Роя гезити

Хидаяттын төрөлүшү караңгылыкты жаркыраткан нур

Хидаяттын төрөлүшү караңгылыкты жаркыраткан нур

Жер жүзү, айрыкча Араб жарым аралы, адамдын жашоосун тозокко окшош кылган терең караңгылыкта жашап жаткан. Караңгылык ишеним жаатында да, саясий, экономикалык жана коомдук, жашоонун бардык тармагында өкүм сүрүп турган. Согуштар себепсиз эле адамдарды кырып өлтүрүп, күчтүүлөр бар болуп, алсыздар жок болуп кеткен, зулумдук бардык тарапка жайылып, кулчулук эң төмөн жана жийиркеничтүү абалда болгон.

Мындай абал сөзсүз түрдө жоюлушу керек эле. Адамзатка кайрадан адамдыгын кайтарып берген, адилеттик менен ар-намысты жашоонун негизги талабына айландырган нур чыгышы керек болчу. Ушул караңгылыктын арасында жаңы жашоого вужуддун Жараткан Эгесине чыныгы кулчулукка негизделген жашоого үмүт берген нурдун шооласы көрүнүп баштады. Бул нур адамды бактылуу кылып, аны эң жогорку жана эң көркөм абалда жашаткан низомдорду алып келмек.

Бул нур кең асманды жарык кылып баштаган учур, фил жылынын рабиул-аввал айынын он экинчи күнү болду. Ошол күнү чыгыш менен батышты жарыкка бөлөгөн нур пайда болду. Бул Мухаммад ﷺ  төрөлгөн күн эле.

Бул нурдун дагы бир улуу бурулушу болду: жер менен асман байланышты. Ал ﷺ  бардык адамдар үчүн Аллахтын элчиси кылып тандалды. Ошондо ал ﷺ  бул нурдун чырагын көтөрүп, жер жүзүндөгү бардык караңгылыктарды жок кылууга багыт алды. Ал адамдарга адам акылын канааттандырган акыйда менен чыныгы ибадатты көрсөттү. Бул Аллахка гана ишенип, Ага гана сыйынып, Аны гана даңктап, Аны гана улуулоо.

Ал ﷺ Аллага ишенгендерди бузулган кулчулуктун чуңкурунан таза жана туура ыйман менен саламат ибадаттын туу чокусуна көтөрдү. Адамдарга жашоонун бардык тармактарын камтыган, табиятка шайкеш жана түбөлүк бакыт менен толук тынчтыкты камсыз кылган системаларды алып келди.

Андан соң бул нурдун толук шооласы караңгылыкты таптакыр жоготту. Дин жана түшүнүк алсыздыктан күчкө айланды. Пайгамбар ﷺ  Медина элинин күч-кубат ээлеринен нусрат талап кылгандан кийин, алар анын чакырыгына жооп кылып, нусрат беришти. Бул нусраттын натыйжасында Исламдын биринчи түзүлүшү жана улуу дүйнөлүк мамлекет пайда болду. Ошентип, Ислам жер бетинде амалий түрдө колдонулуп, анын нурун көтөргөн мамлекет адамзатка кут алып келген, каапырлык менен зулумдуктун караңгылыгын жок кылган мамлекетке айланды.

Демек, Пайгамбарыбыз ﷺ  төрөлүшү, пайгамбар болуп жиберилиши жана нусрат алышы менен улуу нурдун чыгышы жана жаркырашы, зулумдуктун жана караңгылыктын жоголушу, акыйдадагы, ибадаттагы жана мыйзам чыгаруудагы ар кандай бузукулуктардын талкаланышы болду. Бул болсо жер жүзүнө караңгылык кайра кайтып келген ар бир учур үчүн бизге жол көрсөткөн шам жана үлгү болду.

Ошондуктан бул нур биздин колубузда, ага тишибиз менен жабышып, аны көтөрүп, ар кандай зулумдукка, караңгылыкка, азгырылууга жана бурулуштарга каршы күрөш жана аракет аркылуу алгачкы тарыхый жолуна кайтарышыбыз керек. Ушул нурга жаңы нусрат пайда болуп, ал акыйкат менен адилеттүүлүктүн мамлекети менен сыйланса, жер жүзүнө кайрадан өчүп калган нурду кайтарып келет. Ошондо абалдар караңгылыктын түнөргөн тузагынан ырайымдын, тынчтыктын жана адилеттиктин нуруна айланат.

Ошентип, чындыгында эле Пайгамбарыбыз ﷺ төрөлүшү, жиберилиши жана нусрат алышы менен динди орнотуу үчүн жер жүзүн жарык кылган улуу нур болду. Ошондуктан бул нурду кайрадан жерге кайтаруу анын чырагын көтөрүп, жарыгын жайган мамлекетти, Халифалыкты кайра тикелөө шарт.

Устаз Атия Жаббарин Палестина

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button