Комментарий
Trending

Президент Ажиевге ырайым бергенине түшүндүрмө берди

Президент Ажиевге ырайым бергенине түшүндүрмө берди

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек куруп, коомчулукта талкуу жаратып жаткан вебкам иши боюнча соттолгон Даниел Ажиевге ырайым берилишине түшүндүрмө берди. Анын турмөдөн тик учак менен учуп кеткени тууралуу видео коомчулукта кызуу талкууланып жаткан.

Жапаровдун айтымында, Ажиевдин апасы баласына ырайым беришин сурап, президенттин жеке ватсап номуруна видео аркылуу чалып кайрылган. Ал уулу жок жашоосу оорлоп кеткенин айткандыктан, президент ырайым кылган.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын 31-июлунда Ажиевди Кылмыш-жаза кодексинин “Сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөктөшүү”, “Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу”, “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” жана “Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү” боюнча күнөөлүү деп таап, ага 220 миң сом айып салган. Сот анын мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга абакка кескен. Бул өкүмдү кийинки инстанциялар күчүндө калтырган.

Комментарий:

Камакка алынганга чейин Ажиев бир нече мамлекеттик таасирдүү адамдарды атап, дагы башка толтура аткаминерлерге компраматы бар экенин, ошондуктан, эч ким кылын кыйшайта албасын айткан эле. Муну менен ал элитанын бузук иштерин тейлеп келгенин кыйыр түрдө ырастаган.

Салыштырмалуу түрдө Ажиевдин аракеттерин азыр дүйнөнү дүңгүрөтүп жаткан “Эпштейн окуясынын” чакан көрүнүшү катары айтсак болот. Бул жалпы чырга Трамп жана Клинтон сыяктуу президенттер баштаган батыштагы «элитанын» өкүлдөрү аралашкан.

Демек, Эпштейн окуясын капиталисттик дүйнөнүн чыныгы жүзүн көрсөткөн үлкөн үлгү деп алсак, анда Кыргызстандагы вебкам иштери анын чакан гана бир көрүнүшү болуп саналат. Булардын баары пайдага негизделген капиталисттик системанын жемиштери.

Ушул эле окуянын каршысында, Кыргызстанда эчендеген даъватчы жигит-кыздарыбыз ондогон жылдан бери камакка алынып, бул жалган айыптоолор учурда да уланып жатат. Маселен, Ноокен районунда беш эже-карындашыбыз Исламдан таалим бергени үчүн камакка алынып, дагы эле тергөө абагында кармалып отурат. Алар жергиликтүү күч кызматкерлеринин жетекчилерин ыраазы кылуу дымагынын курмандыктары болушту.

Ошондой эле, өлкөдө даъватчылардын соттолуп кеткендери – тиешелүү мыйзамдарга ылайык – амнистияга да, эрте бошотууга да илинишпейт(!) Бул калкы мусулман болгон Кыргызстанда капитализм колдонулушунун акыбети! Бузукулук – кадыресе иш да, чыныгы даъват – оор кылмыш эсептелет!!! О.э. бул калыс даъватчыларыбыз абактарда башка адамдардан өзүнчө бөлүп кармалат. Максат, камактагы башка адамдарга даъват жетишине тоскоолдук кылуу.

Дааватчылар менен бийликтин ортосундагы мындай абал – Мекке мушриктери Пайгамбарды (с.а.в) туугандары менен бирге камал-блокадага алган абалды эске салат. Анда мушриктер өз ара келишип, камал кылуу аркылуу Пайгамбардын (с.а.в) даъваты менен калктын арасын ажыратабыз деп ойлошкон. Каабанын дубалына ушул келишимди кат кылып жазып, илип коюшкан. Бирок, Аллахтын уруксаты менен, үч жылдан соң, калк ичиндеги калыс адамдардын колу ал катты жыртып таштады. Ошентип, даъват менен калктын ортосундагы бир тосук алып ташталды. Ошондуктан, Кыргызстандын мусулман калкы да, тарыхта калган ошол калыс адамдардын ишин кылуулары керек.

Ошондой эле, акыйкатты жеткирип жаткан дааватчылардын чакырыгын кабыл алып, сойкулукту жайылткан сутенерлордун коркунучун, диний адабият үчүн кармалган алсыз аялдарды коргоп, үйлөрүнөн миллиондогон долларлык каражаттар табылган паракор күч кызматкерлеринин ишин адилеттүү кароону талап кылуу зарыл.

Нурдин Асаналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button