Асыл хадис

Жихад жана кайрымдуулук

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Жихад жана кайрымдуулук

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عن أبي موسى الأشعري رضي الله عنه أن النبي صلى الله عليه وسلم قال‏:‏ ‏”‏ليأتين على الناس زمان يطوف الرجل فيه بالصدقة من الذهب، فلا يجد أحداً يأخذها منه، ويرى الرجل الواحد يتبعه أربعون امرأة يلذن به من قلة الرجال وكثرة النساء‏”‏ ‏‏رواه مسلم‏.‏‏

Абу Муса аль-Ашари (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтты: “Адамдарга бир заман келет, бир киши алтындан зекет берем деп айланып жүрөт, бирок андан ала турган эч кимди таппайт, ошондо  эркектердин аздыгынан жана аялдардын көптүгүнөн улам бир эркектин артынан кырк аял ээрчип андан башпаанек издегенин көрүүгө болот”. Муслим риваят кылган.

Урматтуу бир туугандар:

Эң жакшы сөз – бул Улуу Аллахтын сөзү, ал эми эң жакшы жол – бул Анын Пайгамбары (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) Мухаммаддын жолу:

Бул асыл хадис бизге али боло элек жана убагы келе элек нерселер жөнүндө айтып берди. Бул доордун өзгөрүп, өнүгөөрүн көрсөтүп турат. Бизге жана адамзатка адамдар байып, кайрымдуулук көбөйө турган мезгил келет, бирок  зекетти эч ким ала албайт же аны алууга татыктуу адам калбайт. Бул хадис каапырлар жана алардын чыккынчы малайлары тарабынан уурдап тоноп алынган бул үммөттүн байлыгы кайра үммөткө кайтарыларын көрсөтүп турат. Ал улуу Исламдын бийлиги астында кадыр-барктуу жашоо, байлык жана урмат-сыйдын аркасында эч ким эч нерсеге муктаж болбойт.  “Кайрымдуулукка муктаж болгондор барбы?” – деп суралган учурда,  эч ким жооп бербейт, анткени  аны алууга эч ким муктаж болбой калат.

Бул хадисте Исламдын бийликке кайтып келишин жар салган дагы бир белги камтылган –  ал алтын жөнүндө сөз болушу.

Исламдын уникалдуу экономика системасы алтын жана күмүш менен алака кылууга негизделген. Качан гана экономика аларга таянуудан баш тарткандан кийин гана өз изинен чыгып кыйроого кептелди.

Ошондой эле, бул хадисте жихаддын жана Аллах жолунда согушуунун кайтып келишин жана биз дээрлик бир кылым бою ажырап калган  жеңиштердин кайтып келишин жар салган дагы бир белги камтылган.

Ал хадисте аялдардын көптүгүнөн эмес эркектердин аздыгынан улам аялдар эректерди таба алышпайт деп сүрөттөгөн, анткени бул жердеги эркектердин тартыштыгы жихад жана согуш күчөгөндөн улам болот.

Бул нерселер азырынча боло элек, бирок жакынкы аралыкта болот. Биз бул учурга жетип барабыз деп үмүттөнөбүз. Исламдагы экономикалык система кайтып келип, жаштар исламды жайылтуу үчүн жихадга шашыла турган бул мезгилдин чындап жакындап келе жатканын көрсөткөн көптөгөн белгилер бар.

Ошондуктан, күмөн санагандардын же кара өзгөйлүгү барлардын сөзсүз түрдө боло турган фактыларды четке кагышына орун жок жана Пайгамбардын (с.а.в.) белгилүү бир деталдарды сүрөттөөсү анын ачык-айкын болорун билдирет.

Ошондой эле, Аллах Таала Өзүнүн Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага жана анын үммөтүнө бериле турган мартаба, урмат жана жогорку даража жөнүндө кабар берип, аны жубатчу.

Бул хадисте Элчи (ага Аллахтын салам-салаваты болсун), бизге келе турган даңк жана жогорку даража жөнүндө сүйүнчү кабар берди. Бизге болгону Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун), жолун жолдоп, күнөөлөрдөн кутулуу жана жакшылыкка жетүү гана керек.

Аллахтан кубаныч алып келип, баарын өз тартибине келтирген, өлкөдө жана эл арасында жакшылык өкүм сүргөн ушул заманга жеткиришин тилейбиз. Аамиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 6-шаввал.

2026-ж, 24-март.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button