ШКУ эл аралык тартипти өзгөртө алабы?

ШКУ эл аралык тартипти өзгөртө алабы?
Акыркы күндөрдө Кыргызстан өлкө башчылар жолугушуу өткөргөн аянтчага айланды. Тагырак айтканда, өлкөдө өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити алкагында жыйырмадан ашык өлкө башчылары чогулду. Маалымат каражаттарында саммит негизги жаңылыктардын бири болду. Себеби, дүйнөлүк негизги окуялардын катышуучулары бул саммитке катышты. Башкача айтканда, ШКУнун кезектеги бул жыйынына АКШ менен тарифтик согуш алып барып жаткан Кытайдын, АКШ жана “Израилдин” агрессиясына кабылган Ирандын, ошондой эле Украинада согуш алып барып жаткан Россиянын башчылары катышууда. Айрым маалымат каражаттары ШКУну Батышка каршы түзүлгөн уюм катары көрсөтүүгө аракет кылды. А бирок, ШКУ адатынча конкреттүү амалий кадамдарды таштаган жок.
Уюмдун айрым мүчөлөрү Батыш менен карама-каршылыкка барып, айрымдары ачык согушка чейин жетсе да, уюмдун багыты, билдирүүлөрү, документтери Батышка каршы кескин бирдиктүү позицияны чагылдырган жок. Себеби, уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы саясаттагы позициялары бири-биринен айырмаланат. Ошондой эле, жалпысынан алганда уюмдун мүчөлөрү Батыш менен конфронтацияга кирүүгө эмес, кызматташууга кызыктар. Муну саммитке катышкан жетекчилердин көп уюлдуу дүйнөнү курууга чакырган билдирүүлөрү ырастап турат. Андан тышкары, уюмдун айрым мүчөлөрү ортосунда чек ара боюнча чечилбей келе жаткан маселелери бар жана бири-бирине атаандаш мамлекеттер болуп эсептелет.
Маселен, Борбор Азия өлкөлөрү ШКУ саммитин башка мамлекеттер менен кызматташууну кеңейтүү үчүн пайдаланууга аракет кылып жатат. Бул кызматташуунун негизин экономикалык тармак түзөт. Андыктан, бул жаатта Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Кытай инвестор жана кредитор катары өзгөчө мааниге ээ.
Ал эми, Кытай ШКУнун алкагында өзүнүн экономикалык кызыкчылыктарын алга жылдырууну жүзөгө ашырууда. Кытайдын көз карашында ШКУ аймагына кирген өлкөлөр анын продукциялары тоскоолдуксуз өтүшүн камсыздап, “Бир алкак, бир жол” долбоорун ишке ашырууну толукташы керек. Ошондой эле Кытай Борбор Азия өлкөлөрү менен бардык тармакта кызматташууну күчөтүп бара жатат. Себеби, бул региондо Кытай үчүн зарыл болгон кен байлыктар жайгашкан, ага кошумча регион Кытай менен чектешет. Кен байлыктары мол жана “Бир алкак, бир жол” долбоорунун дарбазасы саналган Борбор Азия Кытай үчүн стратегиялык мааниге ээ болуп бара жатат. Кытай өзүнүн кызыкчылыктарын ишке ашырууда бир гана экономикалык долборлорго чектелиши жетиштүү эмес экенин түшүнүп барууда. Ошондуктан ал Борбор Азия өлкөлөрү менен маданий, мамлекеттик мекемелер ортосундагы кызматташууларды да күчөтүүдө.
Россия ШКУну Батыштын таасири кирип келишине тоскоолдук кылган уюм катары көрөт. Бирок, анын максаты ал ойлогон жосунда ишке ашкан жок. Себеби, жогоруда айтканыбыздай уюмдун мүчөлөрү Батыш менен кызматташууга кызыктар. Жада калса, Индия жана Пакистан сыяктуу өлкөлөр АКШ менен стратегиялык кызматташтыкка ээ. Андыктан уюмдун мүчөлөрү тараптарга бөлүнбөстөн, көп уюлдуу саясатка чакырган билдирүүлөр менен чектелишүүдө. Бирок, бул көп уюлдуу саясат Россиянын өзүнө да “сокку” болорун унутпоо керек. Анткени, бул бир гана Россияга байланбастан, башка өлкөлөр менен да толук кандуу кызматташууну айгинелейт. Бул өз кезегинде, Кытай жана башка ири мамлекеттер менен эч бир чектөөсүз кызмаатташууга, арийне алардын таасири кирип келишине жол ачат.
Жогорудагы себептерден улам, ШКУ азырынча дүйнөлүк тартипке таасир кылган уюм болуудан алыс. Эгер уюмга дагы жаңы мүчөлөр кошула турган болсо, уюмда бирдиктүү позициянын калыптанышына тоскоолдук кылган жагдайга алып келери шексиз. Андыктан, ШКУ жакынкы келечекте мүчө мамлекеттер өз ара кызматташуу жолун издеген аянтча бойдон кала бериши күтүлөт.
Харун Абдулхак




