Бейиш бактары

Исламдагы биринчи халифа Абу Бакр сыддык

Исламдагы биринчи халифа Абу Бакр сыддык

Абу Бакр Сыддык (р.а)нун теги Расулуллахка (с.а.в) Мурра ибн Каъб ибн Луай аркылуу байланат. Энеси Уммулхайр Салма бинт Сахр Таймия.

Сыддык атынын коюлушу:

Бул ысым көп далилдер менен тастыкталган. الصِّدِيق сөзү فِعِّيلٌ вазнында болуп, ар дайым тастыктоочу деген маанини түшүндүрөт. О.э. сөзү амалын тастыктаган деген маанини да билдирет. Бул сыпатты Набий (с.а.в) айткан. Анас ибн Малик риваят кылат. Расулуллах (с.а.в) Абу Бакр, Умар жана Усман менен бирге Ухуд тоосуна чыкты. Ошондо Ухуд солкулдаганда ал Зат айтат:

«اثْبُتْ أُحُدُ فَإِنَّمَا عَلَيْكَ نَبِيٌّ وَصِدِّيقٌ وَشَهِيدَان»

«Эй Ухуд, кыймылдаба, анткени үстүңдө Набий, Сыддык жана эки шахид турат». Момундар энеси Айша (р.а) риваят кылат. Мен Расулуллах (с.а.в)дан:

tûïÏ%©!$#ur} tbqè?÷sム!$tB (#qs?#uä öNåkæ5qè=è%¨r î’s#Å_ur öNåk¨Xr& 4’n<Î) öNÍkÍh5u‘ {tbqãèÅ_ºu‘

«Алар берген садакаларын Роббилерине кайтуучу экендиктеринен дилдери коркуп бере турган кишилер» [23:60], аяты жөнүндө сурап, «алар хамр ичишет беле, уурулук кылышат беле?», дедим. Ал зат мындай деди:

«لا يَا بِنْتَ الصِّدِّيقِ وَلَكِنَّهُمْ الَّذِينَ يَصُومُونَ وَيُصَلُّونَ وَيَتَصَدَّقُونَ وَهُمْ يَخَافُونَ أَنْ لَا يُقْبَلَ مِنْهُمْ، أُولَئِكَ الَّذِينَ يُسَارِعُونَ فِي الْخَيْرَاتِ»

«Жок, эй Сыддыктын кызы, андай эмес. Тескерисинче, алар амалдары кабыл болбой калышынан коркуп, орозо кармаган, намаз окуган жана садака кылган кишилер. Мына ошолор бири-бири менен мелдешип жакшы амалдарды кылган заттар».

Набий (с.а.в)дын бейиш жөнүндөгү башараты:

Имам Тирмизий Саид ибн Зайддан риваят кылат.

«النَّبِيُّ فِي الْجَنَّةِ، وَأبُو بَكْرٍ فِي الْجَنَةِ، وَعُمَرَ فِي الْجَنَّةِ»

«Пайгамбар бейиште, Абу Бакр бейиште жана Умар бейиште».

Имам Муслим Абу Хурайра (р.а)дан риваят кылат, Расулуллах (с.а.в):

«مَنْ أَصْبَحَ مِنْكُمْ الْيَوْمَ صَائِمًا»

«Кимиңер бүгүн орозо абалда таң аттырдыңар», деп сурады. Абу Бакр (р.а): мен, деди.

«فَمَنْ تَبِعَ مِنْكُمْ الْيَوْمَ جَنَازَةً؟»

«Кимиңер бүгүн жаназага катыштыңар», деп сурады. Абу Бакр (р.а): мен, деди.

«فَمَنْ أَطْعَمَ مِنْكُمْ الْيَوْمَ مِسْكِينًا؟»

«Кимиңер бүгүн бир мискинди тойгуздуңар», деп сурады. Абу Бакр (р.а): мен, деди.

