Кытай бийлиги уйгур мусулмандарын кайтарууну талап кылууда

Кытай бийлиги уйгур мусулмандарын кайтарууну талап кылууда
Бүгүнкү күндө дүйнөнүн ар тарыбында зулум көрүп жаткан мусулмандар көп. Алардын бири – уйгур мусулмандары. Акыркы жылдары Кытай бийлиги уйгур мусулмандарына каршы болуп көрбөгөндөй куугунтуктоо чараларын күчөттү. Мындан улам, миң-миңдеген уйгур мусулмандары камактарга алынды, көптөгөнү өлтүрүлдү. Мечиттер арак сатылчу жайларга өзгөртүлүп, кала берсе айрымдары буздурулду. Зулум аябагандай күчөгөндүктөн, уйгур мусулмандары башпаанек издеп өз жеринен качып чыгууга аргасыз болушту. Алар мусулман боордошторунан жардам издеп дүйнөгө жайылышты.
Ошондуктан, Кытай бийлиги уйгур мусулмандары качып барган өлкөлөрдөн аларды кайтарууну талап кылып келет. Исламды азиз туткандар Кытайдын бул талабын четке кагышууда, ал эми өз нафсисине алдангандар бул талапты аткарышууда.
Боордошторунан үмүт издеп качып барган уйгур мусулмандары айрым боордошторунан кыянаттык көрүштү. Тагырак айтканда, алар уйгур мусулмандарын кайра эле Кытай бийлигинин чеңгелине тапшырып жатышат. А бирок, ошол эле учурда, “Исламий боордоштуктун” маанисин терең түшүнгөн, муну ыйык туткан мусулмандар боордош уйгур мусулмандарын жардамсыз калтырышкан жок. Бүгүн ушундай жолду Талибан бийлиги карманып жатат.
Шанхай институтунун Түштүк Азияны изилдөө борборунун директору Лю Цзунъи Афганистан бийлиги Кытайдын уйгур мусулмандарына байланыштуу талаптарын кескин четке кагып жатканын билдирди. Афганистан Кытай тараптан ири инвестициялар, гуманитардык жардам жана БУУда санкцияларды жеңилдетүү үчүн дипломатиялык колдоо сунушталганына карабастан анын талабын четке кагууда.
Лю Цзунъи Афганистан уйгур мусулмандары маселесинде Кытай менен кызматташпай турганын белгиледи. Кытай аларды депортациялоону талап кылууда. Анын айтымында, афгандарда башпаанек издеген адамдарды бербөө боюнча эзелтеден келе жаткан салт бар.
Афганистан Кытайдын инвестициялык, гуманитардык жана саясий колдоосуна, ар кандай басымына карабастан, Талибан бийлиги уйгур мусулмандарын Кытайга берүүдөн баш тартып жатат. Мунун каршысында, экономикалык кызыкчылыктардан улам Кытайга боордош уйгур мусулмандарын кайтарып берип жаткандар да бар. Бул жаатта Түркия режими сап башына чыгып бара жатат. Акыркы жылдары Түркия түздөн-түз Кытайга же үчүнчү мамлекеттер аркылуу Кытайга депортация кылган уйгур мусулмандары арбын.
Уйгур мусулманы Ахметжан Садыров Түркияда жашоого мыйзамдуу уруксаты бар экенине карабастан, колго алынган. Анын жубайы жана балдары Түркиянын жарандары болгонуна карабастан, Ахметжан Садыров Стамбул шаарындагы аэропортто кармалып, Кытайга депортация кылынуу алдында турат. Анын үй-бүлөсү Түркия бийлигине кайрылып, депортацияны токтотууну жана укуктарын коргоону талап кылууда.
Андан мурун 55 жаштагы уйгур мусулманы Алимжан Нур Стамбул шаарында көп жылдан бери мыйзамдуу жашап келгенине карабастан, анын үйүндө рейд өткөрүлүп, атайын кызматтар тарабынан кармалган. Кытайга депортациялануу астында турган Нурдун тагдыры тууралуу азыркыга чейин эч кандай маалымат жок. Ал эми, 2025-жылы Стамбулдун 16, 18-соттору Махмут Анаэти менен Айеркен Абудувайлини Кытайга экстрадициялоо тууралуу чечим чыгарган.
Түркия режими экономикалык кызыкчылыктарды алдыга коюп, Кытай менен кызматташууда уйгур мусулмандарын курмандыкка чалып жатат. Бирок, Ислам мындай кыянатты четке каккан. Демек, маселе экономикалык же башка мүмкүнчүлүктө эмес, шарий өкүмдү канчалык бекем карманууда.
Ислам мусулмандарды өз боордошуна мээримдүү болууну, ага жардам берүүнү, зулум көрүп жатса, зулумду токтотууну буйруйт. Андыктан ким Исламды бийик кармаса, өз боордошуна жардам берет, кимдин жашоосунда Исламдын орду жок болсо, өз боордошун душмандын колуна тапшырат.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтат:
«الْمُسْلِمُ أَخُو الْمُسْلِمِ، لاَ يَظْلِمُهُ، وَلاَ يُسْلِمُهُ…»
«Мусулман – мусулмандын боордошу, ага зулум кылбайт жана аны душманга тапшырып койбойт».
Харун Абдулхак




