Макала

Халифалык индус-яхудий альянсына каршы туруунун жалгыз чечими

Халифалык индус-яхудий альянсына каршы туруунун жалгыз чечими

2026-жылдын 25-февралында Индия премьер-министри Нарендра Моди яхудий түзүмүнүн парламентинде сөз сүйлөдү. Анын сөзү Куранда айтылган яхудийлер менен мушрик индустардын мусулмандарга болгон катуу душмандыгы тууралуу акыйкатты дагы бир жолу тастыктады. Аллах Таала мындай дейт:

﴿لَتَجِدَنَّ أَشَدَّ النَّاسِ عَدَاوَةً لِّلَّذِينَ آمَنُوا الْيَهُودَ وَالَّذِينَ أَشْرَكُوا﴾

«Ыйман келтирген адамдарга эң катуу душмандык кылуучу адамдар жөөттөр жана мушрик (Аллага шерик кылуучу) болгон кимселер экенин көрөсүң». (Маида: 82).

Бул душмандык Модинин сөзүндө ачык көрүнүп турду. Моди яхудий түзүмүнүн Газада кылып жаткан геноцид кылмышында террорчу тарабында турганын билдирип: «Индия (израиль) менен бекем жана толук ишеним менен, азыр да мындан кийин да бирге турат», — деди. Ошентип индус мамлекети яхудий түзүмү менен бир сапта турду, ал эми бул түзүм Газадагы кыргынды улантып, согушун Батыш жээкке, Ливанга, Сирияга, Катарга, Йеменге жана Иранга чейин кеңейтип жатат.

Андан соң Моди «терроризм» деп атаган нерсеге каршы чабуул жасады. Чындыгында бул термин анын Исламга, жихадга жана мусулмандарга каршы согушунун жабуусу болуп саналат. Ал мындай деди: «Эч нерсе терроризмди актай албайт. Индия да узак убакыт терроризмдин азабын тартты. Биз Мумбайдагы 26/11 кол салууларын жана жоголгон күнөөсүз жандарды, алардын ичинде “израилдиктерди” да эстейбиз. Силердегидей эле, бизде да терроризмге каршы эч кандай жумшактык болбогон туруктуу, кош стандарттарсыз саясат бар».

«Терроризмге каршы күрөш» деген жалган ураандын калкалоосу астында яхудийлер жана индустар мусулман жерлерин басып алышты, алардын мужахиддерин өлтүрүштү, балдарын кырып, аялдарына кол салышты жана динине каршы согуш ачышты.

Андан кийин Моди «терроризмге каршы күрөш» үчүн күчтүү чакырык жасады. Чындыгында бул — анын кожоюну Дональд Трамп жетектеп жаткан Исламга каршы глобалдык аракеттин бир бөлүгү. Ал мындай деди: «Терроризмге каршы туруу үзгүлтүксүз жана координацияланган дүйнөлүк аракетти талап кылат».

Ошондой эле ал Ислам динин яхудий жана насаралардын ширк дини менен теңдештирүүгө багытталган Абрахам келишимдери жөнүндө да айтып өттү. Ал мындай деди: «Бир нече жыл мурда силер Абрахам келишимдерине кол койгондо, биз силердин кайраттуулугуңарды жана алысты көрө билгендигиңерди жогору баалаганбыз». Андан соң ал яхудийлер менен мушрик индустардын Ислам үммөтүнө каршы, айрыкча анын эң күчтүү армиясы болгон Пакистан армиясына каршы эзелтен келе жаткан альянсына токтолду. Ал өткөн кылымда Пакистанга каршы Пакистанга жардам берген яхудий генералды эскерип, мындай деди: «1971-жылы Пакистан менен болгон согушта генерал Жакобдун баатырдык салымы кеңири белгилүү».