«فَمَنْ عَادَ مِنْكُمْ الْيَوْمَ مَرِيضًا؟»

«Кимиңер бүгүн бир оорулууну көргөнү бардыңар», деп сурады. Абу Бакр (р.а): мен, деди. Ошондо Расулуллах (с.ав) айтты:

«مَا اجْتَمَعْنَ فِي امْرِئٍ إِلاَّ دَخَلَ الْجَنَّةَ»

«Кимиңерде ушулардын баары жамдалса, бейишке шексиз кирет».

Абу Бакр (р.а) Набий (с.а.в) менен Исламга киргенден тартып, ал зат дүйнөдөн кайтканга чейин бирге болгон, сапарда да, мукимдикте да айрылбады. Расулуллах ал кишиге хаж кылганы же бирер казатка барганы уруксат бергенде гана ажырады. Ал зат менен бардык нерсени көрдү. Абу Бакр (р.а) Аллах жана Расулунун ыраазылыгын каалап, мал-дөөлөтүн жана үй-бүлөсүн таштап, ал зат менен хижрат кылды. Үңкүрдө аны менен бирге болду. Аллах Таала айтат:

»Эгер, силер ага (Расулуллахка) нусрат-жардам бербесеңер (Аллах Өзү ага нусрат-жардам берди), аны кафирлер эки кишинин бири болгон абалында (Абу Бакр менен Меккеден) кууп чыгышканда, ага Аллах нусрат-жардам берди эле го, ошондо алар экөө үңкүрдө турган чактарында (Расулуллах) жолдошуна: «Кейибе, албетте, Аллах биз менен бирге», деди»      [9:40].

Хунайн күнү жана Ухуд күнү Расулуллах (с.а.в)дын алдынан Абу Бакрдан башка адамдар качып кеткени туурасында сабит риваят бар. Лайс ибн Саъд: «Анбиялар арасында Абу Бакрдай эч кимдин досу болбогон», деген.

 Абу Бакр менен Умардын ортосунда талаш чыкканда Набий (с.а.в) мындай деген:

«هَلْ أَنْتُمْ تَارِكُو لِي صَاحِبِي، هَلْ أنْتُمْ تَارِكُو لِي صَاحِبِي؟ إنِّي قُلْتُ يَا أيُّهَا النَّاسُ إنِّي رَسُولُ اللهِ إلَيْكُمْ فَقُلْتُمْ كَذِبْتَ وَقَالَ أبُو بَكْرٍ صَدَقْتَ»

«Силер менин досумду жөн койбойсуңарбы?! Силер менин досумду жөн койбойсуңарбы?! Акыры, мен: «Эй инсандар, мен силерге жиберилген Аллахтын расулумун», дегенимде: «Сен – жалганчысың», дедиңер. Абу Бакр болсо: «Сен чын сүйлөдүң», деген».

Абу Бакр (р.а)нун мүнөзү:

Аиша (р.а) атасын минтип сыпаттайт: «… Жахилиятта да мактоого татыктуу ахлагы жана жакшы мамилеси менен, мас кылуучу ичимдиктерден тыйылгандыгы менен таанылган. Курайштын тегин эң жакшы билген жана ийгиликтүү соодагер. Расулуллах (с.а.в) даъваты башталганда Исламга кирүүгө биринчилерден болуп шашкан, малын-жанын даъватка жана досуна курман кылган инсан. Уяты катуу, таквасы бекем, абдан мээримдүү».

Умар ибн Хаттаб (р.а) мындай деген: «Абу Бакр биздин саййидибиз, эң жакшыбыз жана баарыбыздан Расулуллах (с.а.в)га мухаббатту инсан». Имам Ахмаддын риваятында Ибн Масрук: «Абу Бакр менен Умарды жана алардын фазилеттерин сүйүү сүннөттөн», деген. Ал эми, Жавзий айткан: Салаф-солихиндер перзенттерине Куръанды үйрөтүшкөндөй, Абу Бакр жана Умарды да сүйүүнү үйрөтүшкөн.

