Комментарий

Күйүүчү майдын дефицити өлкөдөгү кырдаалдын өзгөрүүсүнө жол ачууда

Күйүүчү майдын дефицити өлкөдөгү кырдаалдын өзгөрүүсүнө жол ачууда

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) алгачкы партиялары жеткирилди. Жүктү алып келген жүк ташуучу унаалардын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Буга чейин энергетика министри Кытайдан КММ жеткирүү башталганын билдирген. Анын айтымында, жүктөр автотранспорт аркылуу ташылып жаткандыктан, жеткирүү белгилүү бир убакытты талап кылат.

Министрдин айтымында, Министрлер кабинети тиешелүү мамлекеттик органдарга күйүүчү-майлоочу материалдардын өлкөгө тоскоолдуксуз жана ыкчам жеткирилишин камсыз кылуу боюнча тапшырма берген. Мындан тышкары, Беларус менен да КММ импорттоо боюнча келишим түзүлгөн. Россия аркылуу транзит маселеси чечилип, Беларустан жөнөтүлгөн алгачкы мунай жүктөлгөн вагондор да Кыргызстанга келип жетти.

Комментарий:

Кыргызстан жылына болжолдуу 1,6 млн тонна КММ колдонот. Бул көлөмдүн 90 %дан ашыгы Россиядан импорттолуп алынып келинет. Ошондуктан Россия өлкөгө КММ жеткирген негизги өлкө болуп эсептелет. Бул жагдай Россияга Кыргызстанга таасир этип, чеңгелинде кармап турууга өбөлгө түзүп келген. Россия бул жааттагы жеке өкүмдарлыгын сактап, эч кимдин кийлигишүүсүнө жол берген эмес. Ошондуктан, бийлик КММ маселесинде башка альтенатива жолдорду, жеткирүүчүлөрдү издеген эмес. Ал эми, өлкөдөгү нефтини кайра иштетүүчү «Джунда» заводу болсо өзүнүн продукцияларын өлкө тышына сатып келген.

Бирок, абал өзгөрүп бара жатат. Тагырак айтканда, дүйнөлүк деңгээлде алганда Ормуз кысыгынын жабылышы мунайдын дефицит жаратты. Ал эми, Украина тараптан учурулган дрондор Россиядагы бир канча нефтини кайра иштетүүчү заводдорду талкалады. Бул Россиянын өзүндө күйүүчү майлардын жетишсиздигине алып келди. Ошон үчүн Россия КММ экспорттоону чектеди.

Учурда күйүүчү май жеткирүү боюнча Кытай, Беларус, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана башка өлкөлөр менен сүйлүшүүлөр жүргүзүлүүдө. Ал эми Кытай жана Беларус менен келишим түзүлүп, күйүүчү майлардын алгачкы бөлүктөрү өлкөгө келе баштады.

Ошондой эле, Батыштын санкциялык жазасынан кооптонуу жана Укранина согушуна малынган Россиянын алсыздыгы Кыргызстан бийлигин КММ маселесинде альтернативдүү жолдорду издөөгө түрттү. Маселен бир жылдан бери «Джунда» заводун реконструкциялоо, анын продукцияларын жергиликтүү керектөөгө багыттоо боюнча иш-аракеттер башталды. Негизи, Россиянын таасиринен улам буга чейин «Джунда» заводунун продукциялары чет өлкөлөргө гана сатылып келген эле. Учурга келип Россия ал тургай өзүн күйүүчү май менен камсыздоосу кыйын маселеге айланып бара жатат.

Андан тышкары, бул абал бийликти нефтини кайра иштетүүчү заводдорго басым жасоого алып келди. Аткаминерлер айтып жаткандай, реконструкциялоо иштеринен кийин «Джунда» заводу жылына 800 миң тонна бензин (К5 түрүн) өндүрө баштайт. Ал эми 2028-жылы ишке түшүүсү көздөлүп жаткан «Кыргызнефтегаз» заводу жылына 500 миң тонна бензин өндүрүүсү күтүлүүдө. Ошондой эле 20-июлда Кочкор-Ата шаарында жылына 450 миң тонна нефти продукция чыгарган заводду куруу боюнча Кытай менен байланышкан «Борбор Азия энергетикасы» деп аталаган компания менен келишим түзүлдү.

Мына ушундай көрүнүштө КММ маселесинде Россиянын өлкөдөгү толук монополиясына жарака кетти. Эгер Россия бул монополиясын жоготсо, анда өлкөгө таасир эткен дагы бир рычагынан айрылган болот. Бул маселеде Кытай анын ордун ээлөөгө камданып, олуттуу кадамдарды таштап жатат.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button