Кыргыз дипломатиясынын «жетишкендиктерине» сын көз караш

Кыргыз дипломатиясынын «жетишкендиктерине» сын көз караш
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин алардын кесиптик майрамы менен куттуктады. Бирок Дипломатиялык кызматкерлердин күнүнө карата айтылган бул куттуктоо, өлкөнүн жана анын жарандарынын курч көйгөйлөрүн көз жаздымда калтырган абалда айтылып жатат.
ШКУнун саммиттерин өткөрүү, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, же БУУнун Коопсуздук Кеңешине 2027–2028-жылдары мүчө болуу сыяктуу «тарыхый жеңиштерди» тизмектөө, тышкы иштер ведомствосу туш болгон терең системалык кризисин жашыруу милдетин аткарууда. Тактап айтканда, алар бул сөздөр менен баскынчыларга болгон көз карандылыгын жаап жашырмакчы болушууда.
Чындыгында, кыргыз дипломатиясы эбак эле бюрократиялык өзүн-өзү мактоо аппаратына айланып, улуттук кызыкчылыктарды коргоодо өнөкөттүү алсыздыкка кабылган.
Өз алдынча саясат жүргүзүп, өлкөнүн өз багытын аныктаган күч болуунун ордуна, Тышкы иштер министрлиги кадимки кат ташуучу мекеменин деңгээлине түшүп калды. Андан да жаманы, ири державалардын үнсүз өкүлүнө, ал тургай алардын кызыкчылыктарын жактаган адвокатка айланды. Геосаясий туруксуздук күчөгөн азыркы шартта, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, өзүн өлкө жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын чечкиндүү, ырааттуу коргоого жөндөмсүз экенин көрсөтүүдө. Анын ордуна бул мекеме колонизаторлордун ар бир көрсөтмөсүнө баш ийип, «дипломатиялык ийкемдүүлүк» деген шылтоо менен өлкөнүн эгемендик позицияларын баскынчылардын колдоруна тапшырып келүүдө.
Орусиядагы эмгек мигранттары оор абалды башынан кечирип жаткан маалда чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык кызматкерлердин айлык акылары «жогорулатылганы» тууралуу шаңдуу отчёттор жасалууда. Орусиядагы мекендештердин укуктарын коргоо маселесинде Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөр аркылуу жетишүүгө мүмкүн болгон бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдон чыгарып койгон.
Орусиядагы кыргызстандыктар болуп көрбөгөндөй басымга, күч түзүмдөрүнүн үзгүлтүксүз рейддерине, кемсинтүүгө жана кызматтык башаламандыкка кабылып келишет. Иш жүзүндө кыргыз мигранттары жергиликтүү аткаминерлерден тартып коррупциялашкан түзүмдөргө чейин ар ким өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, опузалап акча талап кыла турган, укуктары тебеленген адамдарга айланып калышты.
Жүз миңдеген жарандар миграциялык мыйзамдардын катаалдыгынан жабыркап жатканда, «экономикалык дипломатия» кайда калды? Башка өлкөнүн бийлигине карата чечкиндүү дипломатиялык ноталарды жөнөтүүнүн, жогорку деңгээлде мекендештердин кызыкчылыктарын коргоонун жана аларга иш жүзүндө укуктук жардам көрсөтүүнүн ордуна, биз көнүмүш болуп калган жоопторду жана унчукпай макул болууну гана көрүп жатабыз.
Мусулман элдин өкүлдөрү катары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери, Ислам мамлекети түптөлө баштаган алгачкы мезгилде, Мухаммад пайгамбардын (с.а.в.) доорунда көрсөтүлгөн чыныгы, тайманбас дипломатиянын тарыхый үлгүсүнөн сабак алышы керек.
Мединада жаңыдан түптөлүп, али толук бекемделе элек Ислам мамлекети, айланасын душман уруулар жана кубаттуу империялар курчап турганына карабастан, өзүн обочолонтуп, «кат ташуучу мекемеге» же жалтактап жардам сурай турган тарапка айланткан эмес.
Худайбия келишиминен кийин Ислам мамлекети болуп көрбөгөндөй эр жүрөктүк менен олуттуу бир кадамга барган. Ислам мамлекети ошол мезгилдеги эң ири империялардын жана мамлекет башчыларынын алдына түз дипломатиялык кайрылууларды жасаган. Муну менен ал эл аралык саясаттын толук кандуу катышуучусу экенин көрсөтө алган.
Ошол дипломатиялык жоопкерчиликтердин айрым тарыхый мисалдары, алардын даректелген тараптары жана элчилери төмөнкүлөр:
Византия империясы (Рум) – император Ираклийге кат. Бул дипломатиялык милдетти Дихья ибн Халифа аль-Калби жетектеген. Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в.) буйругу менен ал ошол мезгилдеги эң кубаттуу державалардын бирине элчи болуп барып, аны Исламга жана адилеттүү шариятка чакырган. Бул чынында эбегейсиз эрдикти жана күч-кубатты талап кылган иш эле.
