Муфтият орозонун бүтүшүн ай жаңыра электе белгиледи

Муфтият орозонун бүтүшүн ай жаңыра электе белгиледи
Муфтият быйылкы орозо айт майрамын 20-мартка белгиледи. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул чечим Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңешмесинде кабыл алынган.
Белгилей кетсек, орозонун башталышы да алдын ала белгиленгендиктен, кыргызстандыктар орозону бир күн кечигип 19-февралда кармап баштаган.
Негизи мусулмандар жашап жаткан региондор, мейли бири-биринен алыста жайгашкан болсо да, алар орозо тутуу жана аны ачууда биригүүлөрү важип. Анткени, бул тууралуу ачык насс келген. Шариятта бирер маселе жөнүндө ижтихад талап кылбаган насс келген болсо ошол маселе жөнүндө айтылган сөздөргө каралбастан, бир гана насс алынат.
Пайгамбар (с.а.в)дын өзү да өзгөлөрдүн айды көрүшү менен орозо туткан жана аны ачкан. Анткени, Расулулла (с.а.в) өз алдында «айды көрдүм» деп күбөлүк берген адамга: Алладан башка илах жоктугуна жана Мухаммад Алланын Расулу экенине күбөлүк бересиңби? – дегенде, анын «ооба» деп жооп бергени менен чектелген. Анткени, бул – шаръий өкүмдөгү күбөлүк берүү түркүмүнө кирет жана ал мусулман адамдан гана кабыл алынат.
Байхакий өз «Сунан»ында Али ибн Ахмад ибн Абдан риваят кылат. «Расулулла (с.а.в) бизге айды көрүп орозо тутууга жана айды көрүп орозону ачууга, эгер асман булуттуу болсо (шаъбанды) отуз күн кылып эсептөөгө буюрган». Ибн Аббас аны тафсир кылган абалда айткан.
Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты:
«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ، فَإِنْ غُمَّ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا الْعِدَّةَ ثَلاَثِينَ»
«(Ай)ды көрүп орозо туткула жана айды көрүп орозону ачкыла. Эгер (асман) булуттуу болсо санакты отуз күн кылгыла» (Т.а. шаъбанды отуз күн кылып эсептегиле).
Мусулмандар орозо тутуу жана орозону ачууда биригүүлөрү зарыл экени туурасында келген эң ачык хадис мына ушул. Себеби, Расулулла (с.а.в)дын: «صُومُوا وَأَفْطِرُوا орозо туткула жана орозону ачкыла» деген сөздөрү бүтүндөй Үммөтү үчүн айтылган.
Эми, астрономиялык эсептөөлөр айдын чыгышын анык белгилей алат деген сөзгө келсек, астрономдор күн батып бара жатканда айдын көрүнүшү туурасында убакытты ар түрдүү белгилешет. Ошондой болсо да, өкүм айдын чыгышын көз менен көрүүгө байланыштуу. Расулуллах (с.а.в) бизди ушуга буюрган:
«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ، فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»
«Айды көрүп орозо туткула (орозону баштагыла), айды көрүп ооз ачкыла (орозону бүтүргүлө), эгер асманды булут каптаган болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла». Себеби, Рамазан айы бар болушу, бирок, булут тосуп турганы себептүү көрүнбөй калышы мүмкүн. Ошондо биз бул хадиске ылайык санакты толук жеткиребиз. Демек, орозо кармоонун далилдеринде келгендей айды көрүү важиб.
Демек, орозону кармоону жана рамазандан чыгууну белгилөөдө астрономиялык эсептөөлөр жайиз болбойт, шаръий көрүү важиб.
Жыйынтыктап айтканда, ай тууралуу ачык далилдер турганына карабай ихтилаф кылуу мусулман өлкөлөрү арасында бөлүнүүнү күчөтүү саясатына кызмат кылат. Алар мындай фатваларын шаръий өкүмгө ээрчигени үчүн эмес, тескерисинче, Сайкс Пико келишимине моюн сунганы үчүн ишке ашырышууда. Маселен, Түрк мамлекеттер уюму улутчулдук тар пикиринен келип чыккан ураандарга негизделген. Ошондой эле Американын Борбор Азия аймагын Түркия аркылуу Орусия менен Кытайдан алыстатуу саясатына кызмат кылат. Муну менен каапырлар бир бүтүн үммөттүн арасына бүлүк салууну гана каалашат. Бул болсо Аллах Тааланын мусулмандарды бир бүтүн үммөт болуу буйругуна тескери келет. Аллах айтат:
«Чындыгында, бул үммөт – бир гана үммөт» (Анбия сүрөөсү, 92). Бул чындыкты Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) Медина келишиминде мындайча билдирген: «Алар адамдардын арасынан чыккан бир үммөт» (Ибн Хишам).
Андыктан, биз мусулмандар Орозонун баштоодо жана бүтүрүүдө шарият өкүмүн бекем карманып, каапырлардын мусулмандарды бөлүп-жаруу саясатына кызмат кылып калуудан этият болушубуз керек.
Мумтаз Мавераннахрий




