Американын эл аралык майдандагы стратегиясы: төрт багыттуу курчоо жана солкулдап турган үстөмдүктүн башаламандыгы

Американын эл аралык майдандагы стратегиясы: төрт багыттуу курчоо жана солкулдап турган үстөмдүктүн башаламандыгы
Президент Трамп Ак үйгө кайтып келери менен тышкы саясат жаатында кескин, кээде чагымчыл жана күтүүсүз кадамдарды жасай баштады. Сыртынан караганда бири-биринен өзүнчө же шашылыш жасалган аракеттердей көрүнгөн бул кадамдар, чындыгында, Американын дүйнөлүк үстөмдүгүн сактап калууга жана коопсуздук алкактарын кайрадан түзүүгө багытталган бирдиктүү, чабуулчул геосаясий доктринанын көрүнүштөрү болуп саналат. Бул стратегия төрт негизги геосаясий багыт аркылуу ишке ашырылууда:
1. Америка континенти: жаңыланган Монро доктринасы жана биринчи коопсуздук алкагы
Америка өзүнүн турмуштук маанилүү кызыкчылыктарын коргоонун алкагында, биринчи кезекте, Америка континентин чет элдик күчтөрдөн тазалоону көздөйт. Узак убакыт бою алсырап келген Монро доктринасы («Америка америкалыктар үчүн») кайрадан күч ала баштады:
– Панама каналын көзөмөлгө алуу: Дүйнөлүк сооданын жана стратегиялык транзиттин маанилүү кан тамыры болгон Панама каналы Кытай компанияларынын таасиринен чыгарылып, толугу менен Вашингтондун көзөмөлүнө кайтарылды. Бул Пекиндин Латын Америка аймагындагы логистикалык таасирине чечүүчү сокку болуп эсептелет.
– Латын Америкасындагы режимдерди жана түзүлүштөрдү көзөмөлгө алуу: Ачык кысым көрсөтүү, аскерий жана саясий кутумдар, ошондой эле каршы чыккан режимдерге каршы аскерий төңкөрүштөр аркылуу Америка өзүнүн буйруктарын эч тартынбастан аткарган өкмөттөрдү түзө баштады. Жергиликтүү аскерий жетекчилердин берилгендигин сатып алуу жана аларды өз кызыкчылыгына пайдалануу дүйнө жүзүндөгү аскерий элитанын арасында катуу башаламандыкты жана дүрбөлөңдү пайда кылды. Бул көптөгөн мамлекеттерди өз армияларынын катарында шашылыш кадрдык алмаштырууларды жана дайындоолорду жүргүзүүгө мажбур кылды.
– Британиянын таасирин жоюу: Аргентинадагы Хавьер Милейди ачык колдоо аркылуу Вашингтон анын колу менен Британиянын көзөмөлүндөгү Фолкленд (Мальвин) аралдары маселесин кайрадан көтөрдү. Ошондой эле Канадага таңууланып жаткан экономикалык жана саясий талаптар жөн гана аймактык умтулуулар эмес, тескерисинче, бул континенттеги Британиянын тарыхый тамырларын жана таасирин толугу менен кесүүгө багытталган аракеттер болуп саналат.
– Чек ара дубалы жана ички кысым: Түштүк чек арадагы дубал жана иммиграцияга тыюу салуу качкындарга каршы гана багытталган чаралар эмес. Тескерисинче, алар Американын ичиндеги Исламга берилген мусулмандарды толугу менен системага баш ийдирүүгө, ал эми баш ийүүдөн баш тарткандарга кысым көрсөтүүгө же өлкөдөн депортациялоого багытталган саясаттын бир бөлүгү болуп саналат.
Жыйынтыктап айтканда: Америка өз континентинде абсолюттук үстөмдүгүн бекемдөөнүн үстүндө иштеп жатат. Бул Панамадан Кытайды сүрүп чыгаруу, континенттеги Россия менен Кытайдын экономикалык кызыкчылыктарын кыркуу, ошондой эле Британиянын таасирин чектөө аркылуу ишке ашырылууда.
2. Европа багыты: үстөмдүктү кайрадан орнотуу жана экинчи коопсуздук алкагы
Кытай капиталынын жана технологияларынын Европага тереңдеп кириши Американын картаң континенттеги абсолюттук үстөмдүгүнө көлөкө түшүрө баштады. Өз үстөмдүгүн кайрадан жандандыруу үчүн Вашингтон чечкиндүү каражаттарды ишке киргизүүгө өттү:
– Стратегиялык коркутуу: Гренландия аралына карата ачык талаптардын коюлушу Европанын саясий чөйрөлөрүндө дүрбөлөң жаратты. Бул талаптын чыныгы максаты аймакты ээлеп алуу эмес, Европаны опузалап, аны Россия жана Кытай менен болгон байланыштарын толугу менен үзүүгө мажбурлоо болду.
– Каржылык жүктү артуу: Европаны НАТО альянсынын чыгымдарын көтөрүүгө мажбурлоо аркылуу Америка «экинчи коопсуздук алкагын» өз каражатынын эсебинен эмес, европалыктардын өздөрүнүн эсебинен камсыз кылууга жетишүүдө.
