Саясий түшүнүктүн негиздери жана саясий багытты аныктоо (3)

Саясий түшүнүктүн негиздери жана саясий багытты аныктоо (3)
(cаясий түшүнүктө картанын ролу)
Лукман Харзулла – Палестина
Саясий лидер картаны билбесе, саясатты да билбейт деген сөз туура, анткени карта жана аны билүү саясий түшүнүктүн негизги бөлүгү.
Картага байланыштуу маалымат изилденип жаткан окуяга тиешелүү мамлекеттин жайгашкан жерин билүү менен гана чектелбестен, мамлекеттин картадагы ордун, анын географиялык өзгөчөлүктөрүн, чек араларынын мүнөзүн, океандарга чыгышын, маанилүү географиялык шарттарга байланышын, калкынын саны жана жыштыгы сыяктуу демографиялык абалын, калктын мүнөзүн жана сапаттарын, энергия жана технологияга ээ болуусун түшүнүүнү да камтыйт.
Ошондой эле мамлекеттин саясий жана стратегиялык географиялык артыкчылыктары бири-бири менен кесилишерин белгилөө керек. Саясий артыкчылыктар мамлекетке эл аралык деңгээлде маанилүү орунду ээлөөгө жардам берет жана аналитикке ошол мамлекетке байланышкан саясий маселелерди жана окуяларды түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми мамлекеттин картадагы стратегиялык артыкчылыктарын түшүнүү аскердик анализде пайдалуу болуп, анын аскердик позициясын күчөтөт. Бул жерде, мамлекеттин саясий күчү анын аскердик күчү менен тыгыз байланыштуу.
Мамлекеттин ордун түшүнүү бир нече нерсени талап кылат: мамлекеттин географиялык түрү: кургактыктагы мамлекет, деңиз мамлекети же экөөнү тең камтыган мамлекетпи деген маселелер. Кургактыктагы мамлекет — бул географиялык жайгашуусу кургактыктын ичинде болуп, чек аралары толугу менен кургактык менен курчалган, деңизге чыга албаган мамлекет. Деңиз мамлекети — бул океан же деңиз жээгинде жайгашкан, чек аралары суулар менен курчалган мамлекет. Ал эми экөөнү тең камтыган мамлекет — чоң кургактык бөлүгүнө ээ болуп, ошол эле учурда океан же деңизде ачык чек арасы бар мамлекет.
Мамлекеттин картадагы жайгашуусу анын дүйнөлүк салмагына таасир кылган чечүүчү фактор бойдон калууда. Бул анын тышкы байланыш түзүү мүмкүнчүлүгү же эл аралык байланыш жолдорунун түйүндөрүндө жайгашуусу аркылуу ишке ашат. Деңиз мамлекеттеринин баары бирдей эмес, анткени маанилүү географиялык өзгөчөлүктөргө туташкан мамлекеттер дүйнөлүк аренада жогорку салмакка ээ боло алышат. Маанилүү географиялык өзгөчөлүктөргө аралдар, кысыктар, булуңдар жана эл аралык транспорт жолдоруна түз чыккан жайлар кирет.
Аралдардын бир нече жактан чоң мааниси бар. Эгерде мамлекеттин чек арасы маанилүү аймактагы аралдар архипелагын камтыса жана анын айланасындагы деңизге көзөмөл жүргүзсө, ал дүйнөлүк деңгээлде салмактуу орунга ээ болот. Мына ушул себептен Жапония Тынч океанын көзөмөлгө алууга умтулган, ал тургай Перл-Харбор портун бомбалоосу да Тынч океаны аймагын көзөмөлдөө максаты менен шартталган. Эгер ал максатына жетсе, биринчи орундагы дүйнөлүк державага айланышы оңой болмок.
Эгер аралдар соода жолдорунда жайгашпаса да, алардын орду башка мамлекеттерге таасир этүүдө маанилүү болсо, аларды көзөмөлгө алуу жана аскердик база катары колдонуу мүмкүн. Мисалы, Австралиянын түндүк-чыгышындагы Соломон аралдары же Йемендин түштүгүндөгү жана Африка мүйүзүнө каршы жайгашкан Сокотра аралдары. Аралдарга жарым аралдар да кошулат, мисалы, Крым жарым аралы.
