Макала

Кыргызстанда саясий кырдаал кайрадан чыңалууда

Кыргызстанда саясий кырдаал кайрадан чыңалууда

18-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев “75чилердин катынын” негизинде жүрүп жаткан соттук иш боюнча билдирүү жасады. Анын айтымында, алардын 2026-жылы президенттик шайлоо өткөрүү максаты болгон. Ага чейин коомчулукту даярдап жатышкан.

Эгерде катты биз үч окууда кабыл алып бергенде кандай сценарий болот эле? Вето коюлмак, мыйзам боюнча мындай болот деген сөз чыкмак, айтор ыдыроо болуп, экиге бөлүнүп, уруш-талаш болуп, мамлекетке коркунуч жаралмак” – деди спикер.

Буга чейин жабык каралып жаткан сот отуруму, айыпталуучулардын өтүнүчү менен 15-июндан тартып ачык карала баштаган. Ачык соттун артынан эле 15-июнда аталган иштеги айыпталуучулардын жана күбөлөрдүн видеолору тарап кеткен. Фейсбукта жарыяланган 11 мүнөттүк тасмада Ташиев баш болгон бир нече адамдын көрсөтмөлөрү кескиленип жарыяланган.

 Мындан улам, коом ичинде эки тараптын позициясын колдогон талкуу күч алууда. Айрыкча, мындай абалга сот отурумунун ачык өтө башташы жана бийликтин айыпталуучуларды каралаган маалымат кампаниялары түрткү болууда.

Ошентип, бийликке иш жүзүндө тандем менен келген Ташиев Жапаровдун кийинки президенттик шайлоого катышуусуна жана бийлиги үчүн негизги коркунуч боюнча калууда.

Буга чейин Ташиевдин бийликте турган кездеги коррупциялык иштери тууралуу видеолор чыгарылып, анын жакындарына кылмыш иштери козголду. Акыры келип өзүнө да кылмыш иши козголуп, сотто көрсөтмө берүүгө мажбур болууда. Муну менен Жапаров алдыдагы шайлоодо атаандаш фигуранын чыгышын алдын алып, өзүнүн президенттик мөөнөтүн узартууга жол ачып жатат. Айрыкча, өтмүштөгү бийликтин ыплас иштеринин баарына Ташиевди күнөөлүү кылуу менен аны “саясий өлүккө” айлантуу аракети жүрүп жатат. Буга кошумча, Ташиев жана анын айланасындагы адамдарга кылмыш ишинин козголушу аларды шайлоо астындагы саясий процесстерден алыстатып, колу буту тушалган абалга алып келет.

Ал эми, бийлик үчүн таасир талаштагы тышкы факторго келсек, өлкөдө негизги таасирге ээ болгон Россия Ташиевдин кызматтан алынышына олуттуу реакция кылган жок. Тескерисинче, айрым орус маалымат каражаттары анын бийликтен алынганын кубаттаган кабарларды таратышты. Бул жагдай Ташиевди кызматтан алууда Россия Жапаровду кыйыр түрдө колдогонун көрсөтөт. Демек, Ташиевдин таасирин жоюуда Жапаров тышкы колдоого да таянганын четке кагууга болбойт.

Жыйынтыктап айтканда, 2027-жылдагы шайлоодо Жапаровдун кайрадан президент болуп шайлануусуна азырынча олуттуу тоскоолдук калган жок. Ошентсе да, Кыргызстандагы саясий окуялардын тез өнүгүүсүн эске алсак, шайлоо астында кырдаал өзгөрүп кетиши да ыктымал. Айрыкча, кылмыш жоопкерчилигине тартылуу алдында турган Ташиевдин колунда калган компроматтар оппозициялык саясатчылардын баш көтөрүүсүнө, кырдаалдан пайдалануусуна жол ачышы мүмкүн.

Буга кошумча, өлкөдө колдонулуп жаткан капиталисттик системанын табияты калктын жашоосун оорлотуп барууда. Салыктардын көбөйүшү, анын жаңы түрлөрүнүн киргизилиши, электр энергиясы, ысык суу жана муздак суу сыяктуу негизги муктаждыктагы кызматтардын тарифтери кымбаттоосу, негизги керектөөчү товарлардын баасынын кескин өсүшү жана ижара акылардын асман чапчыган баалары калктын нааразылыгын күчөтүп жаткан негизги фактор боюнча калууда. Ал эми, калктын жыргалчылыгы үчүн кызмат кыла турган кен байлыктарыбыз инвестор деген аталышта чет элдиктердин талап-тоноосуна дуушар болуп жатат.

Мындай чыңалууну расмий бийлик айрым популисттик кадамдар менен азайтууга аракет кылып жатат. Ошондой эле, дааватчы мусулман үй-бүлөлөрдү куугунтуктоо, маски шоуларды уюштуруу аркылуу коомдун көңүлүн экстремизм жана терроризм темаларына бурууга аракет кылып жатат.

Демек, Кыргызстандагы негизги көйгөй бийлик же өлкө башчыларын алмаштырууда эле эмес. Маселе, аймактагы колонизатор күчтөр бийликтин алмашуусун өз кызыкчылыктарына пайдаланып, буга калктын алданып калуусунда. Андыктан, биз мусулмандар, кайсы бир бийликтин же саясий чөйрөнүн алмашуусуна алданбастан, Ислам негизинде биригип, Ислам идеологиясын көтөрүп чыгуу менен гана бул белгисиздикке чекит коё алабыз. Анткени, Ислам гана Кыргызстандагы эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды бириктирүүчү күчкө ээ. Исламга таянган бийлик гана биздин жерлердеги колонизаторлордун таасирин түп тамыры менен кесе алат. Мындан башка сунушталып жаткан жолдордун баары убактылуу же колонизаторлордун айла-амалдары болуп эсептелет.

Мумтаз Маверанахрий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button