Комментарий

Россия Билим берүү мекемесиндеги хижабга тыюу салуу аракети

Россия Билим берүү мекемесиндеги хижабга тыюу салуу аракети

Жаңылык:

Салехард шаарындагы Ямал көп тармактуу колледжинде муслима кыздардын хижаб кийүүсүнө тыюу салууга дагы бир аракет жасалды. Өзүнүн аты-жөнүн ачыктоону каалабаган колдонуучулардын бири Салехард жаңылыктары форумунда мындай деп жазган: «Ямал көп тармактуу колледжинде эмне болуп жатат? Хижаб кийген студент кыздардын бүтүрүү аземине катышууларына тыюу салынды. Ошондой эле аларга бүтүрүү кечесин татыктуу өткөрүүгө да уруксат берилбей жатат. Анткени алар кийе турган кийимдеринин сүрөттөрүн алдын ала жиберип, бекиттириши керек экен. Эгерде администрацияга жакпай калса, анда алар аны өзгөртүүгө милдеттүү».

Мунун натыйжасында социалдык тармактарда колледждеги расмий иш-чараларда хижаб менен көрүнүүгө тыюу салынганы тууралуу талкуу жүрдү. Кыязы, колледж жетекчилиги чуу чыгып кетишинен коркуп, өз чечимин тез арада кайра карап чыккан көрүнөт. Анткени алар журналисттер менен сүйлөшүүдө мындай чектөөлөр бар экенин четке кагышып, ал тургай колледжде хижаб кийген тогуз студент кыз бар экенин айтып мактанышкан.

Комментарий:

Акыркы төрт жыл ичинде, тактап айтканда Украина менен согуш башталгандан бери, Россияда хижаб кийген аялдарга карата кол салуулар кескин көбөйдү. Интернетте хижаб кийген кыздарга көчөлөрдө кол салуу же аларды мазактоо көрүнүштөрү тартылган видеолор улам-улам жарыяланып турат. Бирок бул жөн гана кокустук окуялар эмес. Тескерисинче, бул акыр аягында жөнөкөй адамдар жана ар кандай мекемелер, анын ичинде билим берүү мекемелери аркылуу ишке ашырылып жаткан мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү.

Ошондуктан аймактардагы билим берүү мекемелери, айрыкча Ислам өлкөлөрүнөн тышкаркы жерлерде, хижабды коомдук көрүнүш катары жок кылуу үчүн тынымсыз аракет кылып жатышат. Мисалы, өткөн жылдын октябрь айында Ханты-Мансий автономиялуу округундагы мектептерде жоолук, никаб, баш кийимдер, шарф жана шляпа сыяктуу башты жапкан кийимдерди кийүүгө тыюу салынган.

Белгилей кетүүчү нерсе, Салехард — Россия түндүгүндөгү шаар болуп, анда болжол менен 50 миңдей гана калк жашайт. Алардын ичинен кеминде 5000ден 7000ге чейин мусулмандар бар.

Мухаммад Мансур

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button