Комментарий

Араб Эмираттары ОПЕКтен чыгарын билдирди

Араб Эмираттары ОПЕКтен чыгарын билдирди

Бириккен Араб Эмираттары ОПЕКтен чыга тургандыгын жарыялады. Бул кадамды дүйнөлүк мунай базарындагы күчтөрдүн тең салмактуулугун өзгөртө турган аракет катары кароого болот. Бул чечим, өлкөдөгү мунай өндүрүүнү көбөйтүү жана картелдин чектөөлөрүнөн баш тартуу ниети менен байланыштырылууда. АКШ менен Сауд Арабиясынын ортосундагы мамилелердин чыңалуусу күчөп жаткан учурда, бул кадам ОПЕКтин ичиндеги координацияны алсыратып, бааларга карата басымды күчөтүшү мүмкүн.  Бул кадамдын кесепеттери, мунай рыногунун алкагынан ашып өтүшү толук ыктымал. Ошондой эле, мындай кадам жакынкы арада мунай сунушунун өсүшүнө жана баанын төмөндөшүнө таасирин тийгизип, мунай экспорттоого көз карандылыгы жогору болгон өлкөлөргө сокку урушу мүмкүн. Мындан биринчи кезекте мунай кирешелери бюджеттин олуттуу бөлүгүн түзгөн Орусия, Ирак, Нигерия жана Венесуэла мамлекеттери жабыркайт. Бул өлкөлөр үчүн баанын арзандашы, дефициттин өсүшүнө, улуттук валюталарга болгон басымдын күчөшүнө, социалдык жана инвестициялык программалардын чектелишине алып келет. Баса белгилей кетсек, учурда фондулук биржаларда, мунайдын баасы төмөндөй баштады.

Сауд Арабиясынын абалы өзүнчө көйгөйгө айланууда. ОПЕКтин ичиндеги тартиптин  алсырашы менен, бул өлкө рыноктогу негизги жөнгө салуучу ролунан ажырай баштайт. Эгерде башка өлкөлөр БАЭнин жолун жолдой турган болсо, Эр-Рияд рыноктогу өз үлүшүн жоготпостон, бааларды каалаган деңгээлде кармап туруу кыйла оор болгон кырдаалга туш болот.  АКШ жана Европа Биримдиги үчүн бул кырдаал абдан пайдалуу жана бул демилгенин артында дал ушул тараптар турушу мүмкүн.

Негизги басым мунайдын баасын түшүрүүгө коюлган. Арзан мунай, инфляциялык басымды төмөндөтүүгө, өнөр жайды колдоого жана экономикалардын тышкы энергетикалык соккуларга болгон сезимталдыгын азайтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындан тышкары, ОПЕКтин алсырашы экспорттоочу өлкөлөрдүн дүйнөлүк баа саясатына болгон таасирин объективдүү түрдө төмөндөтөт. Жетишиле турган пайдаларды эске ала турган болсок, Батыштын бул ишке кызыкдарлыгын, ал тургай анын бул ишти жашыруун башкарып жаткандыгын болжолдоого болот. Ошондуктан, мунай өндүрүү жаатындагы жамааттык көзөмөлдөө механизмдерин бузуу же алсыратуу, өзгөчө АКШ менен Европа Биримдигинин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына шайкеш келүүдө. Бул кырдаал, батыш менен экспорттоочулардын ортосундагы татаал мамилелердин шартында болуп жатканын баса белгилей кетүү зарыл. Бул чечим, пайданы керектөөчү өлкөлөргө (АКШ жана ЕБ) карай бурууга жардам берет. Ошону менен бирге, бул чечимдин таасири экспорттоочуларга (Сауд Арабиясы, Орусия) болгон басымды күчөтүп, мунай рыногун туруксуз кылып, башкарууну татаалдаштырат.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button