Сакофий

“Халифалык кантип кулатылган” китебинен суроолор

“Халифалык кантип кулатылган” китебинен суроолор

Суроо: Осмон Халифалыгы дүйнөлүк согушка кандай максат менен кирген? Россия Сайкс-Пико келишиминен кандай үлүшү алган? Мустафа Кемалдын теги жана келип чыгышы боюнча кайсы маалымат туура?

Жооп:

1. Осмон Халифалыгынын согушка кирүүсүнүн негизги максаты – өздөрү жарыя кылгандай, мамлекет жоготкон аймактарды кайра кайтаруу, айрыкча Британиядан Мисирди кайра кайтарып алуу болгон. Анткени англиялыктар башында «карыз маселеси» үчүн гана Мисирге убактылуу киргендей болушкан, бирок кийин басып алып толук көзөмөлгө алышкан. Ошондуктан осмондор үчүн согуштагы алгачкы фронт – Мисир фронту болуп калды. Алар Германиянын тарабында согушка кирүү менен айрым аймактарын кайтарып алабыз деп ойлошкон.

Бирок ошол мезгилде Осмон Халифалыгы катуу фикирий жана саясий алсыздыкта эле. Ошондуктан алар бул согуштун келечектеги кесепеттерин шаръий өкүмү жагынан да, саясий жактан да түшүнүшкөн жок. Мындан тышкары, кафирлер, айрыкча англиялыктар арабдар менен түрктөрдүн ичинен өзүнө кызмат кылуучуларды сатып алышкан эле. Натыйжада, согуш бизге белгилүү болгон аянычтуу жыйынтык берди.

2. Россиянын Сайкс–Пико келишиминен алган үлүшү формалдуу гана болгон. Анын үлүшү Англия жана Франция менен жакшы мамиле түзүү, жана бул эки мамлекет анын Осмон аймактарынан айрым жерлерди басып алуусуна көз жумду кылышат деген үмүттөнүү эле. Айрыкча, Түркиянын чыгышындагы Эрзурум (Ард Рум) аймагы жөнүндө жана Палестинадагы православ христиандарды «коргоо укугу» тууралуу кыялданган. Ошондуктан келишимдин 3-беренесинде мындай деп жазылган: «Палестина деп аталган аймакта эл аралык башкаруу түзүлөт, анын формасы Россия менен кеңешкенден кийин аныкталат…».

Бул келишим 1916-жылы түзүлгөндөн кийин, 1917-жылы Россия Эрзурум аймагын басып алган.

3. Мустафа Кемалга байланыштуу анын теги жана келип чыгышы тууралуу көп жазылган. Басымдуу пикир боюнча анын теги күмөндүү, ал «дөнмө» яхудийлериненби же башка исламга өч болгон кафирлерденби – так эмес.

Устаз Муваффак Бани Маржа өзүнүн «Ооруган адамдын ойгонушу» аттуу китебинде д-р Риза Нурдан кээ бир маалыматтарды келтирет. Риза Нур Мустафа Кемал доорунда Тышкы иштер министринин орун басары кызматын аркалаган, кийин эскерүүлөрүн жазып, аларды Франция менен Британияга тапшырган, бирок 1960-жылга чейин жарыяланбашын шарт койгон. Бул эскерүүлөр Түркияда 1968-жылы басылып чыгып, «камализмдин» жүздөгөн ачылыштарын камтыгандыктан чоң резонанс жараткан жана Түркия тарабынан конфискацияланган.

Анда мындай деп жазылган: «Мустафа Кемал Салониктеги Зубайда аттуу айымдан никесиз төрөлгөн. Ал аял бузукулугу менен таанылган жана уулунун насабын (тегин) Салониктеги бажы көзөмөлчүсү Али Риза эфендиге таандык кылган, кийин аны менен никелешкен».

Ошого карабастан Мустафа Кемал Халифалыкка жана Исламга каршы яхудийлер да, англиялыктар да, башка кафир колонизаторлор да жасабаган кылмыштарды жасаган.

01/07/2004-ж.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button