Улуу сахабий Асъад ибн Зурора (р.а)

Улуу сахабий Асъад ибн Зурора (р.а)
«Эй Расулулла каныбыз каныңыз астында, колубуз колуңуздун астында. Биз өзүбүздү, бала-чакабызды жана аялдарыбызды эмнеден коргосок сизди да ошол нерседен коргойбуз».
Бул улуу сахабий Абу Умама Асъад ибн Зурора ал ансарий ал-Хазражийдин сөзү. Ал ыйман келтирип, абдан кыска мөөнөттө – үч жыл ичинде Исламды жаюуда жана Мединада Ислам пайдубалына негиз салууда улуу иштерди жасады. Кийин нусрат берүүдө, байъатта жана мамлекетти тикелөөдө да улуу иштерди жасады. Мединада Авс жана Хазраж уруулары өздөрүнүн пикирлеринин каталыгын, жашап жаткан абалдын жамандыгын сезишер эле. Себеби, алар Мединага даъват жетишинен мурун өз ара тынымсыз кан төгүп, чатакташып келген. Алардын арасында Пайгамбар (с.а.в) келишинен 3 жыл мурун «Буас» окуясы болуп өткөн. Бул окуяда калктын көпчүлүгү жана көптөгөн уруу башчылар да өлгөн. Араларында аларды мындай абалдан куткара турган башка бир динге чакыруучу жок болгон. Ахли китеп болгон жөөттөр да аларга бирер даъват же пикирди көтөрүп чыкпас эле. Кала берсе, өздөрүнө жаңы пайгамбар келишин айтып сыймыктанышып, коркутушар эле (акыйкатта болсо, пайгамбар алардан болбоду). Алар кээде Авс менен, кээде Хазраж менен келишим түзүшөр эле, эки коомдун бытырандылыгы жана кас-душмандыгы күчөп барган.
Мына ушундай шартта, Пайгамбар (с.а.в) пайгамбар болуп жиберилгенине он бир жыл болгондо бани Нажжар саййиди Абу Умама Асъад ибн Зурора алты хазраждык менен Меккеге жол алат. Бул жылдары Пайгамбар (с.а.в) ажылыкка келгендерге Исламды сунуштап, алардан нусрат жана коргоо талап кылган.
Пайгамбарыбыз (с.а.в) өз коомунда абройлуу бирер адамды укса, аны менен байланар эле, алардын кээ бири терс жообун берсе, кээ бири үзүр айтышчу. Бирок, Абу Умама жана асхабдарынын позициясы өзгөчө болду. Алар Алла Таала ирада кылган жакшылыкка ылайыктуу болгон. Алар ыйман келтирип тастыкташты. Кийин алар өз коомунун абалын, нусрат берүүгө тоскоолдук боло турган бөлүнүү жана кастыкты айтышты. Бирок, алар коомун Исламга чакырууга убада беришти. Эгер, алар кабыл алышса Пайгамбар (с.а.в)дан азизирээк бир да кимсе болбостугун да айтышты.
Ибн Исхак айтат: «Алла Азза ва Жалла динин үстөм кылуусун, Пайгамбарын азиз кылуусун жана убадасын жүзөгө чыгарышын каалаган убакта, Расулулла (с.а.в) ажылык мезгилинде бир нече ансарларга жолукту. Ал киши Акабада турганда Алла аларга жакшылыкты каалаган Хазраж уруусунун бир тобуна жолукту. Расулулла (с.а.в) алардан «кимсиңер» деп сураганда, алар «Хазражданбыз» деп жооп беришти. «Жөөттөрдүн союздашсыңарбы» деп сураганда, алар «ооба» дешти. «Отуруп талкуулашабызбы» деди, алар «ооба» деп, ал киши менен отурушту. Расулулла аларды Алла Азза ва Жаллага чакырды, аларга Исламды сунуштап, Куръан окуп берди. Алар даъватты тастыктап, Исламды кабыл алышты. Кийин алар мындай дешти: «Биздин коомубуздун арасында жамандык жана кастык ушундай даражада дейсиң, мындай абал башка коомдордо учурабайт. Кана эми, Алла сиз себептүү аларды бириктирсе. Биз аларды сиздин ишиңизге чакырабыз жана өзүбүз кабыл алган динди сунуш кылабыз. Эгер, Алла аларды ушул дин үстүндө бириктирсе, сизден азизирээк адам болбойт». Кийин алар ыйман келтирген, тастыктаган абалдарында шаарларына кайтышты. Ибн Исхак айтат: «Мага айтылышынча, алар 6 чакты Хазраждык, анын ичинен бани Нажжардан Асъад ибн Зурора бар болчу».
