Эмне үчүн Токаевдин жаңы салык сунушу элге кам көрүү эмес, түзүмдөгү кризистин белгиси?

Эмне үчүн Токаевдин жаңы салык сунушу элге кам көрүү эмес, түзүмдөгү кризистин белгиси?
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бай жарандар үчүн жогорулатылган салык ставкаларын киргизүү сунушун көтөрдү. Бул тууралуу ал 28-октябрда элге жасаган кайрылуусунда билдирди.
«…Ири байлыктын ээлери үчүн жогорулатылган салык ставкасын киргизүү маселесин талкуулоо мезгили келди деп эсептейм. Кеп ар бир жарандын өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз мүмкүнчүлүгүнө жараша адилеттүү салым кошуусу жөнүндө болуп жатат. Бул адилеттүүлүк маселеси», – деп билдирди мамлекет башчысы.
Ошондой эле ал 2025-жылы кабыл алынган жаңы Салык кодекси «ыйык китеп эмес» экенин белгилеп, ишкерлердин кызыкчылыктарын эске алуу менен ага башка да өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын айтты. Анын пикиринде, бул ишканалардын иш алып баруусун жеңилдетет.
«Мындай өзгөртүүлөр ар тараптан кылдат каралып, ишкерлердин иш жүргүзүү эрежелери улам-улам өзгөрө бербегендей жасалышы керек. Биздин мыйзамдар көлөмдүү жана түшүнүүгө татаал болгондуктан, ишкерлер үчүн бул чыныгы баш ооруга айланды», – деди Токаев.
Президент Касым-Жомарт Токаевдин бул билдирүүсү, капиталисттик кризистин шартында мамлекеттин казынасына мүмкүн болушунча көбүрөөк каражат топтоо зарылдыгы менен адилеттүүлүк түшүнүгүнүн ортосунда тең салмак табууга багытталган адаттагы саясий ыкманы чагылдырат. Сунушталып жаткан чаралар да, аларды негиздөө үчүн колдонулган сөздөр да капиталисттик түзүмдүн экономикалык, эң башкысы, мыйзам чыгаруу жаатында терең каатчылык жаралып жатканынан кабар берет.
1. «Адилеттүүлүк» деген ураандын астындагы каржылык популизм жана аны шарияттагы зекет (2,5%) менен салыштыруу
Президенттин билдирүүсүндө коомдук адилеттүүлүктү камсыз кылуу деген жүйө менен «байлар үчүн жогорулатылган салык ставкаларын киргизүү» тууралуу сөз айтылды. Казакстанда жеке киреше салыгынын негизги ставкасы буга чейин эле 10%ды түзгөн, ал эми жылдык кирешеси 80 миң доллардан ашкан жарандар үчүн 15%дык жогорулатылган ставка колдонулат. Мындан тышкары, кымбат баалуу буюмдарга да акциздик салыктар салынат. Эми президент бул салыктык жүктү жетишсиз деп эсептеп, аны дагы жогорулатууну сунуштап жатат.
Бул салыктык жүктү шарияттагы зекеттин 2,5%дык өлчөмү менен салыштырып көрсөк, ортодогу айырма даана байкалат.
Шарияттагы зекет – диний жана социалдык жактан негизделген, өлчөмү так белгиленген милдеттүү төлөм. Анын өлчөмү нисабга жеткен жана бир жыл бою ээсинин колунда колдонулбастан сакталган зекетке тиешелүү таза байлыктын 2,5%ын (кырктан бирин) түзөт. Чогулган зекет шариятта так көрсөтүлгөн тайпадагы адамдарга гана бөлүштүрүлөт.
Казакстандагы азыркы капиталисттик салык системасында жеке киреше салыгы (10–15%), корпоративдик салыктар, акциздер жана киргизилиши мүмкүн болгон жаңы төлөмдөрдүн жалпы көлөмү болжол менен 50%га жетип, бул көрсөткүч зекеттин өлчөмүнөн бир нече эсе ашып түшөт. Инфляцияны жана мамлекеттик органдардын административдик басымын да эске алганда, мамлекеттин капиталды мындай жол менен алып коюусу аша чабуу эле эмес, зулумдук.
