Америка келишимге жетишүүгө умтулуп, Иран андан баш тартууда

Америка келишимге жетишүүгө умтулуп, Иран андан баш тартууда
Америка президенти Трамп Иран менен келишим түзүүгө абдан катуу умтулууда. Ал үчүн 2026-жылдын 11-апрелинде орун басары Венсти – өлкөдөгү экинчи эң жогорку даражалуу адамды – Пакистанга жиберип, келишимге жетүүгө аракет кылды, бирок ийгиликке жете алган жок. Ошондой эле ал 2026-жылдын 21-апрелинде экинчи айлампаны өткөрүү үчүн аны кайра жиберерин жарыялады, бирок Иран бул айлампаны өткөрүүдөн баш тартып, аны ыңгайсыз абалда калтырды. Андан соң 2026-жылдын 25-апрелинде атайын өкүлү Уиткофту жана күйөө баласы Кушнерди Пакистанга жеберерин билдирди, бирок Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи ал жактан чыгып кеткенден кийин алардын сапарын жокко чыгарды.
Иран болсо Америка делегациясы менен жолугушууга даяр экенин жарыялаган жок. Анын тышкы иштер министрлиги: «Министр Аббас Аракчи Пакистанга сапар менен барып, Пакистан армиясынын кол башчысы Асим Мунир менен жолугуп, ок атышууну токтотуу, согушту аяктоо жана аймакта тынчтык менен туруктуулукту бекемдөө маселелерин талкуулады, ошондой эле Тегерандын позицияларын жана байкоолорун пакистан тарапка жеткирди», – деп билдирди.
Рейтерс агенттиги пакистандык булакка таянып: «Аракчи Ирандын талаптарын жана Американын талаптарына карата эскертүүлөрүн сунуштады, Исламабадда Иран менен Американын ортосунда эч кандай жолугушуу өткөрүү планы жок», – деп билдирди. Ал эми «Фарс» агенттиги Ирандын Улуттук коопсуздук жогорку кеңешине таянып: «Америка менен эч кандай сүйлөшүү жок», – деп кабарлады.
Аракчи андан соң Оманга жөнөдү. Иран ал жерде сүйлөшүүлөрдү Пакистандан Оманга көчүрүүнү кааларын билдирди. Себеби, мурдагы айлампаларда б.а. 2026-жылдын 28-февралында Америка жана яхудий түзүмү Иранга кол салганга чейин Оман Иранга басым көрсөтпөгөндөй болуп, нейтралдуу ортомчу катары көрүнгөн. Мындай көрүнүш мурда да болгон: Америка жана Иран делегациялары Оманда жолугуп, 2015-жылдагы келишимге чейин сүйлөшүүлөрдү ошол жерде өткөрүшкөн. Иран Ормуз кысыгына байланыштуу сүйлөшүүлөргө Оманды да кошуп, өз тарабына кошумча тарап кылууну каалайт. Ошондуктан анын тышкы иштер министрлиги 2026-жылдын 26-апрелинде: «Аракчи Оман султаны менен жолугуп, Ормуз кысыгындагы кеме жүрүү коопсуздугу, Булуң коопсуздугу жана Оман деңизи боюнча маселелерди талкуулады», – деп жарыялады. Ушундайча Иран сүйлөшүүлөрдө өз позициясын бекемдөөгө аракет кылууда.
Көрүнүп тургандай, Пакистан Иранды Американын талаптарын кабыл алууга мажбурлоо үчүн басым көрсөтүп жатат. Анын иш жүзүндөгү башкаруучусу болгон армия башчысы Асим Мунир 2026-жылдын 15-апрелинде Иранга үч күндүк сапар менен барып, бир катар ирандык жетекчилер менен жолугуп, алар менен кеңешүүлөрдү өткөрдү жана Америкадан жаңы сүйлөшүүлөр айлампасын өткөрүү тууралуу билдирүүнү жеткирди. Ал Ирандагы чыныгы чечим кабыл алуучуларды аныктоону жана көрүнүштү өз кожоюну болгон Америкага тактап берүүнү каалагандай болду. Анткени Трамп 2026-жылдын 21-апрелинде: «Иранда ким жетекчи экенин эч ким билбейт, анын бийлигинин ичинде пикир келишпестиктер бар, бири сүйлөшүүнү колдосо, экинчиси каршы чыгууда», – деп айткан.
Трамп 2026-жылдын 24-апрелинде: «Тегеран биздин талаптарды канааттандырууга багытталган сунуш берүүгө ниеттенүүдө, бирок ал сунуш эмнени камтый турганын билбейбиз. Бирок биз азыр жооптуу адамдар менен иш алып баруудабыз», – деген. Бул Пакистан ага Иран тууралуу маалымат берип жатканын тастыктайт.
Аракчи Трамптын өкүлдөрү Уиткоф жана Кушнер менен жолугушуудан баш тартканын көргөндөн кийин, Трамп алардын сапарын жокко чыгарып: «Майнапсыз сүйлөшүү үчүн 18 сааттык сапарга чыгышпайт», – деп айтты жана «Иран жетекчилиги башаламан абалда, бардык карталар менде, ал эми ирандыктарда эч нерсе жок, эгер сүйлөшкүсү келсе, бизге өздөрү кайрылышы керек», – деп доомат кылды. Бул азырынча Иранды өз шарттары боюнча келишимге мажбур кыла албай жатканын көрсөтөт.
