Макала

“Басма күнү” иллюзиясы жана Хасан бин Сабиттин өрнөгү

“Басма күнү” иллюзиясы жана Хасан бин Сабиттин өрнөгү

2026-жылдын 7-ноябрында, Кыргызстандын Маалымат жана басма сөз күнүндө, Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин кезектеги куттуктоосун жарыялады.

Анда аткаминер жалпыга маалымдоо каражаттарынын милдети «окуяларды өз убагында жана объективдүү чагылдыруу» экенин айтып, «кесиптик этиканын» маанилүүлүгүн белгилеген. Ошондой эле «коомдун ишеними, жалпыга маалымдоо каражаттарынын башкы баалуулуктарынын бири, ал эми бул ишенимди сактоо – кесиптик парз» деп билдирген.

Бирок Кыргызстанда бүгүнкү күндө «бешинчи бийликтин» көз карандысыздыгы жана «элдин ишеними» тууралуу айтылган сөздөр эч кандай реалдуулук менен бекемделбейт. Тескерисинче, мамлекеттик жана өкмөткө жакын чөйрөлөрдө «элдин эмес, бийликтин көңүлүн алуу маанилүү» деген өзгөрүлгүс принцип бекем орноп калган.

Адаттагы мамлекеттик жана бийликке сүйөнгөн жалпыга маалымдоо каражаттары, эбак эле министрликтердин басма сөз кызматынын куралына айланган. Тактап айтканда, ЖМКда сынга, журналисттик иликтөөлөргө же коомдогу чыныгы социалдык көйгөйлөрдү талкуулоого орун калбай калган. Журналистиканын бийликке көзөмөл жүргүзүүчү мекеме катары аткарган милдети толугу менен жок кылынган. Коом объективдүү маалымат алуунун ордуна, «жетишкендиктер» тууралуу чексиз отчеттордун агымына туш болууда. Ал эми курч көйгөйлөр атайлап көмүскөдө калтырылууда.

Мунун баарына карабастан, аткаминерлер журналисттердин «кесиптик парзы» жөнүндө сөз кылуудан тартынышпайт. Бирок алар чынчыл кесиптик ишмердүүлүгү үчүн адамды чыныгы түрмө жазасына тартууга чейин жеткирген шарттарды дал ушул системанын өзү түзгөнүн унутуп коюшууда.

Кыргызстанда эбак эле журналист-иликтөөчүлөр гана эмес, жалпы эле блогерлер, жарандык активисттер жана бийликке жакпаган материалдарды жарыялаган авторлор да куугунтукка алынып келет. Социалдык тармактардагы ар кандай сын-пикир камтылган видео же аналитикалык макала текшерүүлөргө, кармоолорго жана «массалык башаламандыкка чакырык жасоо» же «кастыкты козутуу» беренелери боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз болуп калышы мүмкүн.

Мындай куугунтуктоолор үчүн бекем укуктук база да түзүлгөн: жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык тармактардагы ишмердүүлүктү жөнгө салуу боюнча катаал, чектөөчү мыйзамдар кабыл алынган. Бул ченемдер мыйзамдуу негизде сын-пикир айтууга иш жүзүндө мүмкүнчүлүк калтырбай тургандай кылып иштелип чыккан.

Андыктан: “Кыргызстанда салттуу институттук түзүлүштөгү классикалык журналистика түп-тамырынан жок кылынды” десек да болот. Кесипкөй журналисттер маалымат аянтчаларынан жана редакцияларда иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылып, санариптик мейкиндикке, тагыраагы, социалдык тармактарга жана мессенжерлерге өтүүгө аргасыз болушууда.

Бирок бул жерде аталган түзүмдүн алсыздыгына жарык төккөн өтө маанилүү бир жагдай бар. Кыргызстандагы бийлик социалдык тармактардагы көз карандысыз авторлорго да көзөмөл орнотууну самайт. Бирок Батыштын технологиялык платформаларынын (YouTube, Meta) глобалдык мүнөзүнө байланыштуу азырынча муну толук ишке ашыра албай келет. Бул технологиялык гиганттардын инфраструктурасы жергиликтүү бийликтин түздөн-түз өзүм билемдигинен көз карандысыз авторлорду коргоп турган өзүнчө бир санариптик буфердин милдетин аткарууда.

Бирок бул санариптик башпаанектин укук коргоочулар да, расмий өкүлдөр да унчукпай келген өзүнүн көмүскө жана эки жүздүү тарабы бар. Ал, Батыш корпорацияларынын өздөрүнө мүнөздүү болгон кош стандарттары.

Батыш маалымат мейкиндиктери өздөрүн авторитардык режимдердин кысымына каршы сөз эркиндигинин коргоочусу катары көрсөтүп келишет. Бирок ошол эле учурда, өздөрүнүн платформаларында катаал идеологиялык чектөөнү жүргүзүшөт. Эгер Ислам медиа чөйрөсүндөгү сайттар, каналдар жана аккаунттар капиталисттик көз караштан бөлөк идеологиялык күн тартибин сунуштаса, алар системалуу түрдө цензурага, көмүскө чектөөгө (shadowban) жана негизсиз бөгөттөөлөргө дуушар болушат.

