Асыл хадис

Орозо жана намаз

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Орозо жана намаз

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: “رُب صائم ليس له من صيامه إلا الجوع، ورُب قائم ليس له من قيامه إلا السهر” رواه ابن ماجه

Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтты: “кээ бир орозо кармагандар орозосунан ачкачылыктан башка эч нерсе табышпайт, кээ бир түнкүсүн намаз окугандар намазынан уйкусуздуктан башка эч нерсе табышпайт”. Ибн Маажа.

Урматуу бир туугандар:

Эң жакшы сөз – бул Улуу Аллахтын сөзү, ал эми эң жакшы жол – бул Анын Пайгамбары (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) Мухаммаддын жолу.

Бул асыл хадис жана башка хадистер бизди чыныгы динибиздин маселелерине жана ибадатыбыз кандай болушу керектиги жөнүндө жол көрсөтөт. Улуу Пайгамбарыбыз ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, бул ыйык айда айрым адамдардын абалы жөнүндө кабар берди. Кээ бир мусулмандар тамак-аштан, суусундуктардан жана жашоонун ырахаттарынан баш тартышат, бирок алардын бул аракеттери аларды Аллахка жакындатпайт, ошондой эле алардын бардык амалдары кабыл алынбайт. Ошондуктан, алардын амалдары  жана иш аркеттери пайдасыз жана чачырап кеткен чаңга айланат. Алар чарчоодон жана кыйынчылыктан башка эч нерсе табышпайт. Айрымдары ал тургай, күндүзү  орозо кармап, түнкүсүн намаз окуп, ибадат кылгандан кийин дат (кыямул лайл) түнү бою ибаадат кылышы мүмкүн, бирок намаз окуудан жана кыямул лайл  кылуудан уйкусуздук менен чарчоодон башка эч нерсе табышпайт.

Бул жерде суроо туулат: бул кантип ушундай болушу мүмкүн?! Асыл аяттар жана хадистер мунун кантип болушу мүмкүн экенин шексиз ачык-айкын түшүндүрүп берген, анткени бул орозо кармап, намаз окуган адамга күнөөлөр  шерик болгон. Анын орозосу Аллах арам кылган  нерселерден тоскон эмес, ошондуктан анын иштерине эки жүздүүлүк (эл көрсүн) жана жаман сөздөрдү сүйлөө аралашып, орозосу бузулган. Ошондой эле, Аллахтан корккон орозо кармоочулар деп аталуу үчүн тамак-аштан жана суусундуктан баш тарткан эки жүздүүлөр (мунаафыктар) да бар. Аллахтан коркуучулар деп айтылуулары үчүн, алар түнкүсүн мусулмандар менен бирге намаз окушат, бирок Аллах Таала алардын жүрөгүндө эмне бар экенин жана напсилеринде эмне деп жатышкандыктарын билет. Бирок Ал, Кудуреттүү Аллах, бул ишти аларга калтырат, ошондо алар эмнеге жетишсе, ошого жетишет. Адамдар алар жөнүндө орозо кармап, намаз окушат жана тамак-аштан баш тартып орозо кармап, түнкүсүн намаз окуп максаттарына жетишти-деп ойлошот. Бирок алар  Кудуреттүү Аллахтын алдында эч нерсеге жетишпейт, анткени Анын алдында эч нерсе текке кетпейт. Башкача айтканда Аллахтын алдында алар  “эл көрсүн” деген өз максаттарына жетишет.

Бул жерде биз жыл бою Аллахтын пенделерине зулум кылгандарды белгилеп кетишибиз керек, алар Рамазан айы келери менен зулумдуктарын таштап, намаз окуп, орозо кармашат, ошондуктан алар жөнүндө эл арасында алар такыбаалардын катарында жана орозо кармап, намаз окушат  деп айтылат. Ошентип алар эл арасынан аларды коргой турган жана алар жөнүндө жакшы ойдо боло тургандарды табышат. Бирок, өкүнүчтүү, Аллах Таала алардын иштерин бир аз убакыттан кийин болсо да ачыкка чыгарат.  Алар Аллахтын алдында  дүйнөлүк сыйлыкка да, акыреттик сыйлыкка да ээ болушпайт.

Аллахтан  бизди ибаадатарыбызда эки жүздүүлөрдүн катарында болуудан сакташын жана адилетсиздиктери менен зулуму үчүн ибадаттарын парда катары жамынган эки жүздүүлөрдүн бетин ачуусун суранабыз. Бул Аллах үчүн кыйын эмес.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 16-рамазан.

2026-ж, 5-март.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button