Роя гезити

Йемендеги ачарчылык элди кырсыкка учуратууда

Йемендеги ачарчылык элди кырсыкка учуратууда

Анын түпкү чечими кандай?

Бириккен Улуттар Уюму жакынкы мезгилде Йемендин миллиондогон калкы ачарчылыкка жакындап бара жатканын эскертти. Бул абал каржылоонун жетишсиздиги, гуманитардык жардамды жеткирүүгө коюлган чектөөлөр жана аймактык чыңалуунун уланышына байланыштуу. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму акыркы отчетунда мындай деп билдирди: «Йемендеги азык-түлүк абалы аймактык жаңжал, экономикалык кыйроо, каржылоонун кыскарышы жана катуу операциялык чектөөлөрдүн мурда болуп көрбөгөндөй айкалышуусунун натыйжасында тездик менен начарлап жатат. Мунун натыйжасында кеңири масштабдагы ачарчылыкка туш болуу коркунучу жакындап калды».

Отчетто ошондой эле өлкөдө 18,3 миллиондон ашуун адам курч азык-түлүк тартыштыгынан жапа чегип жатканы айтылган (IPC 3 – кризистик деңгээл). Алардын арасында дүйнө жүзү боюнча эң көп сандагы адамдар IPC 4 деңгээлине (өзгөчө кырдаал) туш болуп жатышат.

Йеменди кыйраткан ачарчылык жөн гана табигый кырсык же начар башкаруунун жыйынтыгы эмес, бул Батыш мамлекеттеринин – Америка менен Британиянын – аймактык жана жергиликтүү өкүлдөрү аркылуу жүргүзгөн тирешинин натыйжасында атайын түзүлгөн трагедия болуп эсептелет. Акыркы жылдарда Йемен эли улам-улам кризистерге кабылып келди, алардын акыркысы 2015-жылы башталган «Хазм бороон» операциясы болду. Бул операция абалды андан ары начарлатып, буга чейин эле алсыз болгон экономиканын негиздерин талкалады, айлыктар токтоду, жумушсуздук күчөдү жана улуттук валюта күнүн жоготту.

Сандар бул кырсыктын көлөмүн айкын көрсөтөт: ошол мезгилдеги БУУнун отчетторуна ылайык, азык-түлүктүн жетишсиздиги курч болуп, азык-түлүк жана күйүүчү май баалары кескин өстү, натыйжада Йемен элинин болжол менен 80%ы азык-түлүк коопсуздугунан ажырады. Азап-тозок ачарчылык менен гана чектелбестен, эрте өлүмгө да алып келүүдө. ЮНИСЕФтин отчеттору боюнча, бир жыл ичинде 63 миңге жакын йемендик алдын алууга мүмкүн болгон себептерден каза болгон, алардын көбү туура эмес тамактанууга байланыштуу. Ошондой эле балдар арасындагы курч жетишсиз тамактануунун деңгээли 2015-жылга салыштырмалуу 63%га өскөн.

Бириккен Улуттар Уюму ачарчылыкты улантуунун шериги болуп эсептелет. Ал дүйнөдөн каражат чогултуу үчүн эскертүүлөрдү жана шашылыш кайрылууларды жасайт, бирок максаттарына жете албай келет. Саудия уюштуруп, БУУ колдогон донорлор конференциясында 130дан ашуун мамлекет катышканына карабастан, 2,41 миллиард долларлык талап кылынган каражатты топтоо ишке ашкан жок. Бул аталган тараптардын Йемен элинин азабына кайдыгер экенин ачык көрсөтөт жана алар эч качан түпкү чечимдерди сунуш кылышкан эмес. «Чечимдер» деп аталгандары болсо абалды ого бетер оорлотуп, жаңжалды кеңейтип гана жатат, бул ири куфр мамлекеттерине кызмат кылуу үчүн жасалууда.

Йемен – байлыкка толгон өлкө, анын аянты 555 миң чарчы километрге жетет. Анда ар түрдүү минералдык байлыктар (мунай, газ жана башка кендер), түшүмдүү айыл чарба жерлери бар. Мындан тышкары, балык чарбасы да маанилүү тармак болуп эсептелет, анткени Йемендин жээк тилкеси 2000 кмден ашып, Кызыл деңиз, Аден булуңу, Араб деңизи жана Инд океаны аркылуу созулат. Ошондой эле аралдар жана булуңдар көп болгондуктан, 350дөн ашуун балык жана деңиз жаныбарлары үчүн ылайыктуу чөйрө түзүлгөн. Йемендин аймактык сууларында 186 арал бар, алардын ар бири өзүнө таандык рельефке, климатка жана чөйрөгө ээ.

Бул аралдардын көпчүлүгү Кызыл деңизде жайгашкан. Алардын эң маанилүүлөрүнүн бири – Камаран аралы, ал Кызыл деңиздеги эң ири калктуу арал болуп эсептелет. Ошондой эле Ханиш архипелагы жана Баб ал-Мандеб кысыгында стратегиялык орунга ээ Майюн аралы бар. Араб деңизиндеги эң маанилүү аралдардын бири – Сокотра архипелагы. Сокотра аралы бул архипелагдагы эң чоң арал болуп, анын курамына дагы бир нече аралдар кирет. Бул арал өзүнүн биологиялык ар түрдүүлүгү менен айырмаланат, кургактагы өсүмдүктөрдүн саны болжол менен 680 түргө жетет. Ушул себептен Сокотра аралы Батыш куфр мамлекеттеринин кызыгуусун жараткан. БАЭ киргенден бери Сокотра, Баб ал-Мандеб жана Моха аймактары Британияга кызмат кылган стратегиялык максатка айланган.

Демек, Йемен байлыктарын талап-тоноого жол берген жана аларды Батышка өткөрүп берген агент башкаруучулардын, ошондой эле капиталисттик ыкма менен бардык нерсени жутууга умтулган колонизатор каапырлардын ортосунда калды.

Йемен маселеси жана жалпы мусулмандардын бардык маселелеринин жалгыз түпкү чечими пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рашид Халифалыкты тикелөө. Бул Аллах Тааланын убадасы жана аны Расулунун ﷺ  сүйүнчүсү.

Азыркы секуляризм жана капитализмге негизделген режимдер көйгөйдүн өзөгү. Бузук жана жакырлаткан капиталисттик режимдер азап-тозоктун, бактысыздыктын жана ачарчылыктын себеби болуп саналат. Бул капиталисттердин ач көздүгүнөн жана өз кызыкчылыктарын көздөп, адамдардын өмүрү, каны эсебинен чөнтөктөрүн жана курсактарын толтурууга умтулуусунан келип чыгат.

Эй Йемен калкы, эй Йемен уруулары! Силерге колдонулуп жаткан капиталисттик система бул балээнин себеби. Өлкө ресурстарынын жетишсиздигинен эмес, ушул жапайы системанын колдонулушунан жана анын үстүндөгү эл аралык тирештен улам, өлкө мындан ары да жакырчылык, ачарчылык жана кан төгүүнүн деңизине чөгүп кала берет. Ошондуктан силерди Хизб ут-Тахрир менен бирге иш алып барып, агент режимдерди кулатып, пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөөгө чакырабыз. Дал ошондо гана силер жана Ислам үммөтү кайрадан бийик улуулукка жетет. Аллахтын уруксаты менен ачарчылык коркунучунун өзү да болбойт.

Роя гезити

Доктор Фуад ас-Сабрий – Йемен вилаяты

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button