Кабар

Газада күн сайын 10 палестиналык дарылануу үчүн өлкөдөн чыга албай каза болуп жатат

Газада күн сайын 10 палестиналык дарылануу үчүн өлкөдөн чыга албай каза болуп жатат

Газа секторунда күн сайын онго жакын палестиналык дарылануу үчүн Газадан чыга албай каза болуп жатат. Бул тууралуу Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалымат бөлүмүнүн башчысы Захер аль-Вахидинин айтымында, учурда 195 бейтаптын абалы өтө оор, ал эми дагы 1971 адам шашылыш эвакуацияга муктаж. Алардын арасында болжол менен 4000 бала жана дагы ушунча эле онкологиялык оорулуулар бар.

«Израил» аркылуу өтпөгөн жалгыз жөө өтмөк болгон «Рафах» көзөмөл пункту 2024-жылдын май айынан бери жабык. 2026-жылдын февралында анын иши жарым-жартылай калыбына келтирилгени менен, бир ай ичинде болгону 490 бейтап эвакуацияланган. Ал эми күнүнө кеминде 200 адамды чыгаруу зарыл. 19-марттан бери Газанын аймагынан 24төн ашык эмес адам чыгарылган.

2024-жылдын 7-майынан бери эвакуацияны күтүп жаткан 20 миңге жакын адамдын ичинен 1400дөн ашууну каза болгон. «Израил», АКШ жана Ирандын ортосундагы аскерий чыңалуунун фонунда чектөөлөр күчөп, оор абалдагы бейтаптар зарыл болгон дарыланууга жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калууда.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button