Сандык айырма: Мамлекет сунуштап жаткан жогорулатылган салык ставкалары жана кошумча жыйымдар, анын ичинде инфляциядан улам жаралган көмүскө салыктык жүк, капиталдын зекетке салыштырмалуу 15–20 эсе көп бөлүгүн алып коюуда.
Шариятта белгиленген социалдык адилеттүүлүктүн ченемдеринен бир нече эсе ашкан мындай төлөмдөрдү «адилеттүү жана мүмкүнчүлүккө жараша салым» деп атоо – күлкүнү келтирген жалгандан башка нерсе эмес. Натыйжада ишкерлер менен бай жарандар улам күчөгөн салыктык басымга туш болушууда. Мындай шартта мамлекет алардын өнөктөшү эмес, талаптары жана көөнү улам өсүп жаткан опузалап акча өндүрүүчү каракчыдай эле көрүнүүдө.
2. «Ыйык китеп эмес»:
Казакстандын мыйзам чыгаруу тармагындагы тынымсыз өзгөртүүлөр жана Салык кодексине улам-улам түзөтүүлөрдү киргизүү маселеси өзгөчө көңүл бурууга арзыйт.
Президенттин Салык кодекси «ыйык китеп эмес» деген билдирүүсү, анын улам-улам өзгөртүүгө муктаж экенин ачык моюнга алуу болуп саналат. Ошол эле учурда, бул депутаттардын көйгөйлөрдүн чыныгы маңызын түшүнүүгө жана аларды чечүүнүн натыйжалуу жолдорун сунуштоого жөндөмсүздүгүн да көрсөтөт.
Мындай демилгелердин баары болсо «ишканалардын иштешин жеңилдетүү» деген ураандын артына жашырылууда.
Салык кодексин «ыйык китепке» салыштырууга болбой турганын айтып, мыйзам чыгаруу системасындагы мындай кризисти моюнга алуу менен мамлекет башчысы иш жүзүндө капиталисттик Казакстандын негизги көйгөйлөрүнүн бирин, тагыраагы, кабыл алынган мыйзамдардын өнөкөт туруксуздугун моюнга алууда.
Мыйзамдар туруксуз, кемчиликтүү жана толук эмес экени мамлекет башчысынын өз сөздөрүнөн да көрүнүп турат. Мындай учурда: “анда эмне үчүн Казакстан бизнесмендерди банкротко учуратпаган, туруктуу жана так эрежелерге негизделген шарият мыйзамдарын кабыл албайт?” – деген суроо туулат.
Ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн ордуна, мамлекет тескерисинче, кысымды күчөтүү жолун тандап жатат. Мунун кесепетинен ири капитал гана эмес, чакан жана орто бизнес да жабыркоодо. Чындыгында, бул көйгөй бардык жарандарга тиешелүү. Алар мамлекеттик деңгээлдеги капиталисттик каракчы түзүмдүн татаал жана кемчиликтуу эрежелеринин ортосунда чайналып калышууда.
Жыйынтык:
Бул демилге «социалдык адилеттүүлүк» деген ураандын астында мамлекеттик бюджеттеги таңкыстыкты толтуруу аракети. Мамлекеттик салык системасын шарияттагы өлчөмү так белгиленген адилеттүү зекет менен салыштырсак, бийликтин ашыкча ач көздүгү тез эле билинип калат.
Ал эми Салык кодексинин кемчиликтүүлүгүн мамлекет башчысынын өзү моюнга алышы, Казакстандагы ишкерлер капиталисттик түзүмдүн өнөкөт каатчылыгынын шартында жашап жатканын дагы бир жолу ырастайт. Мындай түзүмдө мыйзамдар узак мөөнөттүү өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн эмес, мамлекеттин каржылык муктаждыктарына ылайык өзгөртүлүп турат.
Хужжат Жамиа




