Басма сөз

Жасалма интеллект доорундагы «акылдуу муфтийди» иштеп чыгуу

Басма сөз баянаты

Жасалма интеллект доорундагы «акылдуу муфтийди» иштеп чыгуу

Батыштын жана анын кул болгон бийлик ээлеринин өлчөмдөрүнө жараша фикх түзүү

Ислам үммөтү башынан өткөрүп жаткан саясий жана пикирий кыйроо шартында, динине жана өкүмдөрүнө каршы удаа-удаа кутумдар уланууда. Ушул абалда башкаруучу режимдер жана алардын расмий диний мекемелери өз долбоорлорун — динди бурмалоону — «заманбаптык», «өнүгүү» өңдүү ураандар жана технологиялык терминдер менен кооздогон конференцияларды өткөрүшүүдө. Египет муфтият үйү (Дарул Ифта) уюштурган жана режим башчысы Абдулфаттах ас-Сисинин түздөн-түз колдоосу менен өткөрүлүп жаткан «Жасалма интеллект доорундагы акылдуу муфтийди иштеп чыгуу» аттуу конференция ушуга мисал.

Конференциянын аталышы «акылдуу муфтий» дегенде илимий тереңдикке ээ, такыба, тексттерге бекем болгон аалымды түшүндүргөндөй сезилиши мүмкүн. Ал эми жасалма интеллект колдонула турган васита сыяктуу көрүнүшү ыктымал. Бирок, чындыгында бул жердеги «акылдуулук» деген сөздүн мааниси — өкмөткө баш ийген, анын күн тартиби менен жүргөн, саясаттарына шайкеш жана Батыштагы кожоюндарына кызмат кыла турган фатваларды чыгара турган «программаланган» муфтийди билдирет. Ал эми «жасалма интеллект доору» деген түшүнүк исламды колдоо үчүн техниканы пайдаланууну эмес, тескерисинче, фатваларды белгиленген алкактын ичинде кармоону, бийликтин каалоосуна каршы келген же анын чыккынчылыгын ачыкка чыгара турган бардык пикирлерди жокко чыгарууну көздөйт.

Бул конференция, мусулман жерлеринде бийликтин саясатына каршы элдик нааразылыктар күчөп, үммөттүн Палестина маселеси, ислам душмандары менен союздар түзүү жана куфр низомдорун колдонуу өңдүү маселелерде бийлик ээлеринин чыккынчылыгын барган сайын аңдап түшүнүп жаткан бир мезгилде өткөрүлүп жатат.  Бул режимдер чындыкты айткан, ихлас менен чыккан шаръий фатва алардын бийлигине коркунуч туудурарын түшүнүшөт. Анткени мындай фатва алардын бийлигинин мыйзамсыздыгын ачып салат жана аларды каапыр Батыштын демократиясына багыттайт. Ошондуктан алар муфтийдин вазыйпасын кайра аныктоого киришишти: муфтийди Аллахтын өкүмүн далилдерге жана вахийге негизделген шаръий өкүмдөрдү жарыя кылуучу аалымдан мамлекеттик кызматкерге айлантышат. Ал эми мындай кызматкер өкмөткө ылайыкташтырылган чечимдерди актап, нусустарды мамлекеттин саясатына шайкеш кылып бурмалап берет. Башкача айтканда, анын фатвасы вахийге эмес, хавага (каалоого) таянган болот.

Жасалма интеллект бул конференциянын алкагында муфтият ишин борборлоштуруунун жана аны көзөмөлдөөнүн бир гана куралы. Мусулман адам ихлас аалымдан анын үйүндө же мечитинде суроо берүүнүн ордуна, эми мамлекеттин көзөмөлүндөгү «санариптик платформага» жөнөтүлөт. Ал жерде алгоритмдер саясий жана коопсуздук өлчөмдөрү боюнча түзүлүп, уруксат берилген жооптор гана чыгарылат.

