Комментарий

Мисир президенти актанууга өттү

Мисир президенти актанууга өттү

«Акыркы апталарда бизди (Газага) жардамдарды жеткирүүгө тоскоолдук кылып жатат жана (Газага) өткөн өтмөктү жаап коюшту деп күнөөлөп жатышат. Бул жалган сандырак сөз. Эгер аркы тарапта «Израил» күчтөрү турбаганда биз жардамдарды өткөрмөкпүз… Мисир Газага жардамдарды жеткирүү үчүн бардык аракеттерди көрүүдө, бирок өтмөктө «Израил» аскерлери тургандыктан абал татаалдашууда», – деди Мисир президенти ас-Сиси. Ал дагы минтип кошумчалады: «Газада болуп жаткан абал – бул системалуу геноцид жана палестина маселесин жок кылуу».

Комментарий:

Биринчиден, учурда Мисир эли Газадагы боордошторуна эч кандай жардам көрсөтүлбөй жатканы үчүн абдан кыжырданып, аларды куткаруу үчүн «Израилге» каршы аскерий жүрүш жасоону талап кылып жатышат. Бирок Мисир бийлиги эч бир аракет көрбөй жатканы үчүн алар абдан нааразы, а түгүл «ас-Сиси кетсин», «аны кулатуу керек» деген сөздөр айтыла баштады. Ошондуктан Сиси өз бийлигин сактап калуу үчүн гана мусулмандарды тынчтандырган сөздөрдү айтып жатат. Негизи Газадагы геноцидде Сисинин кылмышы, кыянаты абдан үлкөн. Экинчиден, учурда миңдеген жүк ташуучу унаалар Газага кире албай турушат. Себеби «Израил» бул жардамдарды Газага киргизбей жатат. Бул болсо, Газага талап кылынган биринчи жардам аскерий аралашуу экенин ырастоодо.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button