Мына бул аз эле сөз менен, бирок улуу бир нур жана бекем акыйда менен Абу Умама Асъад ибн Зурора өзүнүн коомуна бани Нажжар буттарын талкалоону максат кылып кайтты. Ал ширктен жүз үйүрүп, хидаят нурун, тавхид (لا اله الا الله محمدر رسولالله) акыйдасын Расулулладан түшүнгөндөй, таза-нукура абалда көтөрүп чыкты. Ал жана анын асхабдары аркылуу кимдир бирөө ыйман келтирди, дагы башкасы куфрда калды. Бирок, анын жаңы динди сүйүү менен бекем кармоо баяны али аягына жетпеди жана анын көрүнүштөрү али бүтпөдү.
Биринчи Акаба байъаты
Кийинки жылы Асъад ибн Зурора зор ынтызарлык жана умтулуу менен кайтты. Ал коомундагы жаңы өкүлдөр менен бирге алардан талап кылынган нерселер үстүндөгү байъатты жана учурашууну жаңылоо үчүн кайтты. Алар Расулулла (с.а.в)дан аларга Куръан окута турган, динди түшүндүрүп өкүмдөрдү үйрөтө турган, өздөрүнөн көрө жаңы динди жакшыраак биле турган кишини алар менен бирге, Мединага жиберишин сурашты. Алла Таала алардын ишин Набий (с.а.в) жана даъват үстүндө бириктирсе ажеп эмес.
Ибни Исхак айтат: «Кийинки жылы ансарлардын он эки чактысы Расулулла (с.а.в) менен Акабада жолугушту. Бул биринчи Акаба байъаты эле. Алар Расулулла (с.а.в)га аялдар байъаты боюнча байъат беришти. Бул аларга согуш парз кылынышынан мурун болду».
Бухарий ушул байъат туурасунда Убада ибн Сомиттен «Ансар элчилери» бабында айтып өтөт. Анда бул коом Набий (с.а.в)га кандай байъат бергени жөнүндө айтылат. Убада ибн Сомит айтат: «Расулулла Акаба түнү (айланасында асхабдарынан бир канчасы бар эле): Келгиле, Аллага бирер нерсени шерик кылбоого, уурулук жана зына кылбоого, балдарыңарды өлтүрбөөгө жана өз тарабыңардан доомат токубооңорго жана маъруф иште мага асийлик (күнөө) кылбоого байъат бергиле. Араңардан кимиңер буга бапаа кылса анын ажыры Аллага калат. Кимде-ким булардын бирин кылса жана дүйнөдө жазасын алса, жаза анын каффараты. Кимде-ким бул иштерди кылып, Алла аны бекиткен болсо анын иши Аллага калат, Алла эгер кааласа жаза берет, кааласа кечирет», – деди. Убада ибн Сомит айтат: Мен мына ушуга байъат бердим».
Ибн Исхак айтат: «Расулулла (с.а.в) алар менен бирге Мусъаб ибн Умайрды аларга Куръан окуу, Исламды үйрөтүп динди түшүндүрүү үчүн жиберди. Мединада Мусъаб Куръан окутуучу деп аталды. Ал Асъад ибн Зуроранын үйүндө турчу».
