Сириянын тышкы иштер министринин Парижде яхудий түзүмүнүн делегациясы менен жолугушуусу революциянын жүрөгүнө сайылган бычак жана андан кийинки коркунучтардын коңгуроосу

Сириянын тышкы иштер министринин Парижде яхудий түзүмүнүн делегациясы менен жолугушуусу революциянын жүрөгүнө сайылган бычак жана андан кийинки коркунучтардын коңгуроосу
Сириялык маалымат агенттиги (САНА) билдиргенине ылайык, тышкы иштер министри Асъад Шейбани 2025-жылдын 19-августу, шейшемби күнү Парижде яхудий делегациясы менен жолугуп, «аймактагы туруктуулукту чыңдоо менен байланышкан бир катар маселелерди», анын ичинде Сувейда провинциясын жана 1974-жылкы келишимди кайрадан иштетүүнү талкуулаган. Агенттик бул жолугушуу «америка ортомчулугу менен өткөнүн» баса белгиледи.
Бул жолугушууга чейин аны даярдаган түз же ортомчулар аркылуу, ачык же жашыруун, Бириккен Араб Эмираттарында, Азербайжанда жана Парижде бир катар жолугушуулар өткөн. Белгилей кетчү нерсе, Сириянын тышкы иштер министри Асъад Шейбани менен яхудийлердин стратегиялык иштер боюнча министри Рон Дермэрдин Париждеги жолугушуусу өткөөл мезгилдин башкаруусу яхудий түзүмүнүн жетекчилери менен түздөн-түз өткөргөн алгачкы расмий жолугушуу болуп саналат.
Бул кооптуу жолугушуу сириялык башкаруунун жаңы саясий багыттарын ачыкка чыгарып, Америка жана анын куралдары алардын саясаттарына, чечимдерине жана багыттарына канчалык таасир этерин ырастайт. Ошондуктан төмөнкү чындыкты эске салуу зарыл:
Биринчиден, яхудий түзүмү чыккынчылык жана кыянатчылык түзүмү, биздин жерибизди тартып алып, ыйык жайларыбызды булгап, элибизди жана бир туугандарыбызды кырып жаткан баскынчы түзүм. Анын көздөгөнү Сувейданын чек арасы менен эле токтобойт, анткени ал ачык жарыяланган кеңейүү долбооруна негизделген. Алар дагы көбүрөөк жерди жутуп, чечимди өз колуна алууну көздөшөт жана эч качан чек арада же убактылуу келишимдерде токтоп калбайт.
Экинчиден, «Сувейдага гуманитардык коридор» деген сөз ачыкка чыгып калган жалган шылтоо. Анткени бул провинцияга өткөөл өкмөттөн тонналаган жардам жетип турган. Бүгүн болуп жаткан нерсе гуманитардык иштин желе шылтоосу астында шектүү саясий жана коопсуздук максаттарын ишке ашыруунун куралы.
Үчүнчүдөн, яхудий түзүмү менен жолугушуу бул жакта турсун, байланышка чыгуу жөнүндө ой жүгүртүү чоң кылмыш жана мусулмандардын негизги маселесине кыянаттык болуп саналат. Бул болсо Шам революциясынын элине жасалган катуу сокку, анткени алар өз нааразылык жүрүштөрүндө Палестиндеги бир туугандарын колдоону ураан кылып, кылмышкер, жок болууга тийиш болгон түзүмдүн чек арасын коргогонуна каршы чыгышкан жана анын жок болуусун көрө турган күндү күтүшкөн. Ошондо алар Газага жана бүтүндөй Палестинге жардам колун сунууга жетишмек. Бул кадам бүткүл Ислам үммөтүнө каршы кылмыш, анткени үммөт яхудийлер менен узакка созулган күрөштүн ээси. Бул кооптуу чирик кадам бизге коопсуздук да, туруктуулук да алып келбейт, тескерисинче яхудийлердин кысымын жана текебердигин күчөтүп, башыбызга кырсык жана апааттарды гана алып келет.
Төртүнчүдөн, Биздин яхудийлер менен болгон күрөшүбүз тагдыр чечүүчү күрөш, бул чек ара үчүн эмес, бар болуу же жок болуу үчүн болгон күрөш. Ал жашоо менен өлүм ортосундагы чечим кабыл алууну талап кылат. Бул иште бизге Алла Таала «Исра» сүрөсүндө белгилеп койгон өкүмүнө чейин туруштук берүү зарыл. Анткени бул баскынчы кагаздай түзүлгөн кыянатчы түзүлүш менен тынчтык сүйлөшүү, жагынуу же жалган тынчтыкты сурануу пайда бербейт. Ошондой эле аны колдогон Америка же Батыштан жалдырап урмат издөөнүн кереги жок, себеби Алла Таала мындай дейт:
﴿أَيَبْتَغُونَ عِندَهُمُ الْعِزَّةَ فَإِنَّ الْعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعاً﴾
«Эмне, алар ошол каапырлардын жанынан күч-кубат издешеби?! (Убара болушат!). Анткени бардык күч-кубат Аллага таандык». (Ниса: 139).
Ошондуктан бул түзүмгө болгон үммөттүн милдети Аллах Таала тарабынан так белгиленип берилген. Ал убактылуу саясий эсептерден эмес, үммөттүн ыйманы жана туруктуу баалуулуктарынан келип чыгат. Демек, эч качан нормалдашуу долбоорлоруна же жалган келишим жолдоруна баш ийүүгө болбойт. Биздин кутулушубуз үммөттүн негиздерине бекем жабышуу, анын тагдыр чечүүчү маселелерин жан аябастан коргоо жана Америка түртүп жаткан бардык нормалдаштыруу формаларын четке кагуу менен болот.
