Газадагы геноциддик согушта Британия разведкасы «Израилге» жардам берүүдө

Газадагы геноциддик согушта Британия разведкасы «Израилге» жардам берүүдө
Маалымат каражаттары кабарлагандай, Британиянын аскерий аба күчтөрүнүн учактары Газада чалгындоо иштерин жүргүзүп, «Израилдин» геноциддик согушуна жардам көрсөтүп келет. Британиянын Shadow R1 учактары Газада жүздөгөн чалгындоо иштерин алып барган. Бул учактар жогорку технологиялык оптикалык жана электрондук жабдыктар менен жабдылган. Бул жабдыктар көчөлөрдү, имараттарды жана транспорт каражаттарын өтө тактык менен сканерлөө ишин жүргүзөт.
Комментарий: ЮНИСЕФ маалымдагандай, Газада ар күн сайын 28 жаш бала набыт болууда. 2023-жылдын октябрынан бери тынымсыз бомбалоолордон, ачарчылыктан жана ар кандай кыйроолордон 18 000ден ашуун бала курман болду. 2023-жылдан бери 89 бала ачкалыктан көз жумду. Ачкалыктан улам 71 000 бала чукул дарыланууга муктаж. Газада дээрлик ар бир бала жакындарын жоготкон.
Жалпыга ачыкталган бул маалыматтар деңиздин бир тамчысы гана. Азыр үлкөн держава АКШдан тартып, Европадагы, Ислам өлкөлөрүндөгү режимдер – баары «Израилге» жардам берүүдө. Бирок баары биригип бир кулачтай болгон жерде мусулмандар үстүнөн жеңишке жете албай жатышат. Бул болсо нусрат-жеңиш бир гана Аллахка таандык экенинин белгиси.