Бийлик яхудий түзүмүнө окшоп, Палестина балдарынын канын төгүүнү адал көрүүдө!

Басма сөз баянаты
Бийлик яхудий түзүмүнө окшоп, Палестина балдарынын канын төгүүнү адал көрүүдө!
Бийлик аппараттары кечээ, жекшемби күнү 15.02.2026-жылы Аллахка жана Палестина элине каршы өзүнүн тайманбастыгында жаңы чекке өттү. Буга чейин алар Палестина элинин канын — мейли мужахид болсун, мейли яхудий түзүмү издеген адамдар болсун, же алардын чыккынчылыгына каршы чыккан оппозиция болсун — адал көрүшкөн болсо, эми бүгүн бейкүнөө адамдарды жана балдарды бутага алууга чейин жетишти. Алар Самер Самаранын унаасына ок чыгарып, ичинде аялы жана балдары болгон учурда кылмыш жасашып, натыйжада анын он алты жаштагы уулу Али шахид болду, ошондой эле үч жаштагы кызы Ронза да каза тапты. Бул — бийлик жана анын аппараттары эч нерседен тайманбай жасап жаткан кылмыш. Бул — жырткычтар да жасабай турган кылмыш, алар муну менен Палестинада балдарды жана аялдарды өлтүрүп жаткан яхудий түзүмүнүн кылмыштарына теңелишүүдө.
Палестина бийлиги, өзүнө берилген ыйгарым укуктарын (А аймактарында да) тартып алган оккупация алдында кордук жана моюн сунууну көрсөтүп турган чакта, яхудий түзүмү алардын көз алдында бардык жерлерди тартып алып, үйлөрдү бузуп, Палестина элин көчүрүүгө аракет кылууда. Бийлик болсо алардын кылмыштарына шерик болуп, адамдардын ырыскысын кысып, турмушун оорлотуп, андан тышкары мыйзамдар аркылуу өз кылмыштарынын чегин дагы да жогорулатты. Балдар жана аялдардын канына да ыйыктык калтырбаган бул кылмыштын эми чек арасы жок.
Мунун баары бийликтин чыныгы жүзүн жана ал жердеги жетекчилердин табиятын ачып көрсөтүүдө: алар элестетүүгө да мүмкүн болбогон кылмыштарга даяр, Палестина элинин балдары менен аялдарынын канын төгүүнү адал көргөн яхудий түзүмүнүн колу болууга даяр. Бийлик жана анын кылмышкерлери ыйык жерден баш тартууну адал көргөндөн кийин, яхудий түзүмүнө Палестина элине каршы жардам берүүнү адал көргөндөн кийин, аял жана үй-бүлө тууралуу мыйзамдары менен диндин ыйык нерселерине кол салгандан кийин, билим берүү программаларынан Исламга байланышкан бардык нерсени алып салгандан кийин, байлар араң көтөрө турган, карапайым эл үчүн мындан да оор болгон салыктары аркылуу мал-мүлктү тартып алууну адал көргөндөн кийин — Палестина бийлиги жана анын коопсуздук аппараттары Палестина элине яхудий түзүмү сыяктуу эле душман болуп калды. Бул — момундарга болгон өчкө толгон душмандык.
Палестина элине яхудий түзүмүнүн бардык кылмыштары аз келгенсип, эми бул кылмыштарды бийликтин жалданма кызматкерлери жана жетекчилери толуктап, Палестина элине каршы кысымды күчөтүп, катуулатып, аларга жок болуудан же жерин таштап кетүүдөн башка жол калтырбоону көздөп жаткандай!
Биз буга чейин бийлик жер жүзүндө бузукулук кылып жаткан кылмышкерлердин шериги болуп жатканын айтчубуз. Алар Палестина элинин ар намысын, канын жана мал-мүлкүн адал көрүп, каалагандай зулумдук кылып жүрүшсө да, бийлик буга каршы эч нерсе кылбайт. Тескерисинче, яхудий түзүмүнө зыян келтирген ар бир адамды куугунтукка алат. Бирок бүгүн бул чектен да ашып, өзү түздөн-түз каракчылардын жана жер жүзүндө бузукулук кылуучулардын иштерин ачык-айкын, күндүзү эле уялбастан жасап калды. Муну иликтөө ачуу тууралуу сөздөр да, мыйзам бузгандарды куугунтуктоо деген шылтоолор да жашыра албайт. Бул — Аллахтын чектерин жана ыйык кылган нерселерин тебелеп-тепсеген бийликтин чыныгы жүзү. Яхудий түзүмү аны канчалык кордоп, басынткан сайын, ал Аллахтын кулдарына каршы ошончолук тайманбай зулумдук кылып жаткандай. Ал АКШга жана яхудий түзүмүнө: бизди кандай гана кордукта болбосун, кандай гана кылмыш болбосун сактап калгыла, керек болсо яхудий түзүмүнүн кылмышкер аппараттарынын ачык бөлүгүнө айланып калсак да даярбыз, — деп жаткандай!
Палестина элине келген сыноо күндөн-күнгө күчөп, кысым чындырлары улам бекемделүүдө, аларга каршы кылмышкерлердин түрлөрү көбөйүүдө. Алар Рамазан айын тосууга даярданып, сабыр айында сабыр тилеп жатышат. Алардын дубасы:
«Аллахтан жардам сурагыла жана сабыр кылгыла. Чынында жер Аллахка таандык, аны кулдарынан Өзү каалаганына мурас кылат. Акыркы жеңиш такыбаларга таандык» (Аъраф: 128).
Бирок бул сабыр калган мусулмандардын жоопкерчилигин түшүрбөйт. Алар бир туугандары душмандын оор азабына туш болуп жатканын көрүп турушса, жакындары аларды душмандардай өлтүрүп жатса бул үчүн жоопкерчилик алардын мойнунда калат. Ошондой эле Рамазан айы казаттардын, жеңиштердин жана фатхтардын айы экенин билген үммөттүн мойнундагы жоопкерчиликти да түшүрбөйт. Бул ай — бир туугандары өлтүрүлүп, курчоодо жана коркутууда калган учурда жөн гана күтүп туруунун айы эмес, согуш талааларында душманга каршы сабыр кылуунун айы.
Палестина эли ыйык айдын босогосуна жараларынын азабын башына көтөргөн бойдон кирип, бир туугандарынан жихад чакырыктарын, жеңиштерди жана жардамды укпай калабы?! Же алардын ыйык нерселерин яхудийлер тебелеп-тепсегенине өч ала турган, же алардын канын адал көргөн бийлик жана анын кылмышкер түзүмдөрүнөн эсеп сурай турган эч кимди көрүшпөйбү?!
Хизб ут-Тахрирдин берекелүү Палестина жериндеги маалымат бөлүмү
16.02.25