Эл аралык деңиз транспорту океандардан өткөн маршруттарды колдонот, ал эми кандайдыр бир жагдайдан улам багытты өзгөртүү талап кылынса, анчалык кыйынчылык жаратпайт. Бирок транспорт линиялары кысыктар аркылуу өткөн учурда, бул кысыктар көп учурда багытты алмаштырууга кыйын болгон зарурий жолдор болуп калат. Мисалы, Британия дүйнөнүн биринчи державасы болуп турган кезде Гибралтар кысыгын жана Баб-эль-Мандеб кысыгын көзөмөлгө алганы дүйнөгө таасир этүүчү куралы болгон. Тайвань кысыгы аркылуу жылына 500 000 соода кемеси өтөт. (Жакынкы Чыгыш, 21.08.23). Бул жагдай АКШга Тайвандагы режимди өз тарабына тартуу аркылуу Кытайга таасир кылуу жана аны менен түздөн-түз кагылышуу мүмкүнчүлүгүн берген. Ал эми Босфор кысыгы Стамбул аймагын эл аралык деңгээлде таасирдүү кылып, союздаштарды Лозанна келишиминде ага өзгөчө макам берүүгө мажбур кылган. Ал келишим боюнча Босфор, Дарданелл, Мрамор деңизи, түрк аралдары жана айрым грек аралдары куралсыздандырылган.
Ал эми мойнок – эки тарабынан суу менен чектелген жана кургактыктын эки бөлүгүн бириктирген ичке тилке. Эл аралык транспорт жолдорундагы мойнок кемелер үчүн эки жагында токтоо жана жолго чыгуу бекети болуп берет же ошол жерде жайгашкан мамлекетти эки сууну туташтырган канал казууга түртөт. Мисалы, Суэц каналы, Панама каналы, Киль каналы. Панама каналы ачылганга чейин Теуантепек мойногу Мексика булуңу менен Тынч океаны ортосундагы эң кыска жол болгон.
Ачык-айкын көрүнүп тургандай, эгер кургактыкта жайгашкан мамлекеттер океанга чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбосо, алар кургактык менен деңиздин ортосунда жайгашкан ортомчу мамлекеттерге көз каранды болот. Дүйнөлүк деңгээлде чоң салмакка ээ болбогон мамлекеттер да бул маселеге олуттуу карашат. Мисалы, 2023-жылы Эфиопия деңизге чыгуу үчүн Сомали мамлекети менен Кызыл деңизге чыгуу келишимин түзгөн.
Мамлекетке байланыштуу географиялык мүнөздө бир нече негизги жагдайлар бар. Аларга мамлекеттин аянты, чек арасынын мүнөзү, ички рельефи жана табигый түзүлүшү кирет.
Чек арасынын мүнөзүнө келсек, мамлекет чек арасын өзү тандашы же ага мажбур болушу боюнча белгилүү бир мыйзам жок. Көп учурларда мамлекет өзүн тоо кыркасы, дарыялардын агымы же деңиз жээктери сыяктуу табигый чек аралар менен чектейт. Ошондой эле чек аралар коңшу мамлекеттер менен түзүлгөн келишимдердин негизинде, же согуштардагы жеңиш же жеңилүүлөрдүн натыйжасында белгилениши мүмкүн. Бирок жаңы дүйнөлүк түзүлүш пайда болгондон бери улуттук чек аралар ыйыктык мүнөзүнө ээ болуп, кеңейүү маселеси дүйнөлүк деңгээлде жек көрүлгөн, же болбосо аны кошуу же бөлүнүү үчүн элдик эркти чагылдырган жүйө менен гана негиздөөгө мүмкүн болгон көрүнүшкө айланды.
Чек арага байланыштуу географиянын дагы бир жагы — чек арадагы калктын мүнөзү. Айрым чек аралар эки мамлекетти бөлүп, эки башка элди ажыратса, кээ бир чек аралар бир эле элди экиге бөлөт, анын ар бир бөлүгү эки башка мамлекетке таандык болот. Бул болсо чек аранын туруктуулугуна жана ачык-айкындыгына түздөн-түз таасир кылат, анткени элдердин байланышы же бөлүнүп турушу чек аранын өткөрүмдүүлүгүн аныктайт.
Чек ара географиясына дагы чек аралаш мамлекеттерди жана алардын эл аралык абалын билүү кирет. Бул болсо атаандаштыкка, тирешүүгө, согушка, көз карандысыздыкка же “жашоо мейкиндигин” камсыздоого шарт түзөт.