Ибн Исхак айтат: «Асим ибн Умар ибн Катода рыбаят кылат: Мусъаб аларга имам болуп намаз окуп берчү. Себеби, Авс жана Хазраж бири-бирине имамдык кылышын жактырышпас эле». Ошентип, Абу Умама Асъад ибн Зурора Акабада биринчи ыйман келтирип, биринчи Акаба байъатына күбө болуп, Мусъаб ибн Умайрга турак-жай берүү пазилетине жетти.
Саъд ибн Муаз жана Усайд ибн Умайрлардын Исламга кирүүлөрүндөгү ролу:
Абу Умама Мусъаб менен бирге Мединага даъват ишин алып баруу үчүн кайтты. Абу Умама Мусъабды адамдарга алып барар эле. Ал Мусъабды тааныштырчу жана коргочу. Ал себептүү көпчүлүк адамдар Исламга кирди, жада калса Ислам ансарлардын үй-бүлөлөрүнө жайылды. Мусъаб бардык адамдарды, Мединадагы кубат ээлерин касд кылчу. Хазраж уруусу даъватка уруксат берди. Эми, Авс уруусунун уруксаты калган эле. Асъад ибн Зурора Мусъабды Авс уруусундагы бани Абдул Ашхал жана бани Зуфар үй-бүлөлөрүнө алып барды. Ал Саъаб ибн Муазды жана Авс саййиди Усайд ибн Хузайрды касд кылган болчу. Алла алардын экөөсүн тең ыйманга кирүүгө жетиштирди. Алар коому менен бирге динге кирди. Бул экөөсүнүн Исламга кириши жөнүндө көп үлгүлөр жана улуу ибраттар бар.
Ибн Исхак айтат: «Асъад ибн Зурора Мусъаб ибн Умайрды Бани Абдул Ашхал жана Бани Зуфар үй-бүлөлөрүнө алып барды. Саъд ибн Муаз Асъад ибн Зуроранын таяжесинин уулу болчу. Аны бани Зуфар короолорунун бирине алып кирди… Экөөсү короо ичине кирип, отурушту. Алардын айланасына Исламга кирген кишилер топтолушту. Саъд ибн Муаз жана Усайд ибн Хузайр ошол күнү коому Абдул Ашхалдын саййиддери эле. Экөөсү тең өз коомунун дининде болуп, мушрик болушкан. Экөөсү Мусъабды угушкан кезинде Саъд ибн Муаз Усайд ибн Хузайрга айтат: «Атаң жок болгур, алсыздарыбызды акмак кылуу үчүн корообузга келген тигил экөөсүнүн алдына бар. Экөөсүнө катуу тий жана корообузга келүүдөн кайтар. Эгер, Асъад ибн Зурора таяжемдин уулу болбогондо сенин ордуңа өзүм бармакмын. Мен ага каршы барууга шылтоо таба албаймын». Усайд ибн Хузайр найзасын алып экөөсүнүн алдына келди. Асъад ибн Зурора аны көргөндө Мусъаб ибн Умайрга: «Бул коомунун саййиди, ал сенин алдыңа келди. Сен анын астында Аллага садык болгун (акыйкатты айткын)», – деди. Мусъаб, «эгер отурса аны менен сүйлөшөмүн» деди. Усайд экөөсүн акаараттаган абалда айтат: «Силер эмнеге келдиңер? Экөөңөр алсыздарыбызды акмак кылып жатасыңар. Эгер, жаныңар керек болсо кайтып кеткиле». Мусъаб ага: «Отуруп угуп көрбөйсүңбү? Эгер, жакса кабыл ал, эгер жакпаса кабыл албайсың», – деди. Усайд «туура айттың» деп, найзасын жерге сайып, отурду. Мусъаб ага Ислам жөнүндө сүйлөп, Куръан окуп берди. Асъад ибн Зурора жана Мусъаб айтышат: «Биз анын жүзүнөн, сүйлөшүнөн мурун Исламды көрдүк». Кийин Усайд айтат: «Бул сөз кандай гана жакшы жана кооз, эгер бул динге кирүүнү кааласа эмне кылуу керек?» Алар айтат: «Жуунуп