Газадагы аял: үй-бүлөгө кам көрүү менен тирүү калуу үчүн күрөш ортосунда

Басма сөз баянаты
Газадагы аял: үй-бүлөгө кам көрүү менен тирүү калуу үчүн күрөш ортосунда
Палестинанын саясий изилдөөлөр борбору билдиргендей, Газадагы согуш үй-бүлөнү багуу жоопкерчилиги аялдарга жүктөлгөн көрүнүш мурда болуп көрбөгөндөй кеңейишине алып келди. Анткени жесир аялдардын саны 22 миңден ашты. Борбор «Газа секторундагы үй-бүлөнү багуучу аял: согуш экономикасы жана коомдук жакырчылыкты кайра өндүрүү» деген аталыштагы аналитикалык баяндама чыгарган. Анда согуштун натыйжасында үй-бүлө багуучулардын жоголушу палестиналык үй-бүлө түзүмүндө терең өзгөрүүлөрдү пайда кылганын түшүндүрдү. Ошондой эле ата-энесинин биринен айрылган он миңдеген балдар бар экени айтылды. Натыйжада аял экономикалык жактан үй-бүлөнү багуу менен бирге үй-бүлөгө кам көрүү жоопкерчилигин да өзүнө алган. Мунун баары тышкы жардам жана колдоо таптакыр жок шартта болуп жаткандыктан, аялдарга болгон экономикалык, психологиялык жана коомдук басым дагы да күчөдү.
Эркин маалыматтар сектордогу аялдардын башынан өтүп жаткан алааматтын көлөмүн дагы да ачуу көрсөтүүдө. Маалыматтарга ылайык, 6020дан ашык үй-бүлө толугу менен кырылып, көп учурларда жалгыз тирүү калган адам аял же бала болгон. Мындан тышкары, 2700 үй-бүлө толугу менен жок кылынган. Он миңдеген күйөөлөрдүн шахид болушу жана камакка алынышы алардын аялдарын өтө оор гуманитардык жана экономикалык шарттарда үй-бүлөнү жалгыз багуучуга айландырды.
Колдо бар маалыматтар он миңдеген жесир аялдар бар экенин, кеминде 53724 бала ата-энесинин биринен айрылганын көрсөтөт. Алардын көпчүлүгү атасынан айрылган. Ошондой эле 2596 бала томолой жетим калган.Жаңы баалоолорго ылайык, Газада 58600дөн ашык үй-бүлөнү аялдар багып калды. Бул жалпы үй-бүлөлөрдүн болжол менен 14%ын түзөт. Бул аял эми жөн гана үй-бүлөнүн мүчөсү эмес, алардын чоң бөлүгүндө чечим кабыл алуучу борборго айланганын билдирет. Бирок бул өзгөрүү туруктуу мүмкүнчүлүктөр шартында эмес, кеңири көчүрүлүү, колдоо тармактарынын бузулушу жана экономикалык коопсуздуктун жоктугу шартында болууда.
Ошондой эле үй-бүлөнү багуучу аялдар көчүрүлүүгө жана туруксуздукка көбүрөөк дуушар болууда. Маалыматтарга ылайык, аялдар баккан үй-бүлөлөрдүн 88%ы көчүрүлүүгө туш болгон. Ал эми башка үй-бүлөлөрдө бул көрсөткүч 77%ды түзөт. Бул сандар жөн гана адамдык жоготууларды гана чагылдырбастан, салттуу үй-бүлө түзүмүнүн кеңири бузулушун жана үй-бүлөнү багуу милдетинин мажбур түрдө аялдардын мойнуна өтүшүн көрсөтөт. Натыйжада бул көрүнүш өз-өзүнчө болгон жеке учурлардан чыгып, коомго кеңири таасир эткен коомдук көрүнүшкө айланды.
Мындан тышкары, Газадагы экономикалык ишмердүүлүк дээрлик кыйрады. Болжолдорго ылайык, 2025-жылы жалпы жумушсуздук деңгээли болжол менен 68%га жеткен. Эмгек рыногуна катышуу согушка чейин 40%га жакын болсо, азыр болгону 25% чамасында калды. Ошондой эле өндүрүш секторлорунун дээрлик бардыгында экономика «дээрлик толук кыйроо» абалына жеткени катталган. Бул болсо рынок жаңы жумуш орундарын түзүүгө же жаңы жумушчу күчүн кабыл алууга жөндөмсүз болуп калганын билдирет.