Ошондой эле ал яхудий түзүмү менен индуст мамлекети ортосундагы коопсуздук мамилелеринин күчтүүлүгүн ачык айтып, мындай деди: «Коргонуу жана коопсуздук – биздин өнөктөштүгүбүздүн дагы бир маанилүү тиреги. Өткөн жылдын ноябрында биз коргонуу тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койдук. Бүгүнкү күндө белгисиздикке толгон дүйнөдө Индия менен (израиль) сыяктуу ишенимдүү өнөктөштөрдүн ортосундагы күчтүү коргонуу өнөктөштүгү абдан маанилүү».

Чындыгында Ислам үммөтү бул жаман альянстан буга чейин эле азап тарткан. 2025-жылдын 7-майында Пакистан өз аба мейкиндигинде Индия учуруп жиберген, яхудий түзүмүндө жасалган дрондорду атып түшүргөн. Бул окуя Индия мурунку күнү өлкө аймагына бир катар соккуларды жасагандан кийин болгон. Ошондой эле 2024-жылдын 7-февралында индиялык TV9 Hindi каналынын билдирүүсүндө Хайдарабад шаарында чыгарылган индиялык дрондор яхудий түзүмүнүн муктаждыктарын камсыздоого салым кошору айтылган.

Эй Ислам үммөтү жана анын армиялары!

Силердин башкаруучуларыңар яхудийлер менен мушрик индустардын өсүп жаткан жаман альянсына каршы турбайт. Фикрат жагынан бул башкаруучулар улутчул. Алар «мекен куруу» жөнүндө сүйлөгөндө, алардын көз карашы мусулмандарды бөлүп-жарган жана алсыраткан улуттук чек аралардан ары өтпөйт. Алар эч качан үммөттү куруу жөнүндө ойлонушпайт. Ал эми үммөттү куруу улуттук чек араларды жоюуну жана Ислам үммөтүн дүйнөдөгү эң улуу мамлекет болушу үчүн бириктирүүнү талап кылат.

Саясий жактан болсо, бул башкаруучулар яхудий түзүмү менен индус мамлекетинин союздашы болгон Америкага көз каранды. Алардын ролу – үммөт армияларын кармап туруу.  Ошол эле учурда мусулмандар батышта яхудий түзүмүнүн, чыгышта индус мамлекетинин колунан кыргынга учурап жатат. Ошондон кийин бул башкаруучулардын ордуна Ислам менен өкүм жүргүзгөн, Ислам үммөтүн бириктирген жана анын душмандарына каршы күрөшкөн исламий жетекчиликти алып келүү зарылдыгына дагы кандай шек калышы мүмкүн?

Эй Ислам үммөтүнүн армиялары!

Туура акыл жүргүзүү Ислам үммөтүн бириктирүүнү талап кылат. Бул азыркы учурдун талабы гана эмес, силерге жүктөлгөн шаръий милдет. Аллах Таала мындай дейт:

﴿وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللهِ جَمِيعاً وَلَا تَفَرَّقُوا﴾

«Бардыгыңар Алланын жибине (Куранга) байлангыла жана бөлүнбөгүлө!» (Али Имран: 103).

Хафиз Ибн Касир өз тафсиринде мындай деген: «Ал аларга жамаат болууну буюрду жана бөлүнүп-жарылуудан кайтарды».

Бул аят мусулмандардын бирдиктүү түзүмдө биригиши парз экенине шаръий далил. Бир кезде Мадина ансарлары Ислам өкүмүн орнотуу жана мусулмандарды бир түзүмгө бириктирүү үчүн нусрат берген. Аллах алар аркылуу өз доорундагы яхудийлер менен мушриктерди жеңдирген.

Биздин заманыбызда да силердин араңардагы чыныгы ыймандуу адамдар яхудийлер менен мушрик индустардын колунан келген кордук жана кыянат доорун түбөлүккө жабышат. Мына ушул максатта Хизб ут-Тахрир силердин араңарда, силер менен бирге иш алып барууда. Ал силердин жакшыларыңарды жакындан тааныйт жана силерге мындай дейт:  пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үчүн ага нусрат берүү убактысы келди.

Мусъаб Умайр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button