Быйылкы айт намазын да аянтта окууга тыюу салынды

Быйылкы айт намазын да аянтта окууга тыюу салынды
Быйыл айт намазы республика боюнча мечиттерде окулат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Комментарий:
Кыргызстан бийлигинин бул иши – мусулмандарды ибадаттан тосуу жана аларды көзөмөлгө алуу үчүн бир ыкма болуп эсептелет. Анткени, акыркы жылдары Кыргызстанда айт намаздарына катышкан мусулмандардын эсеби жалпы калктын санына салыштырмалуу абдан көбөйүп бараткан. Башкалаанын өзүндө эле жүз миңден ашык адам аянттагы намазга катышып, мындай көрүнүш өкмөт ичиндеги Исламга каршы кызматкерлердин кыжырын келтирчү.
Мындан тышкары, бир жылда эки жолу окулуучу Айт намаздары коомчулук канчалык деңгээлде исламдашып баратканынын да көрсөткүчү болуп калган. Бул көрсөткүч кыргыз бийлигин эле эмес, алардын кожоюну болгон колонизаторлорду жана алардын колу-бутуна айланган эл аралык уюмдарды да тынчсыздандырып жатканы талашсыз. Ошондуктан, бул уюмдар кыргыз өкмөтүнө миллиондогон долларларды мына ушул исламдашуу жараянынын алдын алуу үчүн берип келет. Өкмөт болсо ушул каражаттарды актоо үчүн жасалма коркунучтарды ойлоп таап, Исламий баалуулуктарга каршы күрөштү күчөтүп барууда. Бул күрөш аркылуу бийликтин көзөмөлүнөн сыртта калган мусулмандар үстүнөн орган кызматкерлеринин көзөмөлүн күчөтүп алмакчы болууда.
Жыйынтыктап айтканда, буга чейинки айт намаздарда аянтта окууга тыюу салууга этият чаралары шылтоо кылынып келсе, бул ирет эч кандай себеп айтылган жок. А бирок, көңүл ачуучу иш-чараларга борбордук аянтта он миңдеген адамдар тоскоолдуксуз чогулушууда. Бул болсо демократиялык көз караш менен алганда да бери жагы эки жүздүүлүк.
Ал эми, исламий көз караш менен алганда, айт намазын борбордук аянтта окутуу өздөрүн мусулман катары көрсөтүп келген мамлекет башчыларынын жоопкерчилиги болуп эсептелет. Андыктан, бийлик ээлери айт намазы өтөлүшүнө чектөө киргизүү менен өздөрүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти аткарбай, күнөөкөр болууда.
Нурдин Асаналиев




