Кытай Кыргызстанда аскерий таасирин бекемдеп жатат

Кытай Кыргызстанда аскерий таасирин бекемдеп жатат
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Жумгалбек Шабданбеков Кытайдын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохунду кабыл алды.
Шабданбеков өз сөзүндө кытай инвесторлорунун укуктарын жана коопсуздугун коргоого даярдыгын баса белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө терроризмге, диний экстремизмге, экономикалык кылмыштарга жана киберкоркунучтарга каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыкты ырааттуу түрдө күчөтүү боюнча макулдашылды. О.э “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол магистралын куруу долбоорунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Кытай өкүлү мунун алдында Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жолугуп, Ички иштер бөлүмүнүн кызмат өтөө шарттары, кызматтык даярдыкты уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо менен таанышкан.
Комментарий:
Кытайдын өлкөдөгү экономикалык таасири арыштап өсүп жатканы белгилүү. Муну эки өлкө ортосунда ишке ашып жаткан ири долбоорлор, стратегиялык долбоорлордун кытай инвесторлоруна берилип жатышы да тастыктап турат. Жогорудагы жолугушуулардан маалым болгондой, Кытай мындан ары инвестициясын коргоо шылтоосу менен өлкөдө коопсуздук тармагындагы таасирин да күчөтө баштады. Бул аракеттер буга чейин эле башталганы маалым. Маселен, Ички иштер министрлиги адамды жүзүнөн таануучу аппараттарды Кытайдан келишим негизинде алып келип, аны көчөлөрдө, мечиттерде орното баштаган. Мындан максат, Кытай үчүн кооптуу деп эсептелген уйгур тектүү жарандарды аныктоо, мусулмандардын кыймыл-аракетин күзөтүү. Мунун артынан болсо аларга “экстремизм”, “терроризм” жалаалары менен айып тагып, бутпарас кожоюндарына жагынууну көздөшүүдө.
Демек, расмийлердин сөзүнөн да тастыкталып тургандай, Кыргызстанда мындан ары Кытайдын коопсуздук тармагындагы таасири артышына жол ачып берилүүдө. Айрыкча, өлкөдө мыйзамсыз аракеттери менен коштолуп жаткан кытай жарандарынын ишмердүүлүгүнө каршы жергиликтүү калктын нааразылыктары күчөп жаткан шартта, Кытай үчүн бул кадам маанилүү. Андыктан, кыргыз коому бийликти арзыбас дүйнө пайдасы үчүн акыретибизге зыян жете турган келишимдерден тыйып, жакшылыкка чакыруубуз шарт. Анткени, каапырлар бийликтин аларга жагынуу үчүн кылып жаткан аракеттеринен эч качан ыраазы болушпайт. Бул тууралуу Алла Таала мындай кабар берген:
﴿وَلَنْ تَرْضَىٰ عَنْكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ ۗ قُلْ إِنَّ هُدَى اللَّهِ هُوَ الْهُدَى ۗ وَلَئِنِ اتَّبَعْتَ أَهْوَاءَهُمْ بَعْدَ الَّذِي جَاءَكَ مِنَ الْعِلْمِ مَا لَكَ مِنَ اللَّهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ﴾
“Жөөт жана насранийлер, сен алардын динине ээрчимейинче эч качан сага ыраазы болушпайт. Айткын: “Алланын Жолу гана акыйкат жол!”. Ант болсун, эгер сага келген чыныгы билимден соң алардын көңүлдөрү каалаган нерсеге ээрчисең, Алладан сага дос да, жардамчы да болбойт”. (Бакара: 120).
Нурдин Асаналиев




