Роя гезити

Америка жана яхудий түзүмүнүн Иранга каршы согушу тууралуу саясий көз караштар: гегемониянын жоголушуна байланыштуу сабактар жана ибраттар

Америка жана яхудий түзүмүнүн Иранга каршы согушу тууралуу саясий көз караштар: гегемониянын жоголушуна байланыштуу сабактар жана ибраттар

Бул согуштун натыйжаларына киришүүдөн мурда, ага чейин болгон окуяларды, ага катышкан мамлекеттердин абалын, алардын кайсы мабдага жана кандай негизге таянып иш алып барып жатканын карап чыгуу зарыл.

Биз сөздү капиталисттик мабданын кризиси жана ахлакый кулашынан баштайбыз. Анткени акыркы кылымдарда капиталисттик мабда өзүнүн адабияттарынан руханий тарапты четтетип, динди турмуштан ажыратуу негизинде курулган. Бул ажыратуу материалдык жырткычтыкты пайда кылып, инсандык касиеттерди жокко чыгарды жана аны кармангандарды айбанаттан да төмөн даражаларга түшүрдү. Балким Эпштейн чатактары жана ага окшогон окуялар ырахат менен кызыкчылыктарды сыйынуучу кудайга айландырган цивилизациядагы түзүмдүк оорунун бир гана көрүнүшү. Бүгүн Жакынкы Чыгышта жүрүп жаткан согуштарды дал ушул тар материалдык кызыкчылык көз карашынан түшүнүү керек.

Биринчиден: “Аль-Акса ташкыны” операциясы жана “Жаңы Жакынкы Чыгыш” долбоорунун үзгүлтүккө учурашы.

“Ал-Акса ташкыны” операциясы залим режимдердин яхудий вужуду менен нормалдашуу долбоорун кандайдыр бир деңгээлде тосуп койду. Ал эми Трамп жана анын партиясы менен көрсөтүлгөн америкалык администрациянын текеберлиги шартында, динди саясаттан четтетүү менен гана чектелбестен, “Абрахам келишимдери” аркылуу диндин бардык чыныгы көрүнүштөрүн жок кылууну көздөгөн жаңы Жакынкы Чыгышты түзүү аракети башталды.

Иранга жана аймактагы күчтөргө каршы азыркы күчөтүлгөн чыңалуунун стратегиялык максаты демократияны жайылтуу эмес. Тескерисинче, аймактагы талааны бошотуп, эч ким атаандаш боло албаган жалгыз регионалдык күч катары яхудий түзүмүнүн үстөмдүгүн камсыз кылуу. Муну ракеталык арсеналга же ядролук күчкө ээ кылдырып, Куранда “жашоого эң ач көз эл” деп сүрөттөлгөн калкты коргоо үчүн жасап жатат.

Экинчиден: функционалдуулук иллюзиясы… «даарат кагаздардын» миссиясы бүткөндө.

Вакыйлык көрсөтүп тургандай, Иран режими Афганистанда, Иракта, Йеменде жана Сирияда жамандыктын башы болгон Америкага чоң кызматтарды көрсөткөн. Муну айрым ирандык саясатчылар өздөрү да текеберлик менен моюнга алышкан. Иран үммөт ичиндеги чын ыкластуу кыймылдарды басуу жана Ислам өлкөлөрүн талап-тоноп, зулумдук жүргүзгөн бузук режимдерди бекемдөө үчүн батыш колонизаторлор колдонгон күнөөкөр колдун ролун аткарды. Бирок бул жерде эң чоң сабак – мөөнөттүн бүтүшү. Капиталисттик түшүнүк боюнча мындай режимдер союздаш эмес. Алар тазалоочу даарат кагаздар сыяктуу убактылуу курал. Алардын иши бүткөндө дароо таштандыга ыргытышат. Ошондуктан ал өлкөлөрдө акылдын бир учкуну калган адамдарга мындай насаат айтылат: кутулуу Батыштын кучагына кирүүдө эмес. Тескерисинче, куфр режимдери менен байланыштарды үзүүдө, өлкөлөрдү Аллахтын шарияты менен башкарууда жана биздин жерлерибизде бузукулук кылгандарга каршы душмандыкты табигый абал катары кароодо.

Үчүнчүдөн: эл аралык башаламандык жана абройдун төгүлүүсү.

Азыркы окуялар материалдык күч бардык нерсе эмес экенин далилдеп жатат:

  • Россия Украина маселесин бир нече күндө чечебиз деп ойлогон, бирок жылдар бою созулган түгөнгүс каражат сарптоонун баткагына батты.
  • Яхудий түзүмү: Эл аралык толук колдоого жана араб режимдеринин уяттуу кайдыгерлигине карабастан, узак айлар өткөндөн кийин да туткундарынын көбүн аскерий жол менен бошото алган жок, болгону айлакерлик жана айланып өтүү ыкмалары аркылуу гана айрым натыйжаларга жетти.

Бул башаламандык батыш лагеринде ички жарака пайда кылды. Маселен, сенатор Крис Ван Холлен Американын согушка киргизилишин акылсыздык деп мүнөздөдү, ал эми сенатор Ранд Пол анын өтө чоң чыгымдарын сынга алды. Ошондой эле J Street жана Jewish Voice for Peace (JVP) сыяктуу яхудий уюмдары да согуштун ахлаксыздыгын айыпташты. Бул үндөр прагматикалык кызыкчылыктан же өз жыргалчылыгын сактоо коркунучунан чыгып жатса да, алар капиталисттик мабданын ички фронтунда жарака бар экенин көрсөтөт.

Төртүнчүдөн: Халифалык сүйүнчүсү

Бүгүн мусулмандар бул кагылышууларга (орус-украин согушу жана аймактык күчтөрдүн туруксуздугу) жаңы Баас окуясы катары карашы керек. Бул Пайгамбарлык даъват доорунда болгон румдар менен фарстар ортосундагы күрөшкө окшош. Ал күрөш Куранда да Рум сүрөсүндө айтылган.

Улуу державалардын күчүн бири-бирине сарптап алсырашы алардын империяларынын кулашына алып бара турган илахий даярдык. Ошол эле учурда мусулмандар үчүн демилгени колго алууга шарт түзөт. Шам менен Ирактагы тагуттардын кулашы, аймактык жана эл аралык күчтөр тактыларынын солкулдашы Аллахтын шариятын тикелөө үчүн иштеп жаткандарга берилген илахий белгилер.

Бүгүн дүйнө батыш цивилизациясынын караңгылыгы астында кыйналып жатат. Аны бул жырткычтык абалдан куткара турган жалгыз нерсе жапайычылыкты токтотуучу Ислам цивилизациясы.

Жыйынтык: Аллахтын убадасы кечикпейт

Бүгүн биз курал-жаракка толгон чоң күч катары көрүп жаткан түзүмдөр чындыгында Аллахтын күчү жана колдоосу алдында жөргөмүштүн үйүндөй эле алсыз. Илгери да, азыр да тагуттарды жок кылган Зат Өзүнүн фазилатын толуктап, Пайгамбарыбыз ﷺ берген сүйүнчүнү т.а. пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөнү жүзөгө ашырууга кудуреттүү. Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّا لَنَنصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الْأَشْهَادُ﴾

«Албетте, Биз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтирген заттарга дүйнө тирүүлүгүндө, да, күбөлөр тура турган Күндө (Кыяматта) да жардам беребиз».

(Гафир: 51).

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button