Комментарий

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн дыйкандарды колдоо зарыл

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн дыйкандарды колдоо зарыл

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков мамлекеттик органдардан бааларды турукташтыруу жана өлкөнү негизги азык-түлүк продукциялары менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүнү талап кылды.

Мамлекеттик органдарга негизги азык-түлүк продукцияларынын ыктымалдуу тартыштыгына каршы ыкчам чара көрүү боюнча протоколдорду иштеп чыгуу, эт рыногун жөнгө салууну күчөтүү, күзгү жана жазгы талаа иштерин бирдиктүү план боюнча уюштуруу, ошондой эле 2027–2031-жылдарга жашылча-жемиштерди кайра иштетүү программасын даярдоо тапшырылды.

Комментарий: мамлекет үчүн калкты азык-түлүк менен толук камсыздоосу негизги талаптардын бири болуп эсептелет. Ошол эле учурда, бул продукцияларды элге жеткиликтүү деңгээлде камсыздоо шарт. Башкача айтканда продукциялардын баалары элге жеткиликтүү болушу керек.

Учурда бул көйгөйлөр толук кандуу чечилген эмес. Жалпысынан алганда 2025-жылы импорттун көлөмү дээрлик 13 млрд долларга жеткен. Анын ичинен импорттолгон азык-түлүк продукцияларынын көлөмү 1,3 млрд доллардан ашат. Бул көлөмдүн ичинде бодо малдар да кошулган. Демек, азык-түлүк продукциялары жалпы импорттун 10 пайызын түзүүдө.

Бул жагдай өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна импорт дагы эле чоң көлөмдө таасир этип жатканын түшүндүрөт. Импорттолгон салыштырмалуу арзан продукциялар жергиликтүү дыйкандардын атаандаштыгына зыянын тийгизүүдө. Себеби, дыйкандардын жер иштетип өлкөнү азык-түлүк менен жеткиликтүү камсыздоосуна шарттар түзүлгөн эмес. Ар түркүн салыктар, жогору пайыздык кредиттер, суу маселеси жергиликтүү продукцияны өндүрүүдө чоң чыгашаларга алып келет. Ошондой эле, дыйканчылыктын маанилүү зарылдыгы болгон техникалар өтө кымбат турат. Ал эми, дыйкан өз акчасына андай техникаларды алууга кудуретсиз. Андыктан, азыркы шарттарда мамлекет тарабынан ири каржылык жардамдар болбосо азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо аткарылгыс маселе.

Маселен, АКШнын Айыл чарба министрлиги фермердик чарбаларга субсидия берүү үчүн жыл сайын 25 млрд доллардан ашык каражат жумшайт. Ал эми, Европа Биримдигинде фермерлерге берилүүчү жылдык субсидиялар ЕБнин жалпы бюджетинин болжол менен үчтөн бир бөлүгүн түзүп, 2027-жылга чейин 386 млрд евро бөлүү чечими кабыл алынган. Башкача айтканда, жылына орточо 55 млрд евро бөлүнүүдө.

Кытайда болсо айыл чарбасына берилүүчү жылдык субсидиялардын жалпы көлөмү түздөн-түз колдоонун негизги пакети боюнча болжол менен 140–160 миллиард юанды (20–22 млрд АКШ долларын) түзөт. Эгерде кыйыр колдоонун бардык механизмдерин — инфраструктурага бөлүнгөн инвестицияларды, сугат иштерин, жеңилдетилген насыяларды жана сатып алуу бааларын субсидиялоону — эске алсак, агрардык секторго көрсөтүлүүчү жалпы колдоонун көлөмү жылына 100 млрд АКШ долларынан ашат.

Ошондуктан, өлкөгө арзан баада азык-түлүк продукциялары кирип, жергиликтүү дыйкандарга олуттуу атаандаштык жаратууда. Жергиликтүү дыйкандар эч бир колдоосуз калышкан. Тескерисинче, бир тарабынан салыктар эзип жатса, экинчи тараптан пайызга алынган кредиттер кысымга алып жатат. Ал эми, бийлик эч болбогондо пайызсыз насыя берип дыйкандарды колдоонун ордуна, бааларды көзөмөлдөө керек деп кыйкыргандан башкасын билбейт.

Мындай саясат өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого алып келбейт. Ошол эле маалда, азык-түлүк продукцияларынын баалары көтөрүлүшүн да токтото албайт.

Дыйкандарга чоң колдоо көрсөтүү кажет, алар продукцияларын өндүрүү үчүн техника, жабдуулар менен камсыздалышы шарт. Бул үчүн ири көлөмдө каржылык колдоо зарыл.

Исламдын экономикалык саясаты да дыйкандарга бекер техникалык жана каржылык колдоону талап кылат.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button