Ушуну өзгөчө баса белгилөө керек, Абу Бакр (р.а) эч качан буттарга сажда кылган эмес. Набий Aдын асхабдары алдында ал мындай деген: «Мен эч качан бутка сажда кылбадым. Анткени мен балагат жашка жеткенимде Абу Кахафа колуман кармап, бутканага алып барып: «Булар сенин кудайларың», деп кетип калган. Бир бутка жакындашып, курсагым ачты, мени тойгуз, дедим, ал болсо жооп бербеди, мен жылаңачмын, кийиндир, дедим, дагы жооп бербеди. Ошондо таш алып урдум, ал жерге кулады».

Абу Бакр сыддык (р.а)нун таквасы:

Аиша (р.а) атасынын өлүмү астындагы акыркы сааттары жөнүндө икая кылат. Абу Бакр Сиддик (р.а) мындай деди: «Мен мусулмандарга жетекчилик кылганымда алардын бир динарын да, бир дирхамын да жебедик. Биз алар жеген тамакты жедик, алар кийген жөнөкөй кийимди кийдик. Мусулмандардын мүлкүнүн көбүнө да, азына да кол тийгизбедик. Болгону хабаш кулду, бак сугаруу үчүн төө жана тигил матаны гана алдык. Өлсөм, буларды Умарга берип, алардын баарынан кутулгула». Мен ошондой кылдым. Ошондо чабарман Умарга келип Абу Бакрдын каалоосу жөнүндө айтканда Умар ыйлап: «Аллах Абу Бакрды рахмат кылсын! Андан кийин жашагандардын эч кимиси ал жеткен бийиктикке жете албайт. Андан кийин жашагандарды кыйын абалда калтырды!» деди. Абдуррахман ибн Авф «Субханаллах, хабаш кул, бак суугаруучу төө жана беш дирхам турган кийимин тартып аласызбы?», деди. «Эмне кыл, дейсиз?» деди. «Аларды үй-бүлөсүнө кайтарып бериңиз». Ошондо Умар айтты: «Жок, Мухаммадды акыйкат менен жиберген Аллах акысы, бул менин жетекчилигимдин доорунда болбойт. Абу Бакр өлүм астында жатканда анын үй-бүлөсүнө бул нерселерди кайтаруумда пайда жок. Бул нерселерден көрө өлүм жакыныраак».

Муртаддарга жана зекетти берүүдөн баш тарткандарга каршы күрөш:

Араб жарым аралы Расулуллах (с.а.в)дын дүйнөдөн кайтканын угары менен муртад болууга шашылды. Маккаи Мукаррама, Мадинаи Мунаввара, Таиф жана Бахрейндеги Жуваса айылы гана Исламда калды. Бирок, Аллах ушул Үммөттү мушриктер жана муртаддар фитнасын жок кылууга кудуреттүү Абу Бакр Сыддык менен сыйлады. Араб жарым аралынын Исламдан чыгышы түрдүү даражада болду. Айрым арабдар зекетти берүүдөн баш тартып муртад болгон болсо, айрымдары Исламдан чыгып, кайра бутка сыйынгандарга айланышты. Айрым арабдар болсо пайгамбармын деп чыгууга шашылды. Алардын эң белгилүүлөрү: каззаб Мусайлама Ханафий, Асвад Анасий, Тулайха ибн Хувайлид жана Сажаха. Ушул муртаддык окуясынын пайда болушуна арабдар Расулуллахтын акыйкатын жана пайгамбарлыктын акыйкатын билишпегени себеп болду. Анткени, бул арабдардын көпчүлүгү Расулуллах тирүү кезинде мусулмандардын Араб жарым аралын өз көзөмөлүнө алганын көрүп Исламга киришкен эле. Т.а. айрымдары мал-дөөлөт жана олжолорго кызыгып мусулман болушса, айрымдары мусулмандардын кубатынан коркуп Исламга киришти. Айрымдары Исламга киришинде эч нерсеге кызыгуу да, коркуу да болбогон, болгону кожоюндарын жана жетекчилерин ээрчип гана мусулман болушкан. Андан тышкары арабдар Ислам душмандары тарабынан тукурулуп турган, Ислам мамлекетин тикелеген адамдын өлүмү менен бул мамлекет да ойрон болот деген сөдөр бар эле. Мына ушундай оор убакта Абу Бакр Сыддык Усама ибн Зайд кошуунун румдуктарга каршы согушка жиберүүдө катуу турду. Анткени, бул Расулуллах (с.а.в)дын осуяты эле. Усама кошууну Шам тарапка чыгып, румдуктарды качууга аргасыз кылды. Ошондо Усама бул региондогу айрым урууларды муртад абалда таап, аларга каршы согушту. Кийин Усама согуштан үлкөн олжолор менен Абу Бакр Сыддык алдына Мадинага кайтты. Бул кошуун Араб жарым аралынын түндүк-чыгышындагы араб урууларынын жүрөгүнө коркуу салды, акыбетте баары мусулмандар Мадинада чоң кубатка ээ экен деген ойго келишти.

