Сакофий

Алтын бааларынын өзгөрүшү

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Суроо-жооп

Алтын бааларынын өзгөрүшү

Урматтуу шейхибиз,  сизге Аллахтын тынчтыгы, рахматы жана берекеси болсун! Бул суроо сизге ден соолук жана бакубаттуулукта турганыңызда  жетет деп үмүттөнөм жана Аллах Тааладан Анын динин бекем кармоодо жана Анын мыйзамдарын аткарууда сизге жол көрсөтүүсүн суранам. Менин суроом: Жакында эле биз алтындын баасынын бир топ жогорулаганына күбө болдук, бир нече жылдын ичинде баштапкы баасынан бир нече эсеге жогорулады. Бул алтын туруктуу металл жана валюталар үчүн стандарт катары мындан ары өзгөрүүлөргө дуушар болот дегенди билдиреби? Же бул өзгөрүү айрым режимдердин жана айрым саясий жагдайлардын көзөмөлү аркылуу болуп жатабы? Эгер ошондой болсо, Кудай буюрса, жакында тикелене турган Ислам мамлекети кантип өзүнүн туруктуулугун сактап,  Ислам душмандарынын манипуляциясына кантип жол бербейт?

Диндеш бир тууганыңыз Ахмед Саид, Палестина жеринен.

Жооп: Уа алейкуму ассалам уа рахматуллоохи уа баркатуху. Алтындын баасынын өзгөрүшү анын катардагы бир товар катары каралышынан улам келип чыгат. Ошондуктан, спекуляция (Пайда табуу максатында таңкыстык шартында товарларды сатып алуу жана аларды жогорку баада кайра сатуу иши) анын баасы өйдө-ылдый болушуна таасир этет. Дүйнөдөгү ири өлкөлөр, айрыкча Америка, доллар сооданын негизги булагы болушун каалап жатат. Ал долларды басып чыгарууну көзөмөлсүз көбөйтөт же азайтат жана бир катар өлкөлөр менен колониялык мамилелери болгондуктан, бул көп учурларда доллардын баасын алтын сыяктуу турукташтырууга жардам берет. Эгерде валюта алтын болгондо жана басылып чыккан ар кандай кагаз акча каалаган убакта алтынга алмашуууга мүмкүн болгон алтындын көлөмү болгондо, бул ордун басуучу кагаз акча деп аталат. Эгер ошондой болсо, анда бардык милдеттүү (башкача айтканда, орун басарлык кылбаган) кагаз акчалар алар жазылган кагаздан башка  нерсе эмес.

Маселени  тактоо үчүн мен түшүнүүгө жардам бере турган эки нерсени айтып өтөм.

Биринчиден: Мен өзүмдүн “Экономикалык кризистер: анын акыйкаты, аны ислам көз карашы менен чечүү” китебимде төмөнкүлөрдү карап чыктым:

Экономикалык кризистер акча вакыйынын натыйжасы:

Дүйнө өзүнүн акча мамилесинде алтын эрежеси түзүмү негизинде жүргөн убакта экономикалык өсүп-өнүгүү жана акча туруктуулугу доорун башынан өткөргөн эле. Качан мындай түзүм жок болуп, анын ордун алтынга алмаштыруу түзүмү ээлегенден кийин, акча менен байланыштуу туруксуздуктар пайда боло баштады. Ал тургай, акча туруктуулугу доорлору өтө сейрек учурай турган абал болуп калды. Ушундан кийин алтынга алмаштырып берүү түзүмү да бекер кылынды жана мажбурий кагаз акчалар менен гана мамиле кылына турган болду. Бул болсо, абалды ого бетер начарлатты жана кризистин артынан кризистер жүз бере баштады. Алтын эрежеси түзүмү туруктуу алмашылуу курсун камсыздаган эле. Себеби, ар бир мамлекеттин акча бирдиги же алтын эле, же алтын менен бирдей кыйматка ээ болгон, каалаган убакта алтынга алмашууга жарактуу болгон жана алтындын ордун басуучу кагаз акча эле. Ошондуктан да, мамлекеттердин акчалары ортосундагы алмашылуу курсу туруктуу эле. Себеби, ал жалпы тан алынган алтын бирдигине таандык эле. Мисалы, Исламда динар 4,25 грамм алтын менен белгиленген болсо, Британия фунт стерлинги мыйзам боюнча эки грамм таза алтын менен белгиленди, француз франкы болсо бир грамм алтынга барабар болду ж.б. Ошондуктан да, алмашуу курсу туруктуу болду.

Бул түзүм ичкериде да, тышкарыда да анын акча бирдиги кыйматын бекемдеди. Буга далил, 1910-жылы алтын баасынын рекорддук көрсөткүчтөрү 1890-жылдагы даражанын өзүнө жакын болду.

Бул система жоюлгандан кийин, кризистердин пайда болушу бир топ байкала баштады…

Экинчиден: Аллах буюрса, жакында тикелене турган ислам мамлекеттинин валютасы түзүлгөндө, ал үчүн эч кандай коркунуч жок. Эгерде башка өлкөлөр алтын менен күмүштү өз валютасы катары кабыл алуудан баш тартып, кагаз акча системасын улантып, андан кийин ислам мамлекетине таасир этүүгө аракет кылышса, алардын спекуляциясы ага таасир этет деп коркпош керек.

Бул мусулман өлкөлөрүнүн ар кандай тышкы спекуляциялардан коопсуздугун камсыз кылган артыкчылыктарына байланыштуу. Бул маселе боюнча экономикалык түзүм китебинде төмөнкүлөр айтылган:

Ислам мамлекетинин валютасы менен башка өлкөлөрдүн валюталарынын ортосундагы алмашуу курсу Ислам мамлекетине эки себептен улам таасир этпейт:

Алардын биринчиси, ислам өлкөлөрүндө үммөт жана мамлекет үчүн зарыл болгон бардык чийки заттар бар. Ал негизги же өтө зарыл муктаждык катары башка товарларга муктаж эмес. Ошондуктан, ал өзүнүн жергиликтүү продукциясына таяна алат жана курстук өзгөрүү ага таасир этпейт.

Экинчиден: Ислам өлкөлөрүндө дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө керектүү мунай сыяктуу товарлар бар. Эгер өлкөлөр анын баасын алтын менен төлөбөсө, аны сатууга тыюу сала алат. Өзүнүн жергиликтүү товарлары менен өзүн-өзү камсыз кылган жана  адамдарга керектүү  болгон баардык товарларга ээ болгон өлкөгө валюта курсунун өзгөрүшү эч кандай таасир эте албайт. Бул өлкө дүйнөлүк акча рынокторун көзөмөлдөй алат жана эч ким анын валютасын көзөмөлдөй албайт.

Ишенип кой, урматтуу бир тууганым, партияда акыл-эстүү, аң-сезимдүү жана туура ой жүгүрткөн адамдар бар, андан мурун да, кийин да Аллах Тааланын жардамы жана жетекчилиги бар, бул Ислам душмандарынын кутумчулугун өздөрүнө каршы бурууга жетиштүү.  Аллах Таала такыбалардын коргоочусу.

Бул жетиштүү деп үмүттөнөм, жана Аллах билүүчү жана өкүмдар.

Боордошуңар Ато бин Халил абу Рашта.

1447-х, 7- рамазан.

2026-ж, 24-февраль.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button