Комментарий

Трамп Иран менен сүйлөшүүлөр жемиштүү болуп жатканына сүйүндү

Трамп Иран менен сүйлөшүүлөр жемиштүү болуп жатканына сүйүндү

АКШ президенти Дональд Трамп акыркы эки күн ичинде Тегеран менен «абдан жакшы жана жемиштүү» сүйлөшүүлөр өткөнүн билдирди. Мындан улам, Ирандын энергетикалык инфраструктурасына каршы соккуларды беш күнгө токтотуп турууну тапшырган. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр мазмунуна жана маанайына карап, жума бою уланат. Бул тууралуу Трамп өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында айтты.

Трамп Иранга 23-мартта Вашингтон убактысы боюнча саат 19:44кө чейин Ормуз кысыгын «толук ачуу» талабын койгон. Ошол эле учурда АКШнын Коргоо министрлиги аймакка миңдеген кошумча кургактагы аскерлерди жөнөтүп жатканы кабарланууда.

Комментарий:

Белгилүү болгондой, Америка-“израилдин” Иранга биргелешкен кол салуусу эки жолу тең сүйлөшүүлөр кызуу жүрүп жаткан чакта жасалган. Тагыраагы, 12 күндүк согуш деп аталган өткөн жылдын 22-июнундагы чабуул учурунда, Иран менен АКШнын ортосунда Женева шаарында 3-айлампадагы сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан. Ал эми, 28-февралдагы кол салуу учурунда 3-айлампадагы сүйлөшүүлөр жыйынтыкталып жаткан. Демек, Америка согуш талаасында жетише албаган натыйжага кайрадан стол үстүндөгү сүйлөшүүлөр аркылуу жетүүгө аракет кылмакчы. А бирок, мындай айла-амалдар кезектеги кол салуудан алаксытуучу маневр экенин жогорудагы окуялар тастыктап турат.

Андыктан, Иран бийлиги Трамп башында турган текебер Америка бийлигинин айла-амалдарына алданып калбашы керек. Тескерисинче, учурдагы эл аралык майдандагы туруксуз абалды мусулмандарды баскынчылыктан эгемендикке чыгаруу жолуна пайдаланып калышы керек. Анткени, момундар бир жолу чактырган уюктан экинчи жолу чактырышы мүмкүн эмес. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты:

«المؤمن لا يلدغ من جحر مرتين»

«Момун бир тешиктен эки ирет чактырбайт» (Бухари жана Муслим).

Нурдин Асаналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button