Кумтөрдүн пайдасы элге жеттиби?

Кумтөрдүн пайдасы элге жеттиби?
“Кумтөр Голд Компани” ишканасы 2025-жылы 1 млрд 434 млн доллар киреше тапканын 9-апрелде маалымдады. Анын ичинен 706 млн доллар таза пайда болгон. Ошондой эле, өткөн жылы компания салыктарга жана милдеттүү төлөмдөргө 246 млн 507 миң доллар жумшап, 300 млн доллар өлчөмүндө дивиденд төлөгөн. Маалыматка ылайык, 2025-жылы “Кумтөр Голд Компани” 12 тонна 81 килограмм алтын өндүргөн.
Комментарий:
“Күмтөр” ишканасы мамлекетке өткөндөн бери анын жалпы кирешеси 5 млрд 115 млн долларды түзгөнүн президент ачыктаган. Бул сандар акыркы беш жылда Кумтөр ишканасынын алтын казып алуусу кыйла өскөнүн көрсөтүп турат. Бирок, муну менен кошо өлкөдө мамлекеттик карыздын көбөйүшү жана элдин жакырлануусу сыяктуу терс экономикалык тендециялар да өсүп бара жатат.
“Күмтөр” ишканасы 706 млн доллар таза киреше алганын ачыктаган ошол күнү эле маалымат каражаттары Дүйнөлүк банк билим берүү тармагына 6,36 млн доллар кредит (анын 2 млн доллары грант), Азия өнүктүрүү банкы бюджетти колдоо үчүн 28,2 млн доллар грант, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы энергетика тармагына 67,7 млн евро кредит бөлгөнүн жарыялашты. Бул эл аралык финансы уюмдарынан алынган бир күндө эле жарыяланган кредиттер. Андан тышкары башка мамлекеттерден жана бул уюмдардан жыл бою кредиттер алынып келет. Бул өз кезегинде мамлекеттик карыздын бат көбөйүшүнө алып келүүдө.
Андыктан, кен өндүрүү жаатында өсүш болгону менен карыз алуу токтобой келе жатат. Кала берсе, алынган карыздар да мамлекеттин экономикасын жогорулатууга салым кошкон өндүрүшкө эмес, бюджетти колдоого жумшалып жатат. Бул жагдай карыздын улам көбөйүп, карыз капканына түшүрчү абалды жаратышы шексиз.
“Кумтөрдөн” түшкөн пайда өсүп, салыктардын жаңы түрлөрү жана өлчөмү өсүп жатканына карабастан, чет элден тынбай кредиттер алынып жатат. А бирок, өлкөдөгү катардагы адамдардын жашоосу оор бойдон калууда.
Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) ушул жылы март айында жарыялаган отчётунда өлкөдөгү калктын 26%ы жакырчылыкта жашары ачыкталган жана социалдык-экономикалык абалдын кооптуу жактары көрсөтүлгөн. Отчетко ылайык, өлкөдө элдин 41%ы сапаттуу тамак-ашка каражат жеткире албайт, үй-бүлөлөрдүн 75%ы акча тартыштыгынан улам карыз алып же ден-соолугуна жумшалуучу чыгымдарды кыскартууга мажбур. Ошондой эле 5 жаштан 9 жашка чейинки балдардын 30 пайызында темирдин жетишсиздиги аныкталган, 5 жашка чейинкилердин 21 пайызы анемия менен жабыркайт.
Көрүнүп тургандай, бийликтин капитализмге негизделген учурдагы саясаты өлкөнү жакырчылыкка тартып, чет элдик кредиттерге көз каранды абалга кептеди. Ал эми, жалпы элге тиешелүү болгон кен-байлыктар бир ууч адамдын кызыкчылыгы үчүн иштеп, негизги пайдалар дагы эле чет элдик компаниялар тарабынан ташылып кетүүдө.
Харун Абдулхак