Табигый түзүлүш мамлекеттин айлана-чөйрөсүнүн мүнөзүнө жана аймагындагы ресурстарга байланыштуу. Эгер мамлекет ашыкча суу ресурстарына ээ болсо, бул анын суу коопсуздугу үчүн өтө маанилүү, ал эми жер астындагы суу корлорунун түгөнүшү мамлекет үчүн коркунучтуу белги болуп саналат. Мунай жана минералдык байлык мамлекеттер үчүн энергия жана өнөр жайда өзүн-өзү камсыз кылууда чоң роль ойнойт, ошондой эле бул ресурстар аркылуу башка мамлекеттерге таасир кылуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Деңиздеги минералдык же балык ресурстары да мамлекеттин байлыгы жана азык-түлүк коопсуздугу үчүн маанилүү фактор болуп эсептелет. Жердин табияты, айрыкча айдоо аянттарынын көлөмү менен чөл аянттарынын көлөмү, мамлекеттин реалдуу экономикалык күчүнө, башкача айтканда, өндүрүштүк жөндөмдүүлүгүнө таасир кылат жана бул калктын мүнөзүнө да өз таасирин тийгизет.
Ал эми мамлекеттин аянты тууралуу айта турган болсок, аянттын чоңдугунун бир нече маанилүү жагы бар: алардын бири — аянттын кеңдигинин калк менен байланышы, экинчиси — аянттын байлыктар менен байланышы, үчүнчүсү — мамлекеттин стратегиялык тереңдиги. Бул акыркысы айрыкча мамлекет баскынчылыкка дуушар болгондо абдан маанилүү. Анткени чоң аянт баскынчылардын көзөмөлүн жайлатат, ал тургай оорлотушу мүмкүн, эгерде алардын чабуулу аймактык кеңири мейкиндикти ээлөө мүнөзүндө болуп, башкаруу борборлорун гана басып алуу мүнөзүндө болбосо.
Ички рельеф. Эгерде ал өтө татаал болсо, мамлекетке табигый ички коргонуу сызыктарын бере алат; тескерисинче, эгер рельефи түз болсо, коргонуу кыйын болот. Ошондой эле рельефтин түрдүүлүгү мамлекеттеги өндүрүштүн түрдүүлүгүнө өбөлгө түзөт. Мисалы, Орусиядагы Урал тоолору табигый тоскоолдук болуп, анын чыгыш тараптагы кең мейкиндиги анын батыш бөлүгүн (анын ичинде борбору Москва жайгашкан аймакты) басып алган учурда да Орусиянын толук кулап калуусун алдын алган. Ал эми Чыгыш Европадагы Европа түздүгү болсо, ал жактагы мамлекеттерди согуштардын өтүүчү жолуна жана цивилизациялар кагылышкан майданга айланткан.
Мамлекеттердин кургактык өтмөктөрүндө жана транспорт жолдорунда жайгашуусу чоң таасирге ээ. Мисалы, Түркиянын жайгашкан жери аны Азия менен Европаны байланыштырган кургактык көпүрөсү кылат, ошондуктан Азия менен Европанын ортосундагы кургактык соода жолдору ушул жерден өтөт. Ошондой эле Байыркы Жибек Жолу жана «Бир алкак — бир жол» демилгеси боюнча жайгашкан мамлекеттер — Кытай, Казакстан, Россия, Беларус, Польша, Германия — ушул жолдордо ири долбоорлорду ишке ашырууга түрткү берип, темир жолдорду, кургактык портторду жана мунай-газ өткөрүүчү түтүктөрдү куруу иштерин жүргүзүүдө.
Калк фактору да мамлекеттин күчүндө өтө маанилүү рол ойнойт. Аны изилдөө бир нече багытты камтыйт:
• Калктын жалпы саны жана өсүү ылдамдыгы;
• Калк менен аянттын байланышы, башкача айтканда калктын жыштыгы;
• Калктын жаш курамынын көрсөткүчү;
• Элдин мүнөзү жана сапаттары.
Эл аралык деңгээлде маанилүү орунду ээлөөнү көздөгөн мамлекеттер калктын санын көбөйтүүгө умтулат. Бул жарандарды көбүрөөк бала төрөөгө үндөө жана үй-бүлөдөгү ар бир жаңы бала үчүн сыйлык берүү аркылуу же калктын жетишсиздигин мигранттар менен толуктоо аркылуу ишке ашат. Бул үчүн мигранттарга көчүп келүүгө түрткү берген жеңилдиктер берилет. Натыйжада калктын саны көбөйөт, экономика жанданат, жок болуп кетүү коркунучу азаят жана ири долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде адамдык ресурстарды талап кылган согуштарга даярдык үчүн калктын мүмкүнчүлүгү артат.
