Умар (р.а)нун адамдарды тамактандырууга болгон аракети

Умар (р.а)нун адамдарды тамактандырууга болгон аракети
Ибн Cаъд Асламдан рыбаят кылып айтат: Кургакчылык жылында арабдар ар тарапдан Мединага агып келе башташты. Умар ибн Хаттаб (р.а) бир нече кишилерди алардын үстүндө турууга жана тамак-аштарды бөлүштүрүүгө буюрду. Язид ибн ухтун Намр, Мисвар ибн Махрама, Абдурахман ибн Абдул Кори жана Абдулла ибн Утба ибн Масъуддар кеч кирген убакта Умар (р.а) алдында чогулушуп болуп өткөн нерселер жөнүндө кабар беришчү эле. Алардын ар бири Мединанын түрдүү тараптарында жашайт эле. Арабдар Раъсус санийядан баштап Ротиж, бани Абдул акхал, Бакиъ жана бани Курайзага чейинки жана бир тобу бани Салама тарапка түшүшкөн болчу. Алар Мединаны ороп турушат эле. Бир түнү Умар (р.а)нун: (адамдар анын алдында кечки тамакты жеп бүтүшкөн эле) биздин алдыбызда кечки тамакты жегендерди эсептегиле, – дегенин уктум. Аларды эсептешкенде саны 7 миң экен. Умар (р.а): келе албаган үй-бүлөлөр, оорулууулар менен жаш балдарды эсептегиле, – деди. Алар 40 миң экен.
Андан кийин биз бир нече күн турдук. Адамдар дагы да көбөйдү. Умар (р.а) аларды эсептөөгө буюрду. Эсептешкенде анын алдында тамактангандар 10 миңге, башкалар болсо 50 миңге жетти. Алар Алла жамгыр жаадырганга чейин турушту. Жамгыр жааган убакта алардын үстүнөн дайындалган жооптуулар аларга даам жана өздөрү менен алып кете турган азыктарды беришип аларды узатышчу. Умар (р.а)нун өзүнүн да аларды узатып койгонун көрдүм. Аслам айтат: Алардын ичинде өлгөндөр да болду, менимче алардын үчтөн экиси өлүп кетти, үчтөн бири өлбөй калды. Умар (р.а) астырган казандарда кызматчылар ар күнү таң эрте киркур (тартылган дан) даярдатып, аны оорулууларга беришчү. О.э. алар асоид (ун май аралаштырылып куурулган тамак) жешчү. Умар зайтун майын дактатып, андан кийин ага нан тууратчу эле. Себеби, арабдар майды дакташчу эле. Алла адамдардан ачарчылык балээсин көтөргөнгө чейин Умар (р.а) балдарынын алдында да тамактанбады жана бирер аялыныкында түнөп да калбады.
Динаварий, ибн Шозон жана ибн Асакир Асламдан рыбаят кылат: Умар ибн Хаттаб (р.а) бир түнү айланып жүрүп кокустан бир короодо очоктогу казанга суу толтуруп алган, айланасында балдары ыйлап жаткан бир аялга туш келип калды. Умар (р.а) эшикке жакындашып ал аялга, «эй Алланын күңү, бул балдар эмне үчүн ыйлап жатышат» деди. Аял: Алар ачкалыктан ыйлап жатышат, – деп жооп берди. Умар (р.а) «очоктогу казанда эмне бар» деп сурады. Аял: «Ага суу куйдум, муну менен балдарды уктап калышканча алаксытамын. Балдар казанда бирер тамак бар», – деп ойлошот. Ошондо Умар (р.а) ыйлады, андан соң, садакалар чогултула турган жерге келип, бир капты (калтаны) алды да аны ун, май, курма, кийимдер жана дирхамдарга толтуруп, «эй Аслам, аны мага көтөртүп кой» деди. Мен «эй момундар амири, аны мен көтөрөмүн» дедим. Умар (р.а) айтты: Жок, эй Аслам, өзүм көтөрөмүн. Себеби кыяматта алардан мен жоопкермин. Умар (р.а) капты аялдын үйүнө чейин көтөрүп келди да, дароо казанга ун, май, жана курмаларды салып колу менен аралаштырды жана (отту тутантуу үчүн) казандын астын үйлөдү. Түтүн анын сакалынын арасынан чыгып жатканын көрдүм. Тамак бышты, тамакты өз колу менен салып аларга тойгончо жедирди. Андан кийин чыкты да алардын алдына созулуп жатты. Мен ага сүйлөгөндөн корктум. Мындай абал балдар ойноп күлгөнгө чейин уланды. Андан соң турду да, «эй Аслам, эмне үчүн алардын алдында жатканымды билесиңби» деди. Мен «жок» дедим. Умар (р.а): Мен алардын ыйлагандарын көрүп, аларды ушундай абалда калтырууну каалабадым. Алар күлүп ойношкондо гана дилим кадыржам болду. Бул рыбаят «Мунтахабул Канз» китебинде мына ушундай келген. «Бидая»да болсо Асламдан рыбаят кылып айтылат. Аслам айтат: Мен бир күнү кечинде Умар (р.а) менен Хирроти Ваким деген жайга чыктым. Саррорго келгенибизде күйүп жаткан отту көрдүк. Умар (р.а) мага, «кербен түнөгөнү токтогон окшойт жүр алардын алдына баралы» деди. Барсак кокустан бир аял жана анын балдарына туш келдик» деп жогорудагы окуяны айтты. Табарий да бул окуяны бир аз гана айырма менен айткан.