Натыйжада, үй-бүлөнү багуучу аялдын маселеси эми жумуш табууда эмес, тескерисинче, рыноктун өзүнүн жок болуп калышында. Маалыматтар эмгек рыногунун түзүмүндө өтө чоң теңсиздик бар экенин көрсөтөт. Аялдардын жумушсуздук деңгээли 92%га жетсе, экономикалык катышуусу болгону 17%ды түзөт. Ошондой эле аялдар баккан үй-бүлөлөрдүн үлүшү согушка чейин 12% болсо, согуш учурунда 18%га чейин өстү. Бул болсо аялдардын экономикалык жоопкерчилиги өсүп жаткан учурда, алардын ишке жетүү мүмкүнчүлүктөрү тескерисинче азайып жатканын көрсөткөн курч карама-каршылыкты чагылдырат.
Бул сандар жана статистикалар аялдар үчүн эч кандай чечим көрүнбөгөн уланып жаткан азаптарынын бир бөлүгүн гана көрсөтөт. Алар адамга татыктуу жашоонун эң жөнөкөй шарттары да жок оор турмушта жашап жатышат. Алардын ролу мурда балдарды тарбиялоо жана кам көрүү менен чектелсе, бүгүн тирүү калуу үчүн күрөшкө айланды. Алардын көпчүлүгү азыр эскирип бүткөн чатырларда же талкаланган үйлөрдө жашашууда. Ал жерлерде суу, электр энергиясы, газ жана санитардык шарттар сыяктуу күнүмдүк жашоонун негизги каражаттарынын көбү жок.
Ал тургай, алар кайгыруудан да куру калышкан. Себеби алар өз сезимдерин басууга жана кайгысын белгисиз мөөнөткө жылдырууга мажбур. Анткени алар балдарын сооротуп, шахиддик же туткунга түшүү себептүү атасынан айрылуунун ордун толтурууга аракет кылышууда. Мунун баары аларга психологиялык, физикалык, экономикалык жана коомдук жактан оор таасир тийгизүүдө.
Ушунун баары жана андан да көбү болуп жатканына карабастан, дүйнө өзүнүн талаштары жана ач көздүгү менен алек. Ал эми аялдар уюмдары терең уйкуда жатат. Алар ошол уйкудан Исламды, анын өкүмдөрүн жана мыйзамдарын айыптоо үчүн гана ойгонушат.
Эй мусулмандар! Пайгамбар ﷺ коштошуу ажылыгында жана көптөгөн хадистеринде силерге осуят кылган аялдар үчүн дагы эмнени күтүп жатасыңар?! Ар кандай түрдөгү азап, он миңдеген курмандыктар силерди кыймылга келтирбей калдыбы?! Же силерге Аллах Тааланын төмөнкү сөзү туура келип калдыбы:
﴿ثُمَّ قَسَتْ قُلُوبُكُم مِّن بَعْدِ ذَٰلِكَ فَهِيَ كَالْحِجَارَةِ أَوْ أَشَدُّ قَسْوَةً وَإِنَّ مِنَ الْحِجَارَةِ لَمَا يَتَفَجَّرُ مِنْهُ الْأَنْهَارُ وَإِنَّ مِنْهَا لَمَا يَشَّقَّقُ فَيَخْرُجُ مِنْهُ الْمَاءُ وَإِنَّ مِنْهَا لَمَا يَهْبِطُ مِنْ خَشْيَةِ اللَّهِ وَمَا اللَّهُ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعْمَلُونَ﴾
«Ушундай мужизаларды көргөндөн кийин да дилиңер катты. Демек ал дилдер таш сыяктуу же андан да катуурак. Анткени, ушундай да таштар бар, алардан дарыялар атылып чыгат. Дагы ушундайлары да бар, Алладан корккондугунан төмөн агат. Алла жасап жаткан амалыңардан кабарсыз калбайт! » (Бакара: 74).
Хизб -ут Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
Аялдар бөлүмү
07.05.26




