Басма сөз

Триполидеги «сезимдер фестивалы» деп аталган нерсе шаарды үммөттүн сезиминен ажырагандай кылып көрсөтүүгө аракеттенүүдө.

Басма сөз баянаты

Триполидеги «сезимдер фестивалы» деп аталган нерсе шаарды үммөттүн сезиминен ажырагандай кылып көрсөтүүгө аракеттенүүдө.

Аларды бойкот кылгыла жана ага лицензия берилүүсүн токтоткула!

Үммөттүн туйгуларына жана азабына ачык каршы чыгуу болуп саналган бул иш-чара, илим жана аалымдар шаары болгон Триполиге  акаарат болуп эсептелет. Триполи жана Түндүк аймагы боюнча Муфтияттагы Үй-бүлө комитети коомчулукка олуттуу зыян алып келе турган бул багыт тууралуу эскертүү билдирүүсүн чыгарганына карабастан, бул иштер уланууда. Анда мындай деп айтылган:

«Комитет акыркы учурда шаарда пайда боло баштаган баалуулуктарга жана ахлакка каршы майрамдардан, фестивалдардан, тасмалардан жана демилгелерден эскертет. Мындай иштер көркөм же маданий ураандар астында бузукулукка үндөгөн пикирлерди жайылтууга колдонулуп жатат. Тарыхтан бери илим жана аалымдар шаары катары белгилүү болгон бул жерде улуу баалуулуктардын жана коомдук өздүктүн чеби бар. Коомду мындай коркунучтардан коргоо – бул жалпы жоопкерчилик: үй-бүлөдөн жана туугандардан башталып, тарбиячыларга, мугалимдерге, аалымдарга өтөт; ошондой эле жарандык коомду, мэрияларды, саясатчыларды жана акыры мамлекет деңгээлиндеги чечим чыгаруу ээлерин да камтыйт…».

Билдирүүдө тиешелүү органдар, Билим берүү министрлиги, Маалымат министрлиги жана мэриялар бул көрүнүштөргө каршы өз милдетин аткарууга чакырылды. Айрыкча мэрияларга кайрылып, «Элдин ахлагына жана нукура маданиятына каршы келген эч бир иш-чарага, фестивалга же майрамга лицензия бербегиле» деп так көрсөтүлдү. Бирок жоопкер тараптар Муфтияттагы Үй-бүлө комитетинин билдирүүсүн көзгө илбей, Газа мусулмандарынын кыйкырыктарына, алардын жараларына жана ачарчылыгына кулак салбай, ал тургай, Ливандын өзүн кыянатчы яхудий түзүмү тебелеп жатканда да, көңүл бурбай жатат.

Жалпысынан мэриялар, айрыкча Триполи мэриясы, оккупацияланган Палестинадагы жана жарадар Газадагы жетекчилер менен  байланыш түзүп, бар болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, ошол жердеги туугандарыбызга жардам жеткирүүгө аракет кылышы туура эмес беле?! Анык муктаждыктардын баарын камсыздап салгансып, эми бийлөө жана ырдоо фестивалдарын өткөрүү – бул Триполи элинин абалын көңүлдөн чыгарып, аларды шылдың кылуу эмеспи?

Биз жакшы билебиз: Триполиге жана анын элине кайталанып багытталган бул аракеттердин артында бузукулук жайылтуу жана шаардын өзгөчө мүнөзүн, элинин бейнесин өзгөртүү ниети жатат. Бул өлкөдөгү эң жогорку саясий деңгээлдерден көзөмөлдөнүүдө. Депутат Нажат Салибанын Триполидеги (жана башка жерлердеги) «экстремизмге каршы даярдалган план» тууралуу айтканы буга эң жакшы далил.

Эй, Триполи калкы, аалымдары, хатибдери, беделдүү инсандары жана исламды карманган боордоштору! Бул маселенин жана анын артынан келе турган иштердин алдын алууда силердин ролуңар чоң. Ар бир минбардан жана чогулуштардан үнүңөрдү көтөрүп, бул фестивалды жана ага окшогон бузук фестивалдарды бойкот кылууга чакырышыңар керек. Андан да чоң ролуңар – силер үммөттүн бир бөлүгү экениңерди көрсөтүү. Үммөт болсо Палестинада, Ливанда, Сирияда жана Суданда азап чеккен абалда. Биз ошол жаралуу үммөттүн үстүндө бийлеп жаткандай көрүнүшүбүз мүмкүнбү?!

Ал эми Триполи мэриясына кайрылабыз: биз силерди ушул шаардан чыккан, анын нукуралыгын алып жүргөн уул-кыздар катары гана билип келдик. Асылында силер шаардын мүнөзүн жана элинин табиятын чагылдырууңар керек эле. Ал эми бийлөө жана ырдоо фестивалдары бул шаардын мүнөзүнө такыр туура келбейт. Тарыхтан бери жана бүгүн да Триполи шаары өзү ооруп турса да, ар бир ооруган адамды өз кучагына алып, ар кимдин кайгысын бөлүшүп келген. Андыктан бүгүн жалпы үммөттөн обочолонбогула, фестивалга лицензия берүүнү токтоткула!

Биз Ливанда жана аймакта жайылган бул катуу секуляризм шарттарында абалдын оор экенин жакшы түшүнөбүз. Бирок ошол эле учурда биз ишенебиз: бул үммөттө али да көп жакшылык бар. Бирок бул жакшылык өз акыйкатында борборлошуп вакыйлыкка чыга албайт, бул бир гана Аллах Таала айткандай ишке ашуусу зарыл:

﴿وَلْتَكُن مِّنكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ * وَلَا تَكُونُوا كَالَّذِينَ تَفَرَّقُوا وَاخْتَلَفُوا مِن بَعْدِ مَا جَاءَهُمُ الْبَيِّنَاتُ وَأُولَٰئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ﴾

«Силерден жакшылыкка (Исламга) чакыра турган, ибадат-итаатка буйра турган жана күнөө-жаман иштерден кайтара турган бир жамаат болсун. Дал ошолор ийгилик табуучулар – (тозоктон) кутулуучулар». (Аали Имран: 104).

Биздин чакырыгыбыз – жакшылыкка чакыруу, адилетке буюруу жана жамандыктан кайтаруу. Бул – талашсыз жана бөлүнбөй турган ишке биригүүгө чакыруу. Эй, Триполи калкы, аалымдары, хатибдери, исламды карманган боордоштору, урматтуу инсандары жана мэриясы! Силер, иншаАллах, бул чакырыкка жооп берүүгө татыктуусуңар. Аллах менен бирге болгула:

﴿وَاللَّهُ مَعَكُمْ وَلَن يَتِرَكُمْ أَعْمَالَكُمْ﴾

«Алла силер менен бирге жана Ал эч качан кылган ишиңерди (сооп-сыйлыгын) кемитпейт.» (Мухаммад: 35)

Хизб-ут-Тахрирдин Ливан вилаятындагы маалымат бөлүмү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button