тазаланасың жана кийимдериңди тазалайсың, кийин шахадат калимасын айтып күбөлүк бересиң, кийин намаз окуйсуң». Ал туруп жуунду, кийимдерин тазалады, шахадат калимасын айтып күбөлүк берди жана эки рекет намаз окуду. Кийин экөөсүнө айтат: «Менин артымда бир киши бар, эгер ал силерге ээрчисе коомунан бири да ага каршы чыга албайт, мен азыр аны силерге жиберемин». Усайд найзасын алып Саъд жана коому алдына кетти. Алар өздөрүнчө сүйлөшүп отурушкан эле. Саъд ибн Муаз анын келе жатканын көрүп айтат: «Аллага касам, Усайд силердин алдыңардан кеткенден башкачараак жүз менен келе жатат». Усайд алардын алдына келгенде, Саъд ага «эмне кылдың» деди. Усайд айтат: «Мен экөөсү менен сүйлөштүм, аларда бир да зыянды көрбөдүм». «Аларды кайтардым, макул, сен айткандай кылабыз» дешти. «Мага айтууларынча, бани Хариса Асъад ибн Зурораны өлтүрүү үчүн, ал таяжеңдин уулу экенин билишсе да, сени анын адаштырышынан сактоо үчүн, аны издеп жолго чыккан имиш» деди. Саъд анын сөздөрүн угуп каарданды жана шашылып колунан найзаны алып, ага: «Аллага касам, сен эч нерсени эптей албадың», – деди. Кийин Саъд экөөсүнүн алдына кетти, барып аларды кадыржам абалда көрүп, Усайд аны да алардын угушун каалаганын билди. Аларды акараттаган абалда Асъад ибн Зурорага айтат: «Эй Абу Умама, эгер сен менен менин ортобузда тууганчылык болбогондо, мени бул абалда көрбөгөн болор элең. Сен үй-бүлөбүзгө биз каалабаган нерсени алып келе жатасыңбы?». Асъад ибн Зурора Мусъаб ибн Умайрга айтат: «Эй Мусъаб, Аллага касам, сага коомунун саййиди келди, эгер ал сага ээрчисе коомунда бирөөсү да ага каршы чыга албайт». Мусъаб ага: «Отуруп угуп көрбөйсүңбү? Эгер, бул ишке ыраазы болуп кааласаң кабыл аласың, эгер каалабасаң биз сен каалабаган нерсени сенден четтетебиз», – деди. Саъд «туура айттың» деп, найзасын жерге сайып отурду. Мусъаб ага Исламды сунуштады жана Куръан окуп берди. (Мусъаб жана Асъад айтат: «Аллага касам, ал сүйлөшүнөн мурун жүзүнөн Исламды көрдүк»). Кийин Саъд экөөсүнө айтат: «Силер бул динге кирүүдөн мурун эмне кылдыңар?». Алар айтат: «Жуунуп тазаланасың жана кийимиңди тазалайсың кийин, шахадат калимасын айтып күбөлүк берип, эки рекет намаз окуйсуң». Ал туруп жуунуп тазаланды, кийимин тазалады жана шахадат калимасын айтып, күбөлүк берип, эки рекет намаз окуду. Кийин найзасын алып коомунун алдына кайтты. Усайд ибн Хузайр алар менен бирге эле.
Ибн Исхак айтат: «Коому анын келе жатканын көрүп айтышты «Саъд силердин алдыңардан кеткенден көрө башкачараак жүз менен кайтып келе жатат». Ал алардын алдына келип: «Эй бани Абдул Ашхал менин ишимди кандай деп билесиңер?». Алар айтат: «Сен биздин саййидибиз, пикирлүүрөөк жана аң-сезимдүүрөөксүң». Саъд айтат: «Силер Аллага жана анын Расулуна ыйман келтирбес экенсиңер эркек жана аялдарыңардын сүйлөшү мага арам», – деди.