Иран болсо, Америкадан айырмаланып, келишимге жетишүүгө шашылгандай көрүнбөйт жана аны менен сүйлөшүүлөргө кызыкдар эместигин көрсөтүүдө. Ал тургай согушууга даяр экенин да билдирүүдө. Иран телеканалы жогорку аскердик жетекчиликке таянып: «Эгер Америка аймакта курчоону жана каракчылыкты уланта берсе, биз америкалык күчтөргө жооп кайтарабыз», – деп кабарлады. Ал эми коргоо министрлигинин өкүлү 2026-жылдын 25-апрелинде: «Америка согуштун сазынан чыгуу жолун издеп жатат», – деп айтты.
Демек, Иран Америка үчүн келишимдин канчалык маанилүү экенин түшүнүп, өз позициясын бекемдөөгө аракет кылууда. Ал Трамптын орун басары менен кайра жолугушуудан баш тартуу жана анын өкүлдөрү менен жолукпоосу аркылуу Трампты ыңгайсыз абалда калтырды. Бул аракеттер анын аброюна сокку болуп, аны алсыз абалда экенин көрсөттү. Ошол эле учурда Ирандын позициясы дүйнөлүк деңгээлде макталып, анын Америка жана анын колдоочусу болгон яхудий түзүмү менен кайра согушууга даяр экендиги да баса белгиленди. Ал «катуу талаптарды кабыл албайбыз» деп жарыялады.
Ошондой эле Аракчи Россияга барарын айтты. Иран Америка үстөмдүк кылып жаткан сүйлөшүүлөргө Россияны кошууга аракет кылууда, ошону менен Американын жалгыз үстөмдүгүн бузуп, анын басымын жеңилдетүүнү көздөйт. Бирок Америка буга каршы, ал эми Россия Америкага каршы чыгууга жана сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн басым көрсөтүүгө батынбайт. Тескерисинче, Украина маселесинде Америка өзүнө каршы бурулуп кетпеши үчүн анын кыжырына тийип албоого аракет кылууда. Анткени Америка Украинадан Россия ээлеп алган аймактардан баш тартууну талап кылды, бул Россиянын пайдасына болуп, ал жактагы согушта жеңишке жетүүгө үмүт берет, анткени бул согуш Россия үчүн тагдыр чечүүчү согуш болуп эсептелет. Ошондуктан Россиянын Иран үчүн Америкага басым көрсөтүшү күмөндүү маселе.
Трамптын сүйлөшүүлөргө ушунчалык умтулуусунун себеби – Иран менен келишим түзүп, өзүн жеңүүчү катары көрсөтүү каалоосу. Бул аркылуу ал өзүнүн жана партиясынын позициясын бекемдөөнү көздөйт, анткени анын ички абройу төмөндөп кеткен. Ал алдыдагы ноябрь айында боло турган Конгресстин орто мөөнөттүү шайлоосунда партиясы утулуп калуусунан кооптонууда, бул эки жылдан кийин өтө турган президенттик шайлоого да таасир этет.
Ошондой эле согуштун дүйнөлүк экономикага тийгизген таасири бар. Ирандын Ормуз кысыгын көзөмөлдөшү жана Американын иран портторун курчоого алышы дүйнөлүк экономикалык кризисти күчөтүүдө, мында негизги күнөө Америкага оодарылууда. 2026-жылдын 26-апрелинде тараган кабарларга ылайык, 600дөн ашуун ири соода кемеси Ормуз кысыгынын аймагында токтоп турат, анткени Иран кысыкты ачуу үчүн өз портторуна коюлган курчоону алып салууну шарт кылууда.
Америка азыр эки анжы абалда калды. Эгер ал кайрадан кол салууну улантса, максаттарына жетеби? Ал буга 40 күн аракет кылып көрдү, бирок азыр күмөн санап калды. Ошондуктан ал сүйлөшүүлөргө басым жасап, максаттарына ошол аркылуу жетүүнү туура көрүүдө. Ушул себептен ал ок атышууну токтотуу мөөнөтүн белгисиз убакытка узартты, анткени сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураса, кайра кол салууга аргасыз болуп, өзүн ыңгайсыз абалга калтыргысы келбейт.
Иран муну түшүнүп тургандай көрүнөт. Ошондуктан ал Трамптын орун басары жана өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү кайра баштоодон баш тартып, ар тараптан өз позициясын бекемдөөгө аракет кылууда. Бирок ал талаада жалгыз, ал эми Америка Ислам өлкөлөрүнүн алсыз мамлекеттерге бөлүнүп кетишинен пайдаланып, алардын баарына үстөмдүк кылууда.
Мындан улам Ислам өлкөлөрүн бир мамлекетке т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетине бириктирүүнүн мааниси чоң. Ошондо гана Америка жана яхудий түзүмүнө каршы туруп, аларды жеңүүгө болот.
Роя гезити
Асъад Мансур