Бул болсо фатва эки тараптуу көзөмөлгө алынарын билдирет:

  1. Биринчи көзөмөл — өкмөткө баш ийген расмий диний мекеме жүргүзгөн адамдык көзөмөл.
  2. Экинчи көзөмөл — техникалык көзөмөл. Ал программаланган система аркылуу саясий багытка каршы чыккан, зулумду айыптаган, баскынчыга каршы жихадга чакырган же элдин жашоосунда шариятты өкүм кылууга үндөгөн бардык мазмунду иргеп жок кылат.

Алардын түшүнүгүндө «акылдуу муфтий» — бул фатваны ойлоп табылган мыйзамдарга байлап, амал кылууда аларды Аллахтын өкүмдөрүнөн да жогору орунга коюу. Ошондой эле, ал өкмөткө жакпай турган же анын кызыкчылыктарына коркунуч жараткан нерселерди көз жаздымда калтырат, жада калса катъий шаръий текстке каршы келсе да. Ошол эле «акылдуу муфтий» каапырлар жана баскынчылар менен болгон нормалдаштырууну «кызыкчылыктардын тең салмактуулугу» өңдүү шылтоолор менен өткөрүп жиберет. Ошондой эле, шариатка каршы келген эл аралык келишимдерди «зарылдык» же «эл аралык милдеттенмелер» деген жүйөлөр менен актап берет.

Бул өңдүү конференциялар, чындыгында, динди өзгөртүү жана бурмалоо иштерине кирет. Анткени алардын негизги милдети Аллахтын өкүмүн издөө эмес, бул динди жумшартып, багындыруу жана шарият кийими кийгизилген альтернатива өкүмдөрдү чыгаруу. Ал эми алардын маңызы — көнүл кушу каалаган нерселерге баш ийүү жана Аллахтын жолунан алыстоо. Аллах Таала айтат:

﴿وَأَنِ احْكُم بَيْنَهُم بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءهُمْ﴾

(Эй Мухаммад), алардын арасында Алла түшүргөн нерсе (дин) менен өкүм кылгын, алардын көңүл-кушу каалаган нерселерге ээрчибе. (Маида: 49).

Демек, Аллах түшүргөн нусустарга туура келбеген өкүм чыгаруу же фатва берүү — каалоого ээрчүү жана өкүмдарлар менен алардын кожоюндарын ыраазы кылуу болуп эсептелет. Аллах муну кескин түрдө харам кылган. Пайгамбарыбыз ﷺ  болсо диндерин дуньявий жыргалчылыкка алмаштырып салган жаман аалымдардан эскертти:

«أَخْوَفُ مَا أَخَافُ عَلَى أُمَّتِي الْأَئِمَّةَ الْمُضِلُّونَ»

«Үммөтүм үчүн барынан да  адаштыруучу имамдардан корком».

Негизи, жасалма интеллект фикх үчүн чоң кызмат кылуучу курал боло алат, мисалы: далилдерди жыйноо, пикирлерди иргөө, маалыматты изденүүчүгө жеңилдетип жеткирүү сыяктуу иштерде. Бирок режимдер аны өз мекемелеринин колуна карматса, ал фатваны чектөөчү жана туура шаръий пикирди жашыруучу коркунучтуу куралга айланат.

Мына ушул алкакта жасалма интеллект коопсуздук түзүмдөрүнүн уландысына айланат, бирок сырткы көрүнүшү илимий жана технологиялык болот. Натыйжада суроо берген адам өзүн бейтарап машина менен иштешип жаткандай сезет, бирок чындыгында саясий күн тартиби бар программалардын таасирине дуушар болот.