Абу Бакр Сыддык айрым уруулардын сунушун т.а. намаз окуу, бирок, зекет бербөө сунушун четке какты жана намаз менен зекетти бири-биринен бөлгөн мындай кимселерге каршы согушту. О.э. муртаддарга каршы да согушту. Андан кийин Мадинаи Мунаввараны коргоону буйруду, Исламда калган урууларды жардамга чакырды. Кийин бардык муртад урууларды кайра Исламга кирүүгө даъват кылып кат жиберди жана алардын жүрөктөрүнө коркуу салды.

Абу Бакр Сыддык муртаддарга каршы он бир кошуун даярдады. Ушул мусулман кошуундары чоң эмес болгонуна карабастан, баары Аллах жолунда жихад кылууга ынтызар эле. Он бир кошуундун ар бирине багыты белгиленип берди. Аларды Араб жарым аралына жайылып ал жерди муртаддардан бүтүндөй тазалады, бир регион да, уруу да калбады. Аллахтын фазилети менен ар бир согуш мусулмандардын нусраты менен аяктады жана Араб жарым аралында бир да муртад калбады.

Эгер, Аллах Таала Үммөткө ошол убакта улуу чексиз ниъматты т.а. Сыддыкты бербегенде, мындай үлкөн фитнанын акыбети абдан  жаман болоор эле. Анткени, Аллах ушул инсан менен Үммөттү колдоду, ушул инсан менен динди, Куръанды коргоду, мушрик-муртаддарды кыйратты. Ушул оор кырдаалды Абу Хурайра (р.а) мындай сыпаттаган: «Валлаху ла илаха илла хува, эгер Абу Бакр халифа болбогондо Аллахка ибадат кылынбай калат эле». Биз бул муртаддык мусийбаты эң чоң мусийбат артынан эле келгенин да унутпайбыз. Бул Расулуллах (с.а.в)дын дүйнөдөн кайтканынын мусийбаты. Шек-күмөнсүз, бул Сыддык үчүн чоң мусийбат болду, анткени, ал затка эң жакын инсан да, эң катуу кайгырган да ушул киши эле. Бирок, Аллах аны кайрат ниъматы менен ырыскылантты. Арийне, кайрат улуу ниъмат болуп, ал чыныгы момун болгон заттарга гана берилет.

Абу Бакр Сиддик (р.а)нун заманындагы фатхтар:

Румдуктар Бисанда оор жеңилүүгө учурап качып кетиши артынан, мусулмандар Иордания жана Палестина регионун өз көзөмөлдөрүнө алышты. Румдуктардын согушпагандары моюн сунуп, мусулмандарга жизя төлөөгө ыраазы болушту. Үч гана шаар: Куддус, Акка жана Хайфа шаарлары моюн сунбады. Куддустун өтө бийик дубалдары бар эле, мусулмандардын киришине чоң тоскоолдук болду… Мусулмандар өтө кайраттуулук менен үч ай турушту. Т.а. хижрий 14-жылы зул-каъдадагы жеңиштерден баштап робиул-аввалдын жарымына чейин сабыр менен турушту.