Саъд жана Усайд айтат: «Аллага касам, Абдул Ашхал үй-бүлөсүнүн эркек жана аялдары таң атканга чейин мусулман болду. Асъад жана Мусъаб Асъаддын жайына кайтып келип, адамдарды Исламга даъват кыла баштады. Ансарлар үй-бүлөлөрүндө мусулман болбогон эркек жана аял калбады. Бани Умайя ибн Зайд, Хатама, Ваил, Вакиф үй-бүлөлөрүнүн баары Исламга кирди». Ошентип, бани Абдул Ашхал (үй-бүлөсү) Исламга кирди, алардын артынан Авс үй-бүлөлөрүнүн көпчүлүгү да Исламды кабыл алды. Коомунун саййиди болгон бул эки кишинин Мединадагы даъваттын жайылышына чоң таасири болду. Кала берсе, Авс менен Хазраждын коргоочу жана нусрат берүүчүлөрү да даяр болду. Меккеде болсо коомдун чоңдору кежирлик кылып, Расулулланы жалганчыга чыгарып көп адамдарды даъваттан тосушту. Медина калкы саййиддеринин көпчүлүгү калбдары изгиликке ыктады, акылдары акыйкатты кабыл алды. Натыйжада, акыйкатты көтөрүп чыгуучу мамлекет алардын жеринде тикеленди. Бүткүл инсандарга хидаят болушу үчүн Ислам рисалаты Мединадан дүйнөгө жайылды.
Мусулмандарды бириктирген биринчи адам
Бул улуу сахабийдин мусулмандар менен биринчи болуп жума намазын окуп бериши да анын пазилеттеринен. Мусъаб (р.а) да бирге болгон деп да айтылат.
Ибн Исхак айтат: «Мухаммад ибн Абу Умама ибн Сахл ибн Хунайф атасы Абу Умамадан, ал Абдурахман ибн Каъаб ибн Маликтен рыбаят кылат, «Мен атам Каъаб ибн Маликти көзү көрбөй калгандан кийин жетелеп жүрөр элем. Мен атамды жума намазына жетелеп чыкканымда, атам жума азанын укса Абу Умама Асъад ибн Зурорага дуба кылчу. Мындай абал уланды. Мен өзүмө өзүм, атамдын Абу Умамага дуба кылышынын себебин сурабаганым өзүмдүн ажыздыгымдан дедим. Мен бир күнү ар сапаркыдай атамды жума намазына алып чыктым. Атам жума азанын укканда ага дуба кылып, ага магфират тиледи. Мен атама айттым: «Эй ата сиз эмне үчүн жума азанын уксаңыз Абу Умамага дуба кыласыз?». Атам айтат: «Эй уулум, ал Мединада бизди жума намазына жамдаган биринчи адам». Мен «ошол күнү силер канча элеңер» деп, сураганда, ал «40 киши элек» деп, жооп берди.
Экинчи «Акаба» байъатында коомдун накиби (башчысы) катары Набий (с.а.в)га байъат бериши
Пайгамбар (с.а.в)дын элчи болуп жиберилишинин 13-жылы Мусъаб ибн Умайр Меккеге келип, Мединадагы ыйман, Ислам дини жана пайгамбарына нусрат берүү үчүн жетиштүү коргоо жөнүндө кушкабар берди. Чындыгында, Расулулла (с.а.в) абасынын өлүмүнөн кийин, Роббисине коомунун өзүнө жана динине азап жеткирип жатканы жөнүндө арызданган эле. Алла Таала айтат:
} ¾Ï&Î#Ï%ur Éb>t»t ¨bÎ) ÏäIwàs¯»yd ×Pöqs% w tbqãZÏB÷sã {
– «(Алла Таала Мухаммад (с.а.в)): «Роббим, чындыгында тигилер ыйман келтирбей турган коом», – деген (сөздөрүн да билет)». [43:88].
О.э. Роббисинен жардам бере турган султанды сурап дуба кылчу. Алла Таала айтат:
} @yèô_$#ur Ík< `ÏB y7Rà$©! $YZ»sÜù=ß #ZÅÁ¯R {
– «Мен үчүн Өз даргөйүңдөн бир жардамчы кубат тартуу кылган». [17:80].
