ مِسْكِينٍ»дан бадал. Т.а. бир күндүк фидя – мискиндин бир күндүк тамагы.
وَأَنْ تَصُومُوا خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ ﴾
Эгер билсеңер, орозо кармаганыңар өзүңөр үчүн жакшыраак». Т.а. сафардабы, ооруп калабы, башкабы, кимге орозо кармоо же кармабоо ыхтыяры берилсе жана ашыкча кыйынчылыксыз орозо кармоонун мүмкүнчүлүгү болсо, ал орозону кармабаганынан көрө кармаганы абзелирээк. Бирок, эгер орозо анын оорусун же сафарын оорлоштуруп жиберсе, орозо кармабаганы жакшыраак. Хадисте келет:
«أَنَّ رَسُولَ اللهِ A رَأَى رَجُلاً قَدْ ظَلَّلَ عَلَيْهِ فَقَالَ: مَا هَذَا؟ قَالُوا: صَائِمٌ. قَالَ: لَيْسَ مِنْ الْبِرِّ الصِّيَامُ فِى السَّفَرِ»
«Пайгамбар A бир кишини күндөн тосуп турган адамдарды көрүп, «Бул эмнеси», деп сурады. «Ал орозо кармаган», деген жооп болду. Ошондо ал зат: «Сафарда орозо кармоо жакшы эмес», деди». Дагы бир риваятта мындай делет:
«لَيْسَ مِنْ الْبِرِّ الصِّيَامُ فِى السَّفَرِ، عَلَيْكُمْ بِرُخْصَةِ اللهِ عَزَّ وَجَلَّ فَاقْبِلُوهُ»
«Сафарда орозо кармоо жакшы эмес. Аллах Азза ва Жалланын рухсатын кабыл алгыла». (Насаий чыгарган). Бул жердеги рухсатты кабыл алуу жөнүндөгү сөз андан пайдалануунун афзелдигин түшүндүрөт.
Куръандын наазил болушу рамазан айынан башталган.
شَهْرُ رَمَضَانَ الَّذِي أُنْزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ هُدًى لِلنَّاسِ وَبَيِّنَاتٍ مِنَ الْهُدَىٰ وَالْفُرْقَانِ
– «Рамазан айы, бул айда Куръан түшүрүлгөн»
إِنَّا أَنْزَلْنَاهُ فِي لَيْلَةِ الْقَدْرِ
– «Албетте, Биз аны Кадр түнүндө түшүрдүк» [97:1]
إِنَّا أَنْزَلْنَاهُ فِي لَيْلَةٍ مُبَارَكَةٍ
– «Биз аны бир берекелүү түндө түшүрдүк» [44:3]
وَمَنْ كَانَ مَرِيضًا أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِنْ أَيَّامٍ أُخَرَ
يُرِيدُ اللَّهُ بِكُمُ الْيُسْرَ وَلَا يُرِيدُ بِكُمُ الْعُسْرَ
وَلِتُكْمِلُوا الْعِدَّةَ وَلِتُكَبِّرُوا اللَّهَ عَلَىٰ مَا هَدَاكُمْ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ ﴿
– «Аллах силерге жеңилдикти каалайт, силерге оор болушун каалабайт. Бул санакты толтурушуңар жана хидаят кылганы себептүү Аллахты улуулашыңар үчүн жана шүгүр кылууңар үчүн».
Аллах Таала бул иштин артындагы хикматты, орозо фарзын аткарууда бизге кыйын эмес, жеңил болушун каалашын баяндап жатат. Муну менен биз жеңилдик менен орозо күндөрүн аягына жеткиребиз. Эгер, орозо кармоого убактылуу кудуреттүү болбосок, казасын башка күндөрү кармап беребиз, эгер бүтүндөй кудуреттүү болбосок, кармабастан фидя беребиз, эгер кудуреттүү болсок, аны өз убагында, рамазан айында кармайбыз. Муну менен анын санагын аягына жеткиребиз, аягына жеткиргенибизден кийин т.а. айт күнү такбир айтабыз, Аллахты улуулайбыз, берген ниъматы үчүн, ушундай улуу фарзды толук аткаруубузга мүмкүнчүлүк бергени үчүн ал Затка шүгүр кылгандардан болобуз.
Сакофат бөлүмү


