“Израилдин” абактарындагы үрөй учурган зомбулуктар

“Израилдин” абактарындагы үрөй учурган зомбулуктар
БУУнун басып алынган Палестинадагы адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Франческа Альбанезе “Израилдин” абактарында палестиналыктарга карата жасалып жаткан өтө оор зомбулуктар тууралуу үрөй учурган билдирүү жасады.
Анын айтымында, палестиналыктар көп жылдардан бери кыйноого, негизсиз камоолорго, сотсуз өлүм жазаларына жана сексуалдык зомбулукка кабылып келишет. Бирок акыркы мезгилде мындай мыйзамсыз аракеттердин масштабы болуп көрбөгөндөй күчөгөн.
Альбанезе палестиналыктардын көрсөтмөлөрүнө таянып, адам кармоочу жайларда палестиналыктарды иттерди колдонуу менен кыйноо жана зордуктоо учурлары тууралуу да айтып берди.
Баяндамачынын өзгөчө тынчсыздануусун жараткан жагдайлардын бири — бул ыплас иштерде колдонулат делген иттер Европада үйрөтүлүп, европалык компаниялар аларды сатуудан пайда көрүп жаткандыгы.
Франческа Альбанезенин айтымында, Палестинада болуп жаткан окуяларды жөн гана адамдардын өмүрүнө кол салуу катары кароого болбойт. Бул бүтүндөй бир элди тукум курут кылууга багытталган трагедия.




