Басма сөз

Халифалык – бардык мусулман жерлерин, анын ичинде Иран жана Газаны америкалык кресттүүлөр чабуулдарынан коргой турган жалгыз түзүм

Басма сөз баянаты

Халифалык – бардык мусулман жерлерин, анын ичинде Иран жана Газаны америкалык кресттүүлөр чабуулдарынан коргой турган жалгыз түзүм

Иранга «келишимди» жыйынтыктоо үчүн Трамп берген мөөнөт б.а. 10 күндөн 15 күнгө чейинки эскертүү аяктап баратат. Аймактын үстүндө согуш булуттары коюуланып жатат. Чынында эле, аймакта согуштук абалда АКШнын «USS Gerald R. Ford» жана «USS Abraham Lincoln» деген эки авианосецтик сокку тобу жайгаштырылды. Ушундай согуш коркутуулары шартында Америка Ирандан өзүнүн өзөктүк жана ракета программалары боюнча багынып берүүсүн талап кылууда. Ал өзүн жер жүзүнүн падышасындай алып барып, анын буйругун четке кагууга эч ким батына албагандай мамиле кылууда. АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф Трамптын нааразычылыгын билдирип, Трамп Ирандын бул үстөм аскерий күч алдында азыркыга чейин баш ийбегени үчүн таң калып жатканын айтты.

Ушул өтө кооптуу бурулуш учурында Хизб ут-Тахрир / Пакистан вилаяты куралдуу күчтөргө жана жалпы үммөткө төмөнкү пункттарды сунуш кылат:

  1. 1. Иранга каршы чабуул – Америка мурда түздөн-түз Афганистанга, Иракка, Сирияга, Йеменге, Иранга жана Газага жасаган чабуулдарынын узак тизмегинин бир бөлүгү. Мындан тышкары, Пакистан, Сомали жана Ливия сыяктуу өлкөлөр да дрон чабуулдары, аба соккулары жана башка жердеги операциялар аркылуу америкалык аскерий операциялардан аман калган жок. АКШ генералы жана НАТО альянсынын мурдагы кол башчысы Уэсли Кларк Пентагондун Ливан, Сирия, Ирак, Ливия, Сомали, Судан жана Иран сыяктуу жети исламий өлкөнү көзөмөлгө алуу пландары тууралуу айткан. Бул жерде суроо туулат: качанга чейин мусулман өлкөлөрү биринин артынан бири америкалык үстөмдүктүн астына кулап, ал жерлерде мусулмандар кыргынга учурай берет, ал эми биз өзүбүзгө кезек эч качан келбейт деп ойлоп жүрө беребиз? Дал ушул улуттук чек араларга бөлүнгөн жасалма түзүмдөр мусулмандардын күч биримдигин талкалап, бизди кафирлер үчүн жеңил олжого айлантты.
  2. 2. Американын Афганистанга, Иракка жана башка мусулман өлкөлөрүнө жасаган чабуулдары исламий аймактагы мамлекеттердин практикалык колдоосу жана алардын аймагында америкалык аскерий базалардын болушу болбосо, мүмкүн эмес эле. Америка Иракты Саудия, Иордания, Кувейт жана Катар сыяктуу мамлекеттердин колдоосу менен басып алган. Ал эми Афганистанды басып алууда Пакистан негизги ролду ойногон. Сириядагы мусулмандарга каршы чабуулдарда Америка иран режиминин кызматташуусунан пайдаланган. А түгүл Америка менен яхудий түзүмү Газага каршы биргелешкен согуш жүргүзгөндө да бардык аймактык режимдер Америка менен яхудий түзүмүнүн тарабында турушкан.

Бүгүнкү күндө бул кыянатчы башкаруучулар Трампка таандык «Тынчтык кеңеши» деп аталган түзүмдүн бир бөлүгүнө айланып, Газа үстүнөн америкалык баскынчылыкты бекемдөөгө кызмат кылып жатышат. Айкын көрүнүп тургандай, исламий өлкөлөрдүн башкаруучулары уяттуу ролду аткарып, Америкага моюн сунган вассалдардан ашыкча боло албай жатышат.

Чынында, эгер Пакистан, Түркия же Египет сыяктуу бир эле мамлекет Иран тарабында турса, анда Ормуз кысыгында америкалык аскерий күчтү көмүп салмак. Эгер Пакистан өзүнүн гиперүндүү ылдам ракеталары менен америкалык авианосец флотторун чөктүрсө, Американын мизи кайтарылмак. Анткени бардык коргонуу системаларына карабастан, америкалык деңиз флоттору оңой бута бойдон калууда.

Үммөттүн чыныгы дарты – Америкага моюн сунган башкаруучуларында. Алар алып ташталмайынча, үммөттүн абалы өзгөрбөйт.

  1. 3. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:

«ذِمَّةُ المُسْلِمِينَ وَاحِدَةٌ… وَهُمْ يَدٌ عَلَى مَنْ سِوَاهُمْ»

“Мусулмандардын амандыгы (кепилдиги) бир… жана алар башкаларга каршы бир кол сыяктуу”.

(Абу Дауд, Тирмизи, Ибн Маажа риваят кылган).

Дагы ﷺ: айтты

«المُسْلِمُ أَخُو المُسْلِمِ، لَا يَظْلِمُهُ، وَلَا يَخْذُلُهُ، وَلَا يَحْقِرُهُ»

“Мусулман – мусулмандын бир тууганы, ага зулум кылбайт, аны таштап койбойт жана аны кемсинтпейт”. (Сахих Муслим).

Иран режими мусулмандарга зулум кылууну улантып жатканына карабастан, Ислам бизге мусулман жерлерин коргоо үчүн биригүүнү парз кылат. Аллахтын өкүмү улуттук кызыкчылыктардан, жасалма чек аралардан жана атайын козутулган мазхабдык бөлүнүүлөрдөн жогору турат. Эгер Пакистан, Иран жана Түркия бир Халифалыктын алдында бириксе, анда бул мамлекет кең аймакка, көп калкка, мол айыл чарба ресурстарына, ири энергия запастарына, күчтүү куралдуу күчтөргө, бекем аскерий-өнөр жай комплексине, өнүккөн учактарга, ракеталарга жана абадан коргонуу системаларына, ошондой эле өзөктүк куралга ээ болмок. Андай учурда эч бир кафир мамлекет, атүгүл Америка да, бул мамлекетке кол салууга батына албайт эле. Тескерисинче, яхудий түзүмү анын аскерлери кыймылга келерден мурун эле коркуп титиремек. Дал ушул Халифалык мусулман аскерлерин жихад үчүн кыймылга келтирип, яхудий түзүмүнүн бар болушуна чекит коёт.

Ошондуктан Хизб ут-Тахрир Пакистан куралдуу күчтөрүндөгү күч ээлерин Халифалыкты тикелөө үчүн ага нусрат берүүгө чакырат. Бул – аймактык жана эл аралык абалды кафир мамлекеттердин башына оодаруу үчүн, үммөттүн күчүн бириктирүү жана Аллахтын буйругун ишке ашыруу. Аллах Тааланын каалоосу менен бул алар үчүн акыретте “азык” болуп, Аллах аларга биринчи исламий мамлекетти тикелөө үчүн Пайгамбарыбыз ﷺ га байъат кылган ансарлардын сообун берет.

Хизб ут-Тахридин Пакистан вилаятындагы маалымат бөлүмү

25.02.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button