Асыл хадис

Адилеттүү имам

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Адилеттүү имам

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Бул тууралуу Жами ат-Тирмизинин шархы Тухфат аль-Ахвазиде  “Адилеттүү имам” деген бөлүмдө айтылат:

حَدَّثَنَا عَلِيُّ بْنُ الْمُنْذِرِ الْكُوفِيُّ حَدَّثَنَا مُحَمَّدُ بْنُ فُضَيْلٍ عَنْ فُضَيْلِ بْنِ مَرْزُوقٍ عَنْ عَطِيَّةَ عَنْ أَبِي سَعِيدٍ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: إِنَّ أَحَبَّ النَّاسِ إِلَى اللَّهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَأَدْنَاهُمْ مِنْهُ مَجْلِساً، إِمَامٌ عَادِلٌ وَأَبْغَضَ النَّاسِ إِلَى اللَّهِ وَأَبْعَدَهُمْ مِنْهُ مَجْلِساً، إِمَامٌ جَائِرٌ

Бизге Али ибн аль-Мунзир аль-Куфи Абу Саидден айтып берди. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары) болсун айтты: “Кыямат күнү Аллахка эң сүйүктүү жана Ага эң жакын болгон адам – адилеттүү башкаруучу. Ал эми Аллахка эң жек көрүндү жана Андан эң алыс болгон адам – адилетсиз башкаруучу”.

(إن أحب الناس)  эң сүйүктүү адам деген сөзү: Аль-Карий айткандай, эң жакшы көрүлгөн адам дегенди билдирет. Аль-Манави: Аллах аны жакшы көргөндүгүнөн бактылуу болгон адам дегенди билдирет деген.

(وأدناهم) “Жана алардын эң жакыны” дегени алардын ичинен ага кызмат орду боюнча эң жакыны дегени: Аль-Карий айткандай, даражасы жана мартабасы жагынан каралган.  Аль-Манави айтты: Бул алардын ичинен кадыр-баркы жагынан эң жакыны жана анын кызмат орду боюнча эң жогоркусун билдирет.

Ал эми, (إمام جائر) “адилетсиз  имам” заалым падыша.

Урматтуу бир туугандар:

Аль-Касым бин Мухаймрадан риваят кылынат: “Сенин дооруң сенин башкаруучуң, эгер башкаруучуң адилеттүү болсо, сенин дооруң да адилеттүү болот. Эгер башкаруучуң бузулса, сенин да заманың бузулат”. Халиф Умар бин Абдулазиз халифалыкты колго алганда, ал Хасан бин Абу аль-Хасан аль-Басриге адилеттүү имамдын сыпаттары жөнүндө суроо үчүн киши жөнөткөнү айтылат. Аль-Басри мындай деп жазган: “Оо, момундардын амири, билгин, Аллах Таала адилеттүү имамды ар бир кыйшык нерсенин таянычы, ар бир адилетсиз нерсенин жол көрсөтүүчүсү, ар бир бузуку нерсенин оңдоочусу жана ар бир алсыз нерсенин кубаты кылган. Ал ар бир эзилген адамга адилеттүүлүктү орнотот жана ар бир муктаж адамдын кайгысын жеңилдетет… Адилеттүү имам, эй момундардын амири, төөлөрүнө боорукер багуучу жана алар үчүн эң жакшы жайыттарды издеген чечкиндүү жана жумшак адам. Ал аларды кыйроочу жерлерден коргойт, жырткычтардан коргойт жана ысык менен зыяндан коргойт. Оо, момундардын амири, адилеттүү имам баласына боорукер, мээримдүү жана жумшак эне сыяктуу. Ал аны каалабаса да көтөрүп, каалабаса да төрөп, бала кезинде чоңойткон. Ал ойгоо кезинде уктабай, эс алып жатканда уктайт. Кээде эмизип, кээде эмчектен чыгарат. Ал анын жакшылыгына кубанып, арыз-муңуна кайгырат”.

Эй мусулмандар!

Силердин башкаруучуларыңарда бул сыпаттар барбы? Эмнелер башыңардан өтүп жатканын көрбөй жатасыңарбы? Башында биз башкаруучуларыбыздын кемчиликтерин көруп баштадык, кийин биз алардан чыккынчылыкты, кыянатчылыкты  көрө баштадык, эми болсо аларды ар тараптан ахлаксыздык, каапырлык жана бузукулук, заалымдык курчап алганын көрүп жатабыз. Алардын бул бузукулугун сүрөттөөдө  тил алсыз болуп калды,  алардын бузукулугун жана өз үммөттүнө карата жамандыгын түшүндүрүүгө сөз байлыгыбыз жардам бербей калды. А түгүл, алардын адилеттүүлүгү же адилетсиздиги жөнүндө сүйлөшүүгө тил тартпай калды… Алардын Кыямат күнү Аллах Тааланын алдындагы абалы кандай болот? Биз Аллахтан кечирим жана бакубатчылык сурайбыз.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 7-зулкаада.

2026-ж, 25-апрель.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button