Трамп жетектеген Тынчтык кеңеши Хамаска шарт койду

Трамп жетектеген Тынчтык кеңеши Хамаска шарт койдуГазада ок атышпоо режимин көзөмөлдөө үчүн
түзүлгөн Тынчтык кеңеши ХАМАСтан ушул аптанын аягына чейин секторду куралсыздандырууга макул болууну талап кылды. Бул тууралуу «The New York Times» басылмасы булактарына таянып билдирди. Басылманын маалыматына ылайык, ХАМАС дээрлик бардык курал-жарагын баскычма-баскыч тапшырып, жер алдындагы туннелдерге байланыштуу карталарды берүүгө макул болушу керектиги талап кылынууда.
Тынчтык кеңешинин өкүлдөрү менен ХАМАС Каир шаарында жолугушуп, куралсыздандыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктоосу шарт. Маалыматтарга ылайык, ортомчулар – Египет, Катар жана Түркия – ХАМАСты АКШ сунуштаган планды кабыл алууга көндүрүүгө аракет кылып жатышат.
Комментарий: биз мурунтан айтып келгендей, Трамп жетектеген Тынчтык кеңеши Газадагы жаңжалды токтотуу эмес, Газадагы каршылык көрсөтүп жаткан мусулмандарды басуу үчүн түзүлгөн.
АКШ жана «Израил» карамүртөз кыргын чабуулдарды жасаганына карабастан, Газаны моюн сундура албады. Ошон үчүн алар Тынчтык кеңешинин демилгеси астында ушундай айла-амалга өтүп, Газадагы каршылык көрсөтүп жаткан мусулмандарды баш ийдирүүнү көздөп жатышат. Эгер Газадагы мусулмандар куралдарын өткөрүп берүүнү чечишсе, сектордо каршылык көрсөткөн мусулмандар калбайт. Ошондо АКШ жана «Израил» аймакта каалаган долбоорлорун ишке ашырууга жана ал жердеги мусулмандарга каалагандай кысым өткөрүүгө жол ачылат.
Ал эми, мусулман өлкөлөрүндөгү – Түркия, Египет, Катар ж.б. – режимдер АКШнын бул планын ишке ашырууга жан үрөп аракет кылышууда. Көрүнүп тургандай, бул режимдер Исламдын жана мусулмандардын кызыкчылыгын коргоонун ордуна, АКШ менен «Изралдин» кызыкчылыктарын алга сүрүп жатышат. Ошондуктан, алардын Ислам жана мусулмандар жөнүндөгү «жалындуу» сөздөрү жалган экендиги, алар региондо АКШнын таасирин бекемдөөгө аракет кылып жаткан рувайбиза башчылар экендиги ырасталып турат.
Биз, мусулмандар, Газаны куралсыздандыруу демилгесин да, курамына мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер кирген Тынчтык кеңешин да четке кагуубуз кажет. Себеби, АКШ мусулман өлкөлөрүнүн колу менен Газаны «мууздоону» көздөп жатат.
Харун Абдулхак




