Колонизаторлордун колдоосу астындагы окуу жайлар

Колонизаторлордун колдоосу астындагы окуу жайлар
Бишкек шаарында Борбор Азиянын мамлекеттик башкаруу боюнча жогорку мектеби ачылды. Бул окуу жай “Central Asia Capital” жана Россиянын элдик чарба жана мамлекеттик кызмат академиясы (РАНХиГС) менен кызматташуунун негизинде ишке кирди. Долбоор өлкөнүн аткаруу бийлигинин жогорку деңгээлдеги жетекчилерин даярдоого багытталган.
Россия элчилигинин биринчи катчысы Алексей Пойда Кыргызстан менен Россия стратегиялык өнөктөштөр экенин жана ар түрдүү тармактарда, анын ичинде мамлекеттик башкаруу үчүн кадрларды даярдоодо кызматташып келерин белгиледи. Анын айтымында, бул программа жетекчилерге жана мамлекеттик кызматкерлерге билим алуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Ошол эле маалда, Садыр Жапаров Россия менен Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруу шарттары боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Эске салсак, бул мыйзамды Жогорку Кеңеш ушул жылдын 18-мартында кабыл алган. Ал Кыргыз-Россия Славян университети үчүн жаңы кампус курууну камтыйт. Курулушту каржылоо Россия тарабынан жүргүзүлөт жана подрядчыны да ошол тарап аныктайт. Кыргыз тарап Байтик айылынан 29,7 гектар жерди акысыз жана мөөнөтсүз пайдаланууга берет.
Комментарий: колонизаторлор өздөрүнүн кызыкчылыктарын ишке ашыруу же таасирин жаюу үчүн «жумшак күчтүн» бир көрүнүшү катары ушул сыяктуу окуу жайларды ачышат. Бул окуу жайларда жөн гана билим берилип калбастан, ошол колонизатор мамлекеттин баалуулуктары, кызыкчылыктары жана сакофаты таңууланат. Башкача айтканда, бул окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү ошол колонизатор мамлекеттин кызыкчылыктарын колдогон кадр болуп чыгышат.
Кыргызстанда колонизатор мамлекеттер ортосунда бул атаандаштык, тагырак айтканда адамдардын аң-сезими үчүн күрөш, лоялдуу кадрларды даярдоо үчүн күрөш күчөп бара жатат. Өлкөдө Россиядан тышкары АКШ жана Кытай да бул жаатта аракеттерин алда качан башташкан. Борбор Азиядагы Америка университети АКШ сакофатын жайса, өлкөдөгү жогорку окуу жайлар менен иштешкен көптөгөн Кытай борборлору, факультеттери Кытайдын сакофатын жаюуда.
Кадрларды даярдоо инвестиция же технология сыяктуу эле таасир этүүнүн куралы болуп эсептелет. Сыртынан бул билимди өнүктүрүү жана атаандаштыкты жогорулатуу катары көрүнгөнү менен, мындай долбоорлор билим берүү менен гана чектелбейт. Мындай демилгелер аркылуу белгилүү бир сакофат жана баалуулук алкагына киргизилген адистердин жаңы мууну калыптанат. Узак мөөнөттө бул программалар аларды түзгөн тараптын кызыкчылыгына багытталган жетекчилер менен адистердин пайда болушуна алып келет.
Харун Абдулхак