Калк жыштыгы мамлекеттин инсаний жана экономикалык күчүнүн көрсөткүчү болуп саналат. Дүйнөдөгү эң ири шаарлар – экономикалык мүмкүнчүлүктөрү чоң, ресурстары мол, каржылык кыймылы жандуу же саясий борбор болгон шаарлар. Ал эми калктын жаш курамы коомдун карып бара жатканын же жаш экенин көрсөтөт: жаш коомдордун өндүрүштүк жана согуштук жөндөмү жогору болот, ал эми карыган коомдордо бул жөндөм төмөн болот.
Энергия менен технология мамлекеттердин күчүндө, айрыкча эл аралык аренада олуттуу орунду ээлеген же ошондой болууну көздөгөн мамлекеттер үчүн негизги ролду ойнойт. Бул экөө бири-бирине тыгыз байланышкан. Энергияны мамлекеттин ресурстарынын бир бөлүгү катары кароого да болот, өзүнчө категория катары бөлүп кароого да болот. Ага чийки күйүүчү-майлоочу заттар (казылма отун), ядролук энергия үчүн зарыл материалдар сыяктуу нерселер кирет. Ошондой эле мамлекеттеги энергетикалык ресурстарды өздөштүрүү деңгээли да маанилүү: мунай бургулап-казуу ишканалары, мунайды кайра иштетүүчү заводдор, атом электр станциялары, ядролук отунду байытуу деңгээли. Мунун баарын мамлекет өзү иштетеби же башка мамлекеттерге (же компанияларга) концессия катары укук бергенби, бул да маанилүү маселе.
Технологияга келсек, айрым технологиялар мамлекеттин салмагына олуттуу таасир кылбайт, айрымдары болсо анын күчүнүн негизги факторуна айланат: кара металлургия жана оор өнөр жай, электроника жана микросхема (чип) өндүрүшү, аскердик тармак менен чалгын ишинде колдонулган жасалма интеллект, авиация жана спутник технологиялары ж.б.
Мисал катары, Тайвандагы чип өндүрүшүнүн «монополияга жакын» үлүшү анын дүйнөгө таасирин күчөттү: АКШ Тайвань өкмөтү Вашингтондун таасир аймагында болгондуктан жана Тайвань чиптеринин программалык экосистемасы негизинен америкалык болгондуктан бул рычагды глобалдык деңгээлде пайдаланууда. Мындан тышкары, АКШ бул тармакты өз колунда кармоо үчүн өлкө ичинде иштеген компанияларды субсидиялап жатат. Intel-дин Аризона, Огайо, Нью-Мексико, Орегон штаттарындагы чип долбоорлору жана тайвандык TSMCнин Финикске жакын курулуп жаткан эки заводунун колдоого алынганы буга мисал. Ошондой эле чиптердин программалык камсыздоосунда АКШнын артыкчылыгы бар, бул анын дүйнөгө таасирин дагы да күчөтүүдө.
Дагы бир жагынан алып караганда, Орусиянын ракета өнөр жайын өнүктүрүүсү ага согуштарда жаңы абал түзүүгө мүмкүндүк берди. Мисалы, «Кинжал» жана «Орешник» гиперүндүү ракеталары Орусияга өзгөчө күч берди. Ал эми чалгын өнөр жайында АКШ бул тармакты абдан өнүктүрдү, Союз доорунда эле радарга түшпөй бийиктикте уча алган, өтө так сүрөт тарта турган камералары бар учактарды чыгарган. Кийин бул тармак спутникалык чалгын өндүрүшүнө чейин өнүгүп, өтө жогорку тактыктагы сүрөттөрдү тарта алган аппараттар пайда болду. Мындан тышкары, сүрөт талдоо, жүз таануу жана тармактык коопсуздук боюнча заманбап технологиялар иштелип чыгып, АКШ армиясынын айрым согуштары бүтүндөй кибер-хакерлерден турган бөлүктөр аркылуу жүргүзүлгөн учурлар болду.
Бул сыяктуу факторлор азыркы карталарда түз көрсөтүлбөсө да, мамлекетти изилдегенде аларды чийки зат жана мунай сыяктуу ресурстар менен катар эске алуу зарыл.
Бул болсо картаны караганда изилдөөгө тийиш болгон маселелердин кыскача жыйнагы. Алардын айрымдары мамлекеттин күчүн көрсөтүүдө башкаларына караганда чоңураак таасир кылат. Ошол эле учурда, бир мамлекеттин башка мамлекетке караганда күчтүү болушун автоматтык түрдө аныктаган бир да мыйзам жок. Маселе мамлекеттин жалпы геосаясий абалында жана анын колундагы бардык өзгөчөлүктөрдүн жыйындысында.