Демек, бул конференциянын чыныгы максаты муфтият иштерин өнүктүрүү эмес, тескерисинче:

  1. Муфтияттын үстүнөн дүйнөлүк деңгээлде көзөмөлдү күчөтүү — «Дүйнөлүк муфтият жана фатва мекемелеринин башкы катчылыгы» аркылуу, аны өкмөткө кызмат кылган диний позицияларды координация кылуучу борборго айлантуу.
  2. Жасалма саясий чек араларды тааный турган, ойлоп табылган мыйзамдарга ылайык фатва чыгарууну кабыл ала турган жана душмандар менен нормалдашууга макул болгон “колго үйрөтүлгөн исламды” жайылтуу.
  3. Фатваны шаръий саясаттан обочолонтуп, аны үммөттүн тагдыр чечүүчү маселелеринен алыстатуу, мисалы, Палестинаны азат кылуу, залим режимдерди кулатуу жана Батыш үстөмдүгүнө каршы туруу маселелери сыяктуу.
  4. Өкмөттүн чечимдерине «шаръий легитимдүүлүк» берүү, б.а фатва ар бир келишимди, сооданы же союзду актап чыгуу үчүн даяр болот, ал тургай баскынчы душман менен болсо да.

Бул өңдүү конференциялар эки эсе коркунуч жаратат:

Биринчиден: түшүнүктөрдү чаташтыруу «салттуу ислам» жана «акылдуулук» ураандарынын алдында чындык менен жалган аралашып кетет.

Экинчиден: чындыкты айтуу үчүн тайманбаган муфтийлерди эмес, тескерисинче, бийликтин каалаган нерсесин актап берүүнү өз милдети деп эсептеген жаңы муун муфтийлерди чыгарат.

Үчүнчүдөн: ижтихад рухун өлтүрөт, анткени «санариптик платформа» бирдиктүү, талкууга жатпаган жоопту чыгарып берет.

Үммөттүн — аалымдарынын, дааватчыларынын жана жигиттеринин — мойнундагы вазыйпа ушул конференцияларды ачыкка чыгаруу, алардын чыныгы жүзүн элге көрсөтүү жана сөздөрдүн орундарын алмаштырып бурмалаган расмий мекемелерден дин үйрөнүү коркунучу тууралуу эскертүү болуп саналат. Ошондой эле ижтихад жана муфтият маселесин өз аслый ордуна кайтаруу зарыл. Залим падышага баш ийбестен, ага каршы акыйкатты айтуу лазым. Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан:

«أَفْضَلُ الْجِهَادِ كَلِمَةُ حَقٍّ عِنْدَ سُلْطَانٍ جَائِرٍ»

«Эң мыкты жихад — залим башкаруучуга каршы айтылган акыйкат сөз» (хадис).

Үммөт кызматкерлерге же саясий жиптер менен башкарылган «платформага» эмес, Раббаний аалымдарга муктаж.

Биз мусулмандарды техника жылтырагы же кооз сөздөргө алданып калуусунан эскертебиз. Чындыктын тараза өлчөмү – режимдердин платформалары же алардын конференциялары эмес, Аллахтын Китеби жана Анын Элчисинин ﷺ  Сүннөтү. Баары билсин: жасалма интеллект канчалык күчтүү болсо да, Аллахтан корккон момундун жүрөгүнүн жана чындыкты айткан тилдин ордун баса албайт. Фатва болсо «акылдуу» деп эсептелиши үчүн өкмөткө же анын программаларына баш ийүүдөн эмес, Аллахтын Шариатын гана өкүм кылуудан башталышы керек.

Аллах Таала айтты:

﴿إِذْ أَخَذَ اللَّهُ مِيثَاقَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ لَتُبَيِّنُنَّهُ لِلنَّاسِ وَلَا تَكْتُمُونَهُ فَنَبَذُوهُ وَرَاءَ ظُهُورِهِمْ وَاشْتَرَوْا بِهِ ثَمَناً قَلِيلاً ۖ فَبِئْسَ مَا يَشْتَرُونَ﴾

“Эстегин, (эй Мухаммад) Алла Китеп берилген кишилерден: «Албетте, ал Китепти адамдарга ачык баян кыласыңар жана жашырбайсыңар!» деп убада-шерт алган эле. Кийин алар бул убада-шерттерин арттарына ташташты жана аны арзан баадагы нерселерге алмаштырып жиберишти. Алардын бул алды-саттылары кандай гана жаман нерсе!” (Али Имран: 187).

Хизб ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы маалымат бөлүмү

13.08.2025

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button