Алла Таала ал кишини уруулардан нусрат талап кылууга буюрду. Ошондуктан, ал киши даъватка ыйман келтирип нусрат бере турган коргоо жана кубат ээлерин издечи. Имам Табарий ушул аяттын тафсиринде Катададан накыл кылат. Алланын Пайгамбары бул ишке султандык менен гана жетишип боло турганын билип, Алла Азза ва Жалланын Китебин, Алланын мыйзамдарын, парздарын жана Алланын динин тикелөөгө нусрат берүүчү султанды сурады. Абу Хатам айтат: «Алла Азза ва Жалла Расулулланы араб урууларын жалгыз Аллага даъват кылууга буюрду. Муну менен алар бир да нерсени Аллага шерик кылбастан, Расулуллага нусрат берип аны тастыкташсын».
Бул нусрат Мединада жүзөгө чыкты. Себеби, коом саййиддери нусрат жана коргоону жүзөгө чыгарууга мүмкүнчүлүк бере турган нерсеге жооп беришкен эле. Экинчи Акаба байъатында нусрат берүүчү султандыкка жана ар кандай абалда болсо да иш ээлерине моюн сунууга байъат берилген. Мен төмөндө бул рыбаятты накыл кыламын. Бул рыбаят ал байъаттын беренелеринде келген нерсени о.э. бул байъатта Асъад ибн Зурора маанилүү роль ойногонун ачып берет. Бул рыбаятта келген маанилерди башка көптөгөн рыбаяттар да тастыктайт.
«Укайл ибн Абу Талибдин «Муснад»ында келишинче, Аббас ибн Абдул Мутталиб аларга: «Эй, Авс жана Хазраж жамааты, бул инимдин уулу жана мага эң сүйүктүү адам. Эгер, аны тастыктап, ага ыйман келтирип жана аны бирге алып чыгып кетмекчи болсоңор, мен кадыржам болушум үчүн силер аны жардамсыз таштабайбыз жана ага кыянат кылбайбыз деп силер мага ахд-убада беришиңерди каалаймын. Силерге душман болгон жөөттөр менен жашайсыңар, алар жээниме зыян жеткирип коюшунан коркомун», – деди. Асъад ибн Зурора Набий (с.а.в)га карап айтат: «Эй Расулулла, ар бир даъваттын оор же жеңил жолу болот. Сиз бизди бүгүн адамдарга жаман жана оор болгон даъватка чакырдыңыз. Сиз бизди динибизди таштап, сиздин диниңизге ээрчүүгө чакырдыңыз, бул оор абал, биз буга ыраазы болдук. Сиз бизди адамдар менен биздин ортобуздагы тууганчылык жакын жана алысты үзүүгө чакырдыңыз, бул оор абал, биз буга да ыраазы болдук. Биз эч ким жеңе албай турган азиз жана күчтүү жамаатпыз. Сиз бизди үстүбүздөн өзүбүздөн башка коом жана абалары жалгыздаткан бир кишини башчылык кылышына чакырдыңыз, бул да оор нерсе. Биз муну да кабыл алдык. Бул абалдардын баары Алланын рушду хидаятына талпынган жана жакшы акыбетти каалаган кишилерден башка адамдарга жаман. Биз тишибиз жана калбыбыз менен сиз келтирген нерсеге ыйман келтирип, тастыктап жана калбыбызга орношкон таалим менен ыраазы болдук. Биз сизге сизди да, бизди да Роббибиз болгон Алланы ортого коюп байъат беребиз. Алланын колу биздин колубуз үстүндө, каныңыз каныбыздан үстөм жана колуңуз колубуздан үстөм (т.а. сизге жаныбызды тапшырабыз, биз кол астыңызда болобуз). Биз өзүбүздү, бала-чака жана аялдарыбызды эмнеден коргосок, сизди да ошол нерседен коргойбуз. Эгер, биз буга бапаа кылсак, биз Аллага бапаа кылдык жана биз муну менен бактылуу болобуз, эгер кыянат кылсак, демек биз Аллага кыянат кылдык жана биз муну менен бактысыз болобуз, муну чын дилден айтуудабыз, Эй Расулулла (с.