Роя гезити

Дүйнөлүк сооданын ачкычтары болгон суу кысыктары кимдин колунда?

Дүйнөлүк сооданын ачкычтары болгон суу кысыктары кимдин колунда?

Суу кысыктары жөн гана деңиз өтмөктөрү эмес, алар дүйнөлүк соода менен энергетиканын кан тамырлары болуп саналат. Ормуз кысыгынан Бабул-Мандеб жана Суэц каналына чейин Чыгыш менен Батышты байланыштырган маанилүү жолдор өтөт. Ал жерлердеги кандай гана башаламандык болбосун, анын таасири аймак менен гана чектелип калбастан, энергиянын баасына, жүк ташууга, камсыздандырууга жана дүйнөлүк экономикага таасир этет.

Ошондуктан АКШ Жакынкы Чыгыштагы аскерий күчтөрүнүн жана альянстарынын аркасында бул өтмөктөрдүн коопсуздугуна таасир этүүдө чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Ал кысыктарга мыйзамдуу түрдө ээлик кылууга муктаж эмес. Деңиз каттамдарын коргоого же андагы тобокелдиктин деңгээлин жогорулатууга эң жөндөмдүү күч болушу жетиштүү.

Мына ушул жерде Ормуз кысыгынын мааниси көрүнөт. Анткени ал Иран-АКШ маселеси гана эмес, биринчи кезекте Кытай менен Европага таасир этүүчү басым каражаты. Кытай энергия жана соода агымдарынын туруктуулугуна көз каранды, ал эми Европа мунай менен газдын баасынан жана транспорттук чыгымдардан түздөн-түз таасирленет. Ошондуктан Ормуздагы кандай гана башаламандык болбосун, Булуң аймагынын чегинен ашкан экономикалык кризиске айланышы мүмкүн.

АКШ сөзсүз түрдө кысыкты жабууга муктаж эмес. Анткени аны жабуу дүйнөлүк экономикага, балким, АКШнын өзүнүн экономикасына да зыян келтирет. АКШ үчүн эң маанилүүсүанын коопсуздугуна, туруктуулугуна жана андагы деңиз каттамдарынын эркиндигине таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу. АКШ дал ушул багытта аракет кылууда жана муну Иран менен жана өзүнүн атаандаштары менен болгон күрөштө сүйлөшүү каражаты катары колдонууда.

Ушул жерден Ирандын аймактагы, өзгөчө Ирактагы таасирине карата АКШнын аракеттерин түшүнүүгө болот. Маселе Ирандын канаттарын кыркып коюу менен гана чектелбестен, анын таасирин АКШнын кызыкчылыктарына же деңиз каттамдары менен энергия агымына коркунуч туудурбай тургандай кылып жок кылууда .

Деңиз каттамдарынын кайрадан кадимки абалына келиши эң реалдуу сценарий, бирок Вашингтон аларды түзүүдө негизги тарап болгон кеңири аймактык келишүүлөрдүн алкагында болушу мүмкүн.

Мына ушул жерде карама-каршылык жатат: дүйнө Ормуз кысыгынын бардык тарап үчүн ачык болушун каалайт, ал эми АКШ анын коопсуздугу маселесинде чечүүчү сөз өзүндө болушун каалайт. Чыныгы күрөш кысыктын өзү үчүн эмес, анын коопсуздук ачкычын колго алуу жана дүйнөлүк соода жүрүүчү жолго таасир кылуу үчүн жүрүүдө.

Ошондуктан, Ормуз акырында Булуң аймагынын чегинен ашып, таасири Кытайга, Европага жана бүтүндөй дүйнөлүк экономикага жеткен АКШ-Иран сүйлөшүүлөрүндөгү басым каражатына айланышы мүмкүн. Демек, чыныгы күрөш кысык үчүн эмес, анын ачкычтары үчүн жүрүүдө.

Ормуз кысыгын өзүнчө турган географиялык аймак катары кароого болбойт. Ал таасир, энергия, соода жана коопсуздук үчүн жүрүп жаткан чоң күрөштүн бир бөлүгү.

Иран АКШга каршы турууда өзүнө салмак берген күч каражаттарын сактап калууну каалайт. Кытай коопсуз жана туруктуу соода жана энергия жолун каалайт, Европа болсо энергия менен деңиз өтмөктөрүнүн геосаясий кысым көрсөтүү куралына айланып калбашын каалайт. Ал эми АКШ Жакынкы Чыгыштын коопсуздугунда аны четке кагып өтүүгө мүмкүн болбогон күч катары өз ордун сактап калууну каалайт.

Ошондуктан, Ормуз кысыгынын кадимки абалына кайтышы убактылуу кризистин аякташы гана болбостон, чоңураак келишимдин бир бөлүгү болушу мүмкүн. Анда деңиз каттамдары кадимки абалына кайтып, дүйнөлүк соода жүрүшүн улантат, бирок бул маанилүү кан тамырга ким таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун аныктаган жаңы коопсуздук тартиптеринин алкагында болот. Анткени ким кысыктардын коопсуздугун көзөмөлдөсө, дүйнөлүк соода жүрүүчү жолго таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул — энергия, экономика, саясат жана коопсуздук менен чырмалышкан дүйнөдө болуп жатат. Ошондуктан Ормуз эч качан кичинекей курал болуп калбайт.

Роя гезити

Устаз Мунис Хамид – Ирак вилаяты

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button