Мусулмандар ушул регионду колго алышкан соң кийинки баскыч жөнүндө пикирлешти. Алардын алдында Дамаск шаарынан башка тоскоолдук жок эле. Бул шаарда чоң бөлүктөгү румдуктар жайгашкан болчу. Ушул себептен улам, исламий кошуун Дамасктагы румдумтарга каршы согушууга карай жолго түштү. Ушул жерде бир нерсени баса белгилеп өтүү зарыл, мусулмандар Акса мечити жайгашкан, Расулуллахтын Исро орду болгон Куддусту (ошол убактагы Илия шаарын) фатх кылуу ордуна, Дамаскка аракет башташты. Негизи, алар биринчи Куддусту фатх кылышы күтүлгөн. Бирок, мусулмандар Акса мечитинин улуулугун кадырлашына карабастан, негизги этибарын Дамаскка каратышты. Мунун себеби, мусулмандардын негизги этибары Аллахтын даъватын жер жүзүнө жеткирүү болду, анткени, Куддуста калктын саны аз, Дамаскта болсо калк өтө көп эле. О.э. бул шаар чеп менен курчалып, чоң сандагы румдуктар тарабынан корголгон болчу. Ошондуктан, мусулмандар Дамаск тарапка аракет кылууну жана ушул аркылуу ошол жердеги румдуктарды кыйратууну, ушул региондо Исламды кеңири жаюуну абзел деп билишти.

Абу Бакр Сыддык (р.а)нун өлүмү:

Абу Бакр (р.а)нун оорусу он беш күнгө созулду. Т.а. хижраттын он үчүнчү жылы, 22-жумадус-саний күнүнө чейин созулду. Аиша (р.а) мындай дейт: «Абу Бакр менден: «Расулуллах (с.а.в) кайсы күнү каза болгон эле», деп сурады. Дүйшөмбү күнү, дедим. «Мен да ошол күндүн түнү дүйнөдөн кайтууну үмүт кыламын», деди. «Ал (пайгамбарыбыз) эмнеге кепинделгн болчу?», деп сурады. Үч сухулийдик матага, анын кийими арасында көйнөк да, селде да жок болчу, дедим. Ал: «Үстүмдөгү көйнөгүмдү жууп, ага эки матаны кошуп мени кепиндегиле», деди. Мен бул көйнөктүн тамтыгы чыккан, Аллах жакшысын берген, сизди жаңысына кепиндейбиз, дедим. Ал болсо: «Жаңы кийимге өлүктөн көрө тирүүлөр көбүрөөк муктаж, өлүктү чирүү күтүп турат», деди. Абу Бакр (р.а) аялы Асмага анын сөөгүн жууну жана Расулуллах (с.а.в)дын жанына көмүүнү осуят кылды. Абу Бакр (р.а)нун эң акыркы сөзү Аллах Тааланын ушул аяты болду:

ÓÍ_©ùuqs?} $VJÎ=ó¡ãB ÓÍ_ø)Åsø9r&ur {tûüÅsÎ=»¢Á9$$Î/

«Мени мусулман абалымда жанымды алгын жана мени да салих пенделериңдин катарына кошкун»   [12:101]

Анын өлүмүнөн бүткүл Мадина силкинди, бул шаар Расулуллах (с.а.в) дүйнөдөн кайткандан бери мынчалык кайгырбаган эле. Али ибн Абу Талиб (р.а):

$¯RÎ)} ¬! !$¯RÎ)ur Ïmø‹s9Î) {tbqãèÅ_ºu‘

«Албетте, биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте Өзүнө кайтабыз»          [2:156]