а.в) жардам сурала турган Зат Алла». Кийин Аббас ибн Мутталибге карап айтат: «Сен Набий (с.а.в) алдында бизге каршылык билдирдиң, муну менен эмнени каалаганыңды Алланын Өзү билет. Сен Набий (с.а.в)ды агамдын уулу, мага эң сүйүктүү адам деп айттың. Биз дагы жакын жана алыс туугандардан үзүлдүк. Бул кишинин келтирген нерсеси адам сөзүнө окшобойт, ал жалган эмес, Алла Өз алдынан жиберилген элчи деп күбөлүк бердик. Сен анын ишинде ахд-убада алмайынча кадыржам боло албашыңды айттың. (Биз бул ахдды бир гана Расулуллага беребиз). Сен каалаганыңды ал», – деди. Кийин Набий (с.а.в)га карап айтат: «Эй Расулулла (с.а.в), өзүңүз жана Роббиңиз үчүн каалаганыңыздай шарт коюңуз». Набий (с.а.в): «Роббим үчүн ага ибадат кылып, ага бир да нерсени шерик кылбооңорду, өзүм үчүн болсо, өз жандарыңарды, бала-чака жана аялдарыңарды коргогондой мени да коргошуңарды шарт кыламын», – деди. Алар айтат: «Биз ыраазыбыз, эй Расулла (с.а.в)».
Расулулла (с.а.в) ушул шарттар менен эле чектелип калбастан, алардан коом үстүнөн жоопкер боло турган накиб (башчы) болушун талап кылды. Абу Умама Асъад ибн Зурора биринчи накибдерден болду. Накибдер ичинде андан жашыраагы жок эле. Муну Нажжар аны Расулулла (с.а.в) менен биринчи кол беришкен адам дешет.
Бул байъаттын мааниси эч кимге сыр эмес. Бул байъат хижратка жана мамлекет тикеленишине себеп болду. Курайш даъват кабарын уккан кезде коркууга түштү. Кийин Мединалык ажыларды, мусулман жана мушриктерди топтоп байъат иши туурасында касам ичүүлөрүн талап кылды. Алардын мушриктери (алар ошол күнү мусулмандардан көбүрөөк эле) ошол түнү болуп өткөн нерсени билишпеген. Ошондуктан, өздөрү менен Расулулла ортосунда эч нерсе болбоду деп касам ичишти. Курайш байъат кабарын аныктагандан кийин алардын артынан кууп барып эки кишини тосуп калды. Роббиюл аввал айынын он экиси, мына ушул байъатка ылайык Набий (с.а.в) Мединага хижрат кылып, иштер тизгинин жана жетекчиликти колуна алды. Ар бир уруу Расулулла алардын үй-бүлөлөрүнө түшүшү шарапатына жетишүү үчүн аракет кылышты. Набий (с.а.в)дын төөсү бани Адий ибн Нажжар үй-бүлөсүнүн алдына жеткенде (ал анын тагасы эле), Салит ибн Кайс жана Абу Салит Асийра ибн Абу Харижа бани Адий ибн Нажжардан болгон кишилер курчоосунда ал кишини тосуп чыгышты. Алар: «Эй Расулулла (с.а.в), «бардык мүмкүнчүлүктөрү бар тагаңыздыкына түшүңүз» дешкенде, Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Анын жолун ачып койгула, ага буюрулган», – деди. Төөнү өз абалына коюшту, ал жолун улантты.
Асъад ибн Зурора жана Мечиттин курулушу
Зухрий айтат: «Расулулла (с.а.в)дын төөсү мечит ордуна чөктү. Бул жай ансарлардан Сахл жана Сухайл ысымдуу эки жетим баланын коргону болчу. Алар Асъад ибн Зуроранын карамагында болгон. Расулулла алар менен коргонду мечит кылып алуу үчүн соодалашты. Алар «Эй, Расулулла аны сизге белек кылабыз», дешти. Расулулла унчукпады. Ал жерди он динарга сатып алды.