Диний дааватчылар, көз карандысыз Ислам ойчулдары, кайрымдуулук демилгелери же жөн гана Батыш баалуулуктарын сындагандар «экстремизмге каршы күрөш» деген шылтоо менен алгоритмдердин бутасына дароо илинип калышат.

Натыйжада туюк бир абал жана кош тараптуу кысым пайда болууда. Тагыраагы, жергиликтүү бийлик сөз эркиндигин репрессивдүү мыйзамдар аркылуу муунтса, Батыштын глобалдык платформалары альтернативдүү ой жүгүртүүнү алгоритмдик цензура аркылуу чектөөдө.

Ошентип, жергиликтүү бийлик «коомдук тартипти сактоо» деген шылтоо менен көз карандысыз блогерлерди бийликке жакпаган ар бир сөзү үчүн түрмөгө камап жаткан чакта, Кыргызстандын маалымат мейкиндиги эч тоскоолдуксуз сырттан таңууланган пропаганданын таасирине туш болуп жатат. Бирок, эмнегедир мындай репрессивдүү мыйзамдар, үстөмдүк кылган жана Кытайдын үлгүсүндөгү жумшак күч ыкмасын колдонгон орусиялык маалымат каражаттарына иштебей келет. Мунун айынан өлкөнүн эгемендиги – курулай бир сөз катары гана угулууда.

Ал эми баскынчылардын кызматчылары жөнөкөй бир сөздөн өздөрүнүн бийлигине жана туруктуулугуна коркунуч көрүп жатышкан болсо, Исламда акыйкатты ачык айтуу ар дайым адилеттүүлүктүн тиреги жана үммөт үчүн кызмат кылуунун эң бийик көрүнүшү катары бааланып келген.

Ислам тарыхында сөздүн жана калемдин орду эч качан экинчи даражада болгон эмес. Буга Пайгамбарыбыз Мухаммаддын ﷺ белгилүү акынын – Хассан ибн Сабитти (Аллах андан ыраазы болсун) эскерүү жетиштүү.

Курайш мушриктери жаңыдан түптөлүп келе жаткан Ислам жамаатына каршы пропаганданын, шылдыңдын жана жалган жалаанын бардык күчүн жумшап жаткан учурда, Аллахтын Элчиси ﷺ акыйкатты сөз менен коргогон Хассан ибн Сабитке колдоо көрсөткөн. Пайгамбар ﷺ ага: «Аларга жооп бер! Жабраийл сени менен!» – деп айткан.

Мындан тышкары, Пайгамбар ﷺ анын ырларынын күчүн:

«Сенин сөздөрүң аларга жоокерлердин көптөгөн окторунан да таамай жана оор тиет!» – деп даңазалуу сөздөр менен баса белгилеген.

Пайгамбарыбыз ﷺ жана анын сахабалары үчүн акыйкат сөз, поэзия жана публицистика адилетсиздикти ар кандай куралдан да натыйжалуу талкалай алган асыл адамдардын куралы болгон. Ислам дини ар дайым: «Эң абзел жихад, заалым өкүмдардын алдында акыйкат сөздү айтуу», – деп үйрөтөт (Тирмизи).

Ислам тарыхы, бул эркин акыл калчоо менен терең изденүүнүн, ачык талкуунун жана аалымдарга, ойчулдарга, тарыхчыларга болгон урмат-сый жеңишинин тарыхы.

Исламга чакырган далай адамдар кылымдар бою акыйкаттын жолунда бекем туруп, өз доорундагы өкүмдарлардын кемчиликтерин түрмөгө камалуу, куугунтукка кабылуу жана камчы жеп калуу коркунучуна карабастан ачык ашкерелеп келишкен. Алардын калеминен жаралган эмгектер мурастап өтүп келген падышалыктардан жана империялардан да узак жашай алды. Анткени алар аткаминерлердин көңүлүн табууга эмес, Жараткан Аллахка жана Анын динине кызмат кылууга умтулушкан.

Ислам ааламы илим менен маданияттын туу чокусуна дал ошол изденүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлгөн, Байтул-хикма (Даанышмандык үйү) сыяктуу илимий борборлордун эшиги сынчыл ой жүгүртүүгө, талкууга жана даанышмандыкка ачык болгон доорлордо жеткен.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы көз карандысыз Ислам багытындагы авторлор, блогерлер менен ойчулдар «кош тараптуу кысымдын» ортосунда калышууда.

Жергиликтүү бийлик репрессивдүү мыйзамдар аркылуу сөз эркиндигин жоюп, сотторду кысым көрсөтүү куралына айландыруу менен жаштарды тоталдык цензуралоого мажбурлоодо. Ал эми Батыштын глобалдык санариптик мейкиндиктери либералдык көз карашка альтернативдүү болгон Исламий күн тартибиндеги материалдарга көмүскө чектөөлөрдү (shadowban) жана бөгөттөөлөрдү киргизүү менен тымызын цензура кылууда.

Андыктан калем кармаган адамдардын, айрыкча Ислам чөйрөсүндөгү авторлордун алдында ыйык милдет жана олуттуу жоопкерчилик турат. Демек, талдоо жүргүзүү жана анализдөөнүн ордуна унчукпай коюуну тандоо – эртеңки Ислам мамлекетинин тикеленишине кыянаттык кылууга барабар. Мусулман адам эч качан жалганчылык менен эки жүздүүлүктүн шериги болбойт!

Хужжат Жамия

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button