3. Кытайга каршы саясат: потенциалдуу атаандашты кургактыктан жана деңизден муунтуу
Америка Кытайды өзүнүн эң чоң атаандашы катары көрүүдө. Кытайдын улам өсүп жаткан экономикалык жана өнөр жай кубаттуулугу Экинчи дүйнөлүк согуштун алдындагы Американын күчүн эске салат. Ошондуктан Америка Кытайды эл аралык майданда обочолонтуу процессин иш жүзүндө баштады:
– Альянстарды ыдыратуу: Кытай менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү алсыратуу максатында Америка Россияны Украина сазына азгырып киргизип, анын күчүн алсыратты. Бул пландын максаты — Тайвань аркылуу Пекинди да ушундай сазга азгырып киргизүү.
– Жеткирүү чынжырларын үзүү: Кытайга тиешелүү дүйнөлүк соода жолдоруна удаа-удаа соккулар урулду. Натыйжада Кытай Панама каналындагы таасиринен ажырап, Латын Америкасынан жана Тегеран–Москва альянсынан энергия ресурстарынын агымы боюнча тоскоолдуктарга учурады. Кытайдагы чийки заттын белгилүү бир түрлөрүн иштетүүгө ылайыкташтырылган тазалоо жана кайра иштетүү ишканаларын ошол чийки заттардан ажыратуу аркылуу Кытай экономикасынын кыймылдаткычын жайлатуу аракеттери көрүлүүдө.
4. Ислам өлкөлөрүнө багытталган стратегия: чыныгы мабдаий коркунучту ооздуктоо
Бирок Америка үчүн эң чоң, түпкү жана тарыхый коркунуч Кытай же Россия эмес. Америка эл аралык жетекчиликти Британиядан тартып алгандан кийин, андан Исламга каршы күрөшүү туусун да мурастап алды. Бүгүнкү күндө Америка өзүнүн солкулдап турган тактысын сактап калуунун негизги шарты Исламдын жашоо майданына жана бийлик башына кайрадан келишине жол бербөө деп эсептейт:
– Уланып жаткан кресттүү жортуулдары: 2001-жылы Афганистанды, 2003-жылы Иракты, кийинчерээк Сомалини жана башка мусулман өлкөлөрүн кыйратуу Ислам өлкөлөрүнүн кайрадан көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн гана жасалган.
– Исламий ойгонууну муунтуу: 2011-жылы башталган жалпы ойгонуу толкуну (Араб жазы) жалган демократиялык ураандар жана адаштыруучу кыймылдар аркылуу туура жолдон адаштырылды. Египет, Тунис жана Ливиядагы төңкөрүштөр Батыш малайларынын колу менен контрреволюцияларга айланды. Ал эми Сирияда колонизаторлорго баш ийүүдөн баш тарткан элдин үстүнө НАТО менен Россиянын миңдеген тонна ракеталары жаадырылды.
– Дүйнөлүк репрессияларды күчөтүү: Америка мусулмандарды баш ийдирүү жана алардын эркин сындыруу үчүн башка мамлекеттердин зулумдук аракеттерине жашыл жарык берди. Кытайдагы уйгурларга каршы геноцид, Индиядагы мечиттердин бузулушу, Мьянмадагы кыргындар, Россия менен Европадагы системалуу кысымдар — мунун баары Ислам үммөтүн эзүүгө жана аны ар тараптан кысымга алууга багытталган узак мөөнөттүү саясаттын бир бөлүгү болуп саналат.
– Газадагы геноцид жана сионисттик калкан: Яхудий түзүмүнүн Палестинада жасап жаткан мыкаачылыктары анын коопсуздугун сактоого багытталган жөн гана чаралар эмес. Тескерисинче, бул — Вашингтон түздөн-түз башкарып жана колдоп жаткан кыргын. Анын максаты аймактагы мусулмандарды коркутуу, алардын өздөрүнүн бирдиктүү исламий калканы — Халифалыктын айланасында уюшушуна жол бербөө, ошондой эле алардын аң-сезимин жана эркин сындыруу.
– Иран картасы жана жасалма жаңжал: Газа элинин теңдешсиз туруктуулугу бүткүл дүйнө жүзүндө Исламга болгон суктануу жана кызыгуу туйгуларын күчөткөндөн кийин, Америка коомдук пикирдин көңүлүн башка жакка буруу үчүн Иран маселесин активдештирүүгө киришти. Вашингтон бул план аркылуу эки максатка жетүүнү көздөйт: биринчиси — Кытайды муунтуу үчүн Ирандын мунайын жана суу жолдорун көзөмөлгө алуу; экинчиси — яхудий түзүмүндө «Улуу Израиль» элесин бекемдөө менен бирге, аны өз колундагы жөн гана курал жана куурчак бойдон сактап калуу.
Жыйынтыктап айтканда: Американын бүгүнкү күндө көрсөтүп жаткан башаламан агрессиясы анын абсолюттук күчүн билдирбейт. Тескерисинче, бул анын дүйнөлүк башкаруу тизгинин колдон чыгарып жаткандыгынын жана анын системасы башынан өткөрүп жаткан терең кризистин айкын далили болуп саналат. Бүгүнкү күндө мусулмандар туш болуп жаткан көйгөй белгилүү бир режимдин саясаты гана эмес. Тескерисинче, бул күтүлүп жаткан исламий кайра жаралуудан катуу коркуп калган бүтүндөй капиталисттик системанын акыркы деми жана өлүм алдындагы жан аракети.
Бул төрт тараптуу курчоону бузуунун жалгыз жолу — мусулмандардын Батыш чийип берген чек аралардан жана геосаясий элестерден баш тартып, өздөрүнүн чыныгы калканы болгон рошид Халифалыгын тикелөө үчүн биригип иш алып баруусунда.
Роя гезити
Устаз Бадруддин Абдуллах