Расулулла (с.а.в) келишинен мурун Асъад ибн Зурора ушул жерде намаз окуп, адамдарды топточу. Сахихте келишинче, Расулулла «эй, Бану Нажжар коргонуңардын баасын айткыла», деген. Алар «Жок, Аллага касам анын акчасын талап кылбайбыз, ажырын Алладан сурайбыз» дешти.
Асъад ибн Зуроранын көз жумушу
Асъад ибн Зурора Расулулла (с.а.в) келгенден алты айдан кийин хикичак (ангина) себептүү дүйнөдөн кайтты. Ибн Исхак айтат «Ошол айда Асъад ибн Зурора дүйнөдөн кайтты. Мечит курулуп жатканда ал хикичак оорусуна учураган эле.
Жөөттөр «Эгер, ал пайгамбар болгондо, досу өлбөгөн болор эле», деп айтышты. Расулулла (с.а.в) айтат: «Мен өзүм жана сапташ досум үчүн Алладан эч нерсеге ээ эмесмин».
Ибн Исхак айтат: «Мага Асим ибн Умар ибн Катада ансарий айтты «Абу Умама Асъад ибн Зурора дүйнөдөн кайтканда Бани Нажжар уруусу Расулулланын алдына чогулду. Абу Умама алардын накиби болгон. Алар – Эй, Расулулла, анын орду кандай экенин билесиз, анын ордуна ал жасап жаткан ишти кыла ала турган бирер кишини дайындаңыз – дешти. Расулулла (с.а.в) аларга «Силер менин абаларымсыз, мен силердин араңардамын жана мен силердин накибиңермин», деди. Коому үстүнөн Расул (с.а.в)ды накиб деп эсептөөлөрү бани Нажжар үчүн пазилет. Расулулла (с.а.в) Асъад ибн Зуроранын кесел экендигин билгенде, аны зыярат кылды. Ал хикичак оорусуна кабылган эле. Кийин ал көз жумду. Асъад кыздарын Расулуллага осуят кылды. Анын үч кызы болгон. Алар Расулулланын кепилдигинде жана тарбиясында болду.
Асъад ибн Зурора дүйнөдөн кайтканда, аны жууп, кепиндөөдө Расулулла (с.а.в) өзү барды жана дуба кылды. Расулулла (с.а.в)дын табыт алдында бара жатканы көрүндү. Аны Бакиъга көмүштү.
Багавий айтат «Ал хижраттан кийин өлгөн биринчи сахабий, Расулулла (с.а.в) намаз окуган биринчи сөөк». Вакидий Абдулла ибн Абу Бакр ибн Хазмдан рыбаят кылат «Бакиъга көмүлгөндөрдүн биринчиси Асъад ибн Зурора. Бул ансарлар сөзү».
Үммөтүбүз Халифалыкка умтулуп аны тикелөө себептери жөнүндө изденишүүдө. Бул үммөт үч жылга да жетпеген кыска мөөнөт ичинде улуу иштерди ишке ашырган бул улуу сахабий сыяктуу улуу инсандар сийратына ээрчүүгө аябай муктаж болуп турат. Биз бул сийраттан өлчөө-ченем алып анын негизинде хидаят жолун кармашыбыз керек. Мүмкүн, ошондо Алла Таала ошол улуу инсандардай Ислам азиздигин кайра тикелегендей, Куръан менен өкүм жүргүзүү жана калктардын эң жакшысы болгон Пайгамбар (с.а.в) сүннөтүн улуу даражасына кайтарууну биздин колубуз менен ишке ашырар. О.э. биз Аалий, Кадыр Зат Алладан бизге ошол улуу инсандар ыйманындай ыйман, алардын ыкласындай ыклас, алардын курмандык берүүлөрүндөй Исламга курмандык берүүнү сурап калабыз.