деп ыйлап Абу Бакрдын үйүнө жүгүрүп келип: «Аллах сизди рахмат кылсын, эй Абу Бакр, сиз Расулуллах (с.а.в)дын таянган тоосу, маектеши, дарттарынын дабаасы, ишенген кишиси, сырдаш жана кеңешчиси элеңиз. Исламды эң биринчи кабыл алган, эң калыс ишенимдүүсү, Аллахка эң ишенгени, Аллах Азза ва Жалланын динин эң бийик кылуучусу, Расулуллах (с.а.в)га эң жан күйдүргөнү сиз элеңиз. Исламды эң колдоп-кубаттоочусу, асхабдардын эң жакшысы, эң улуу сыпаттуусу, өткөндөрүнүн эң абзели жана эң урматтуусу сиз элеңиз. Ушулардын баары үчүн Аллах сизди Расулуллахтан жана Исламдан эң жакшы сыйлык менен сыйласын. Адамдар Расулуллахты жалганчына чыгарышканда, сиз анын пайгамбарлыгын тастыктадыңыз, ал заттын көрө турган көзү, уга турган кулагы болдуңуз, Аллах:

“Ï%©!$#ur} uä!%y` É-ô‰Å_Á9$$Î/ s-£‰|¹ur ÿ¾ÏmÎ/   y7Í´¯»s9’ré& ãNèd {šcqà)­GßJø9$#

«Чын Куръанды келтирген зат (т.а. Мухаммад алайхис-салам) жана аны тастыктаган (киши) – мына ошолор таква заттар»

          [39:33]

деп мактады. Эч кимди кемсинтпедиңиз. Кор, алсыз киши, өз акысын алуу үчүн сиздин алдыңызда күчтүү урматтуу кишиге айланды, сиздин назарыңызда алыстагы киши да, жакындагы киши да бирдей эле, адамдар ичинде сизге эң жакыны Аллах Азза ва Жаллага эң итааткөйү жана андан эң таквадары эле… Сиздин ишиңиз – адилеттик, чындык жана жакшылык. Сиздин сөзүңүз – даанышмандык жана бекемдик. Сиздин буйругуңуз – чечкиндүүлүк жана жумшактык. Сиздин оюңуз – батымдуулук жана билимдүүлүк. Сиз себептүү дин оңдолду, ыйман бекемделди. Аллахтын буйругу келгенде, Аллах акысы, баарынан озуп, баарын артта калтырдыңыз, өзүңүздөн кийин (бизди) кыйын абалга салдыңыз. Изгиликке жеттиңиз, арийне, баарыбыз Аллахтын пенделерибиз жана албетте Өзүнө кайтуучубуз, Аллах Азза ва Жалланын тагдырына-казасына ыраазыбыз, бул иштерине моюн сунабыз. Аллах акысы, адамдар Расулуллахтан кийин сизден айрылуу мусийбатындай мусийбат көрүшпөдү. Сиз динибиз үчүн күч-кубат элеңиз. Ушундай болгон соң, Аллах Азза ва Жалла сизди Набийиңиз Мухаммад (с.а.в) менен бирге кылсын, бизди да сиз алган ажрдан куру калтырбасын, сизден кийин адаштырбасын».

Адамдар Али (р.а)нун сөздөрүн угуп турушту, сөзү бүткөндөн кийин «Чындыкты айттың» деп ыйлап жиберишти. Бир риваятта келишинче, Али кепинделген Абу Бакр (р.а)нун алдына келип: «Мен үчүн бул кепинделген жана амал китеби токтогон адамдан сүйүктүү адам жок», деген.

Ушуну баса белгилөө керек, риваяттардын ижмасына ылайык, Абу Бакр Сыддык (р.а) дүйнөдөн кайтканда алтымыш үч жашта т.а. Расулуллах (с.а.в) дүйнөдөн кайткан жашта эле. Аны өзү осуят кылгандай, аялы Асма бинт Амис гусл кылды, Умар, Усман, Талха, Ибн Абдурахман Расулуллах (с.а.в)дын жанына жерге коюп, башын Расулуллахтын желкесине теңдеп коюшту.

Абу Бакр (р.а) аялдарынын ысымдары:

Амир уруусунан Катила бинт Абдулузза. Андан Абдуллах жана Асма төрөлгөн. Умму Руман бинт Амир. Андан Абдуррахман жана Айша төрөлгөн.

Асма бинт Умайс. Андан Мухаммад төрөлгөн. Хабиба бинт Харижа. Андан Умму Гүлсүм төрөлгөн.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button