Ошондой эле, биздин Газадагы бир туугандарыбыз америкалык куралдар менен өлтүрүлүп жаткандыгын жана Америка аларга чексиз саясий колдоо жана калкан берип жаткандыгын эстей жүрүшүбүз зарыл. Мусулмандарга каршы кылган кылмыштары аз келгенсип, эми алар биздин туруктуулугубузду жана кызыкчылыктарыбызды ойлошобу?! Алар биздин душмандарыбыз менен биргеликте бир туугандарыбызды өлтүрүп, ачка калтырып, жеринен сүрүп чыгарып жана мурда да Шам революциясын, элин өлтүрүүнү колдоп келишкен эмес беле?!
Биз Кэмп Дэвидден тартып Вади Арабага, Дамасктын жаңы башкаруусунун яхудий түзүмү менен өткөрүп жаткан жолугушууларына чейин жасалчу ар бир кылмышын акташ үчүн Худайбия келишимин далил кылып кыйкырып жүргөндөрдү эскерте кетели. Алар Худайбия келишимин туура эмес түшүнүп жатышкандыгы менен бирге, тарых унутпай сактап калган Пайгамбарыбыз ﷺдын бир окуясын билип туруп көрмөксөн болушат. Курайш каапырлары анынﷺ союздаштары болгон Хузаага кол салганда, алардын көбү али мусулман болбой турса да, Пайгамбарыбыз ﷺ аларга жардам берүү үчүн кадам таштаган. Эми кантип биз Газадагы мусулмандарды кырып, Шам жерине күн сайын кол салып, аны бомбалап, байлыктарын талкалап, элинин ичинен камакка алып суракка алган залим каапырлар менен элдеше алабыз?! Алар жөнүндө Раббибиз Субханаху ва Таала айтты:
﴿لا يُقَاتِلُونَكُمْ جَمِيعاً إِلَّا فِي قُرًى مُّحَصَّنَةٍ أَوْ مِن وَرَاءِ جُدُرٍ بَأْسُهُم بَيْنَهُمْ شَدِيدٌ تَحْسَبُهُمْ جَمِيعاً وَقُلُوبُهُمْ شَتَّى ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَّا يَعْقِلُونَ﴾
«Алар (мунаафык жана яхудийлер) биргелешкен абалдарында, силер менен жалгыз калаа-коргондуу кыштактар ичинде (бекинип) же дубалдар артында гана согуш кыла алышат, (тактап айтканда эч качан силерге каршы ачык согушка чыга алышпайт). Алар өз араларында күчтүү-кубаттуулар, (тактап айтканда, согуш-уруш болбостон туруп, өз-ара күч-кубаттуу экендиктери тууралуу апырта беришет, бирок согуш убагында алар алсыз-коркоктор. Ооздорундагы сөздөрүнөн) аларды биримдиктүү деп эсептейсиң, (бирок) жүрөктөрү (ички дүйнөсү) ар түрдүү. Буга себеп, алардын акылсыз коом экендиктери». (Хашр: 14).
Ооба, биздин ыйманыбыз бизге яхудий түзүмү менен болгон мамилебизди аныктап берген: ал биздин ыйык жерлерибизди басып алган, элибизге каршы эң жийиркеничтүү кылмыштарды кылып жаткан түзүм. Бул мамиле жихад жана бар болуу күрөшү. Үммөттүн чынчыл уулдары менен яхудийлердин ортосундагы бул салгылашуу сөзсүз келет. Демек, мусулмандардын бир карыш жерин тарттырып, моюнга алган кандай гана келишим болбосун, ага кирүүгө, яхудийлердин бийлиги менен нормалдаштырууга болбойт.
Яхудийлер менен болгон бул согуш сөзсүз болот жана андан качып кутулуу мүмкүн эмес. Ага даярдык көрбөө жана кечиктирүү, адамдардын жанын жана мүмкүнчүлүктөрүн жоготуу. Ошондуктан биз ага толук даярданууга милдеттүүбүз.
Биз чыныгы кутулууну жана бардык кайгы-муңдарыбыздын, кырсыктарыбыздын, апааттарыбыздын чечимин так түшүнүүгө тийишпиз. Бул Аллахтын жер жүзүндөгү өкүмүн тикелөө үчүн чыныгы жана ак ниеттүү иш жүргүзүү аркылуу гана болот. Мына ушунун баары Нетаньяху кайра-кайра эскертип корккон, Пайгамбарлык минхажындагы экинчи рашид Халифалык аркылуу жасалат. Ал күчтүү, кайраттуу баатырлар менен келет, алар жерлерди кыдырып кирип, Аллахтын яхудийлер жөнүндө убадасын аткарышат:
﴿فَإِذَا جَاءَ وَعْدُ الْآخِرَةِ لِيَسُوءُوا وُجُوهَكُمْ وَلِيَدْخُلُوا الْمَسْجِدَ كَمَا دَخَلُوهُ أَوَّلَ مَرَّةٍ وَلِيُتَبِّرُوا مَا عَلَوْا تَتْبِيراً﴾
«Анан, качан кийинки (бузукулуктун) убакты – сааты келгенде, жүздөрүңөрдү кара кылуулары, абалкы ирээт киргендери сыяктуу Масжид (ал-Аксага басып) кирип, (аны тебелеп тепсөөлөрү) үчүн ошондой эле ээлеп алган (бардык) жерлерди ойрон кылуулары үчүн (дагы душмандарыңарды силердин үстүңөргө жиберебиз)» (Исра: 7).
Насир Шейх Абдулхай