Сасаниддер империясы (Персия) – шахиншах Хосров IIге багытталган кат (Кисра). Бул элчилик милдетин Абдуллах ибн Хузафа ас-Сахми жетектеген. Ал өз доорунда жеңилгис деп эсептелген дүйнөлүк державалардын бири болгон Перс империясына чакырык таштаган.
Эфиопия (Хабашстан) – Нажашиге багытталган кат (Асхама ибн Абжар). Ал жерге элчи болуп Амр ибн Умайя ад-Думари барган. Бул дипломатиялык миссиянын максаты – буга чейин алгачкы мусулмандардын баш калкалоосуна мүмкүнчүлүк берген, христиан динин туткан жана жалгыз Кудайга ишенген башкаруучу менен стратегиялык, гуманитардык жана саясий байланыштарды бекемдөө болгон.
Мисир (Византиянын карамагында) – башкаруучу Мукаукиске кат (аль-Мукавкис). Бул жоопкерчиликти Хатиб ибн Абу Балтаъа жетектеген. Анын негизги максаты Түндүк Африкадагы стратегиялык маанилүү аймактын башкаруучусу менен түз дипломатиялык байланышты түзүү болгон.
Оман – бир тууган башкаруучулар Жайфар менен Абдга (аль-Жуланданын уулдары). Бул дипломатиялык милдетти Амр ибн аль-Ас жетектеген. Ал ийгиликтүү дипломатия жүргүзүп, Омандын тынчтык жолу менен Ислам мамлекетине кошулушуна шарт түзгөн.
Шам (Сирия, Византиянын таасириндеги аймак) – Гассаниддердин башкаруучусу жана Бусранын орунбасары аль-Харис ибн Абу Шамрга. Бул багыттагы элчилердин катарында Шужа ибн Вахб аль-Асади жана элчилик милдетин аткарып жүрүп курман болгон аль-Харис ибн Умайр аль-Азди болгон.
Бул тарыхый мисалдар өз доорундагы дипломатиянын тайманбас үлгүлөрүн көрсөтөт жана бүгүнкү кабинеттик дипломатиянын алсыздыгын айкын ашкерелейт.
Ал кезде жаңыдан түптөлгөн Ислам мамлекетинде мунай запастары да, министрликтердин чексиз көбөйтүлгөн бюджеттери да, айлык акылары жогорулатылган кызматкерлерге арналган материалдык-техникалык базалар да болгон эмес. Бирок анда эң негизгиси, тагыраагы, эгемендүүлүк, баалуулуктарга бекем таянган так идеологиялык өзөк жана дүйнөлүк империялар менен тең сүйлөшө билген тайманбастык бар эле.
Ислам мамлекети Исламдын бийик саясий даражасын көрсөтүп, Аллахтын динин даават аркылуу бүткүл дүйнөгө жеткирүүнү өзүнүн милдети катары тааныган.
Азыркы Тышкы иштер министрлиги эгемендүү мамлекетке тиешелүү бардык сыпаттарга ээ болгону менен, иш жүзүндө мусулман элди колониялык көз карандылыкта кармап турган күчтөргө каршы бир ооз сөз айтуудан корккон айылдык майда соодагердин түшүнүгүн көрсөтүүдө. Ал, ошол эле Орусияда өз жарандарынын укуктары тебеленип жатканда кулдарча моюн сунуп, чыдап келет, ал эми дүйнөлүк кризистерге байланыштуу маселелерде бүдөмүк, эч нерсени ачык билдирбеген сөздөрдүн артына жашынат.
Ислам элчилери көрсөткөн тарыхый тайманбастыкка күбө болуунун ордуна, бүгүн биз кызматтык макамынан айрылып калуудан корккон бюрократиялык мамилени жана иш жүзүндө эч нерсе өзгөртпөгөн жана кызуу иш жүрүп жаткан көрүнүштү көрсөткөн бир абалга күбө болуп олтурабыз.
Кыргызстан эли жана жалпы эле аймактагы элдер саткын дипломаттарды мойнуна жүк кылып көтөрүп жүрүүдөн чарчады. Алар өздөрүнүн мурдагы улуулугунун жана даңкынын булагы Ислам болгонун түшүнүп жетишти. Алар бул идеология аркылуу, акылды канааттандырган дүйнө караш, жана адилетүү шарият аркылуу азиз болгондорун аңдашты.
Мусулмандар бирдиктүү мамлекетке биригип, дүйнөгө дипломатиянын бийик үлгүсүн дагы бир жолу көрсөтө турган күн алыс эмес. Алар кымбат баалуу кортеждерсиз, ашкере жогору айлыктарсыз эле, өздөрүнүн ак үйлөрүндө жашынып алып “менмин” деген державаларга өздөрүнүн тайманбас саясий жана дипломатиялык позициясын билдирип коюшат. Ал күн алыс эмес!
Хужжат Жамиа




