Макала

Капитализмде үйлөнүү жаштардын көйгөйү

Капитализмде үйлөнүү жаштардын көйгөйү

Ысык-Көлдө өткөн аткаминерлер менен элдин жолугушуусунда айыл тургуну президентке кайрылып, азыркы учурда жаштар арасында зордук-зомбулук, кыздардын өз балдарын ажатканага таштап, көрүнгөн жерде өлтүрүп, жок кылуу сыяктуу терс көрүнүштөр көбөйгөнүн айтты. Анын пикиринде, мурункудай кыз ала качуу болгондо мындай көйгөйлөр аз болмок. Ошондуктан ал ала качууну кайра мыйзамдаштырууну сунуштап, бул оюн көпчүлүк эл колдойт деп эсептей турганын билдирди.

Бүгүн жаштардын үйлөнүү маселеси олуттуу көйгөйгө айланып бара жатат. Үйлөнүү ири финансылык каражаттарды талап кылып, эл арасындагы “чоң той өткөрүү керек” деген пикир көптөгөн жаштардын үйлөнүүсүнө тоскоол болууда. Ошондой эле, үйлөнүү курагын чектеген мыйзамдар да бул маселеге олуттуу терс таасирин тийгизип жатат.

Ушул себептерден улам, жаштар никесиз эле ар кандай бузукулуктарга барып жатышат. Акыбетте айтылган терс көрүнүштөр улам жайылып, коомдун демографиясына, адеп-ахлагына, келечегине зыянын тийгизүүдө. Маселен, 2024-жылы аборт кылдыруунун 20 миң учуру катталган. Бул көрсөткүчтө катталбагандары канча?!

Мунун баары капиталисттик пикирлердин, мыйзамдардын натыйжасында болууда. Капитализм коомдун, анын ичинде жаштардын маанилүү көйгөйлөрүн чече албагандыгын көрсөтүүдө. Анын чечими жалаң гана бузукулукка, адеп-ахлаксыздыкка алып келди. Андыктан, бул маселеге олутту көңүл бурулуп, чечкиндүү аракеттер көрүлбөсө коомдун келечегин кырсык күтүп жатат.

Анын чечими бир гана Исламда жатат. Ислам өкүмдөрү бул социалдык маселени түп тамырынан чечкен. Бул чечимдер коомдо бузукулуктун алдын алып, маселенин туура жолго коюлушун камсыздайт.

Үйлөнүү тууралуу хадистер:

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтат: “Нике – бул менин сүннөтүм, ким менин жолумдан баш тартса, менден баш тарткан болот”. (Бухари, Муслим).

Пайгамбар (с.а.в.) айтты: “Ким жакырчылыктан коркуп үйлөнбөй жатса, ал бизден эмес”. (Абу Мансур).

Пайгамбар (с.а.в.) айтты: “Кимиңер өз кызыңарды күйөөгө бермекчи болсоңор, анын макулдугун сурасын”. (Ат-Табарани).

Тагырак айтканда, эки жаштын ортосундагы мамиле бир гана нике менен чектелиши керек жана валий менен кыздын макулдугу шарт.

Ошол эле маалда, жаштар, алардын ата-энелери, туугандары ири финансылык каражаттарды талап кылган ырасымдарды никенин шарты катары карманбашы керек. Ислам каражатка жараша той өткөрүүнү макулдайт. Бул үчүн бүгүнкү күндөгүдөй чет элге иштегени баруунун же карызга малынуунун, ал тургай кредит алуунун кажети жок. Ислам үйлөнүү тою жеңил өтүүсүн, ал никеге тоскоол болбостугун буйруйт.

Пайгамбар (с.а.в.) айтты: Эң жакшы нике – бул жеңил бүткөн нике. (Абу Давуд).

Ошондой эле Ислам эркектерди өз аялдарына жакшы мамиле кылууга үндөйт.

Пайгамбар (с.а.в.) дагы айтты: “Эң жакшы таква адам – бул эң жакшы адеп-ахлагы менен өзгөчөлөнгөнү. Ал эми, силердин эң жакшыңар – бул өз аялына эң жакшы мамиле кылганыңар”. (Ат-